АЙЫМДАР МАЙРАМЫНА 80 МИҢ СОМ ЖУМШАЛДЫ

7-март күнү Нарын шаардык Жаштар ордосунун жыйындар залында шаардык, облустук мекеме-ишканалардын айымдары сыйланышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы билдирди.
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков, Нарын калаасынын мэри Баатырбек Жээналиев коомдук жана мамлекеттик турмуштун көч башында турган, өздөрүнүн лидерлик касиеттерин, талантын, шыгын татыктуу көрсөтүп, азыркы учкул заманда бизнесте жана коомдук турмушта ишмердүүлүктөрү менен мактоого татыктуу айымдарды куттукташты.
Эмгектин алдыңкыларына облустун жана шаардын Ардак грамоталары тапшырылды. Шаардын 280 айымына белектер тапшырылып, жалпы Аялдардын эл аралык майрамына карата жергиликтүү бюджеттен 80 000 сом акча каражаты жумшалган.
Майрамдык иш-чаранын жүрү­шү чоң программадагы концерттик номерлер менен коштолду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Looks
2013-03-18 23:40:43
Жанагы кутурган атты эмне кылдынар.хе-хе.
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан