Өзбекстан менен чектешип, Баткенден 40 чакырым алыс жайгашкан шарты катаал Боз-Адыр айылында дарыгер жок. Оорукана болгону менен, врач жоктугуна байланыштуу жергиликтүү эл КРнын Өкмөтүнөн дарыгердин кызматы менен камсыз кылып берүүсүн суранган. Өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгү бул маселени жакынкы күндөрдө чечип берүүнү Боз-Адыр эли менен болгон жолугушууда маалымдады.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg