КЫШЫНДА ПОМИДОР ӨСТҮРГӨН БАГБАН

Кыштын күнү кыпкызыл помидор менен кыртылдаган бадыраңды корооңуздан үзүп жегиңиз келеби? Анда төмөнкү макаланы окуп чыгып, сиз да бүгүнтөн баштап ишке киришиңиз. Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын тургуну Моңолбек Султанбаев күнөскана куруп, кыш чилдеде өлкөнүн суук аймагында помидор, бадыраң өстүрүп, айылдаштарын таң калтырды.

Күнүмдүк керектелүүчү дан эгиндерин, картошка, сарымсак, сабиз, кызылча гана айдап, «башкасы өспөйт, өссө да бышпайт» деген стереотипти Моңолбек Султанбаев жайдын күнү эмес, кыштын күнү четке какты. Күнөскананы көрүп келмекке аталган айылга сапар тарттык. Биз барганда Моңолбек мырза жалаң бадыраңдын көчөттөрүн даярдап, ар бирин кичинекей чөйчөктөргө отургузуп койгон экен. Күнөскананы куруудан тарта жашылча өстүрүүнүн жолун баяндап берүүсүн сурандык.

– Азыр жерди эс алдырып, топуракты экинчи түшүмгө даярдап койдум, 2-3 күндөн кийин бадыраңдын көчөттөрүн отургуза баштайм. Бул экинчи кайтарым. Биринчисинде өйдө жагына бадыраңдын көчөтүн, ал эми жарымына помидор отургузгам. Жакшы эле көтөрүлүп калган, анан Жаңы жылга чукул бадыраңдар соолуп калды. Көрсө, бир күнөсканада эки өсүмдүктү өстүрүүгө болбойт экен. Анан помидорду эле багып калдым. Бадыраңдан айырмаланып, помидордун күнөсканага ылайыкталган сорту болот экен.
Алгач биз көп нерсени билбестик кылган экенбиз. «Көч бара-бара түзөлөт» дегендей, эми улам жаңы ыкмасын үйрөнүп, ыгын таап келе жатам. Биринчи ирет айдаганда помидорлор бийиктеп эле кете берди, бирок мөмө байлабайт. Арасын киши аралай албагыдай калыңдап да кеткен. Бир күнү адистер кыркып коюуну сунушташты. Ашыкча сабактарын алып салгандан кийин мөмө байлап баштады. Бир түптөн 10 килограммдай түшүм алууга мүмкүн.
Евросоюз көтөргөн демилгени Ага-Хан фонду каржылап, «Акөк» ишкерлер уюмунун адистери бизди окутуп, үйрөтүү иштерин жүргүзүштү. Биздин айылдан 35 кишини окутушту. Андан соң кимдир бирөөгө күнөскананы курганга жана иштеткенге бериш керек экен. Айыл өкмөтү мени көрсөтүптүр. Себеби жайкысын помидор, бадыраң айдап, айыл ичине, Нарынга алып барып сатып, өзүбүз да тамак-ашка колдонуп жүрчүбүз.
2012-жылдын август айында курулуш иштерин баштап, октябрда аяктап, жашылча-жемиштерди отургуздук. Түшүм берчү аянты 72 чарчы метр болсо, калганы киши баскан жана суу челектерди коюучу жерлер.
Алгач жалаң таштан узуну 18 метрлик, калыңдыгы 60 сантиметр дубал куруп, күнгөй бетин жантык кылып жыгач түркүктөрдү орноттук. Жыгачтын бетине клеёнка жаап, анын сыртынан суук өткөрбөй турган атайын жууркандарды жаптык. Күндүз ал жабууну алып коёбуз. Ал эми ичи электр энергиясы менен жылыйт. Ичинде абанын температурасын өлчөөчү градусник жылуулукту көзөмөлдөп турат. Кыскасы, балага кам көргөндөй бапестеп баштап алса, калганы ыгы менен кете берчүдөй. Бул жакшы нерсе экен. Эл деле үйрөнүп, айыл-айылга жайылтып алса боло турган. Экинчи түшүмдү мол алсам, аянтын чоңойтоюн деген оюм бар.
Балдар чоңоюп, окуп кетишкен. Жубайымдын жардамы менен жаап, жылуулап, жашылча-жемиштерди отургузуп, ишибизди улантып жатабыз.
Жылуу күнөскананын ичин курт-кумурска жайында жүргөндөй байырлап калышкан. Ал тургай кур бакалар жай чилдедегидей чардап жүрүшкөнүн көрүп таң калдым. Моңолбек мырза «булар биздин менчик бакалар» деп күлдүрдү.
Багбандын жубайы Бүбүайым Молдалиева мектепте мугалим болуп иштейт. «Колум бошогондо жардам бере коюп турам. Эл кызыгып, көрүп кетет, кеп-кеңеш сурайт. Өткөндө «алыскы Алайдан келдик, силердин күнөскананы угуп» деп атайын жол тартып келишиптир. Көрсөтүп, түшүмүбүздөн ооз тийгизип узаттык. Азыр Нарында помидордун килограммы 200 сомдон өйдө. Бадыраңдын бир даанасын 60 сомго сатып алууга болот. Биздикин айыл ичинде эле Жаңы жылда 180-200 сомдон калтырбай алып кетишти. Бадыраңдын түшүмүн май айларында алып калабыз. Андан соң жазгы айдап-себүү башталса, огородго жашылча-жемиштерди айдап, күнөскананын кыртышын жайлата эс алдырып, желдетебиз. Үйрөнүп, эмгек кылам дегендер болсо, ар дайым эшигибиз ачык»,- деп жолдошу менен узатып калды.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mahachina1981
2013-03-20 15:23:09
Азамат киши экен!
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан