САТЫЛГАН БАЛА БАКЧАНЫН СЫРЫ ЖАНА ЧЫРЫ

Союз кулагандан кийин көп­тө­гөн бала бакчалар менчикке өтүп кеткен. Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында мурунку бала бакчанын имаратын сатып алып, үй кылып жашап жаткандар кайрадан ал үйдү бошотконго мажбур. Иштин чоо-жайын билүүнү көздөп, аталган айылга сапар тарттык.

Окуяны укканымда 16 жылдан кийин ойгонгон адамдарга таң калдым. Бул жылдар ичинде оңдоп-түзөп алган үйүнөн чыгып кетүү кимге жаксын? Абалын кимге айтып, кимден жардам сурарын билбей турган айыл тургундары биринен-бири өтүп окуяны баяндап беришти. Айылдын жашоочусу САЛАМАТ АБДРАХМАНОВ кепти минтип баштады:

16 ЖЫЛДАН КИЙИН ОЙГОНГОН ПРОКУРАТУРА
– Биздин айылдагы бала бакча 1983-жылы салынып, 1985-жылга чейин иштеди. Андан кийин бир канча убакыт иштебей бош турду. 1997-жылы айылда дыйкан чарба болуп бөлүнгөндө мурунку бала бакчалар сатылат экен дегенди уктук. Анда бул имараттын дубалдары эле калган. Даараткана сыяктуу колдонулуп баштаганына бардык айыл тургундары күбө. Кароосуз калгандыктан эшик-терезелерин, полун дагы сууруп кетишкен эле. «Бала бакча таланып кеткенче сатылсын» деп айылдык дыйкан чарба башчылары макулдугун беришкен.
Атайын комиссия келип, бул бала бакчанын беш корпусун, от жага турган жайы менен кошо 120 миң сомго, биздин үч бөлмөлүү үйдү 10 миң сомго баалашкан. Ошол учурда Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин астындагы Жер жана агрардык реформа борборуна акчабызды санап берип, сатып алганбыз. Менчикке чыгаргандан кийин оңдоп-түзөп, жанына дүкөн дагы салганбыз. Бирок 2-3 айдан бери прокуратурага чакырып, «үйдү бошоткула, бул бала бакчалар сатылбаш керек болчу» деп жатышат. Сатылат дешти, сатып алдык, ошондо эле сатылбайт дешсе, сатып албайт элек да.
Бул жерде беш үй-бүлө жашап жатабыз. Бул үйлөрдү оңдоого канча убактыбыз кетти. «Кайра салып аласыңар» деп күйгүзүшүүдө. Биз үйдү сатып алгандан бери 16 жыл өттү. Ошондон бери үн катпаган прокуратура азыр карап жатканы өкүнүчтүү.

Чындыгында иш кандай болгон? Эмне үчүн 16 жылдан кийин бала бакча кайрадан мамлекетке кайтарылсын деген чечим чыкты? Суроолорго жооп алуу үчүн Ак-Суу райондук прокуратурасынын тергөөчүсү ТЕМИРБЕК МУСАЕВ мырзага жолуктук:

«БАЛА БАКЧАНЫ САТЫП АЛГАНДАРГА АЙЫЛ ӨКМӨТ ЖАРДАМ БЕРИШИ КЕРЕК»
– 1997-жылы Ак-Булуң айыл өкмөтү мурунку бала бакчанын эки корпусун, бир от жага турган жайын өзүнүн токтому менен сатылсын деп чечим чыгарган. Анын негизинде бала бакчага тиешелүү жерлер жеке менчикке берилип кеткен. 2009-жылы 10-мартта Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Анда мамлекетке тиешелүү мекеме кайра мамлекетке өтсүн делген. Тергөө жүргүзүлүп, бирок иш жабылып калган. Кийин бизге Башкы прокуратура тарабынан кайра ошол ишти кароого буйрук келген. Учурда тергөө иштерин жүргүздүм. Ошол маалда иштеген эки айыл өкмөткө, Ак-Суу райондук жер жана агрардык реформа борборунун башкармалыгынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү менен (кызмат абалынан пайдалануу) айып тагылды. Сотто алардын күнөөлөрү далилденди, кылган иши үчүн 30 миң сомдон
50 миң сомго чейин айып төлөй турган болушту.
Бала бакчаны айыл өкмөткө өт­кө­рүп берүү маселеси боюнча биз доо-арыз жазганбыз. Ал доо-арыз канааттандырылып, бир бала бакчаны айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берүү маселеси чечилди. Имараттарды сатып алгандарга айыл өкмөт колдон келишинче каражат бөлүп, жардам берүүсү керек. Айыл өкмөттөрү жер бөлүп беребиз деп жатышат.

Үйүнөн чыгып кала турган тургундарга айыл өкмөтү кандай жардам берет болду экен деп Ак-Булуң айылынын айыл өкмөтү ТАЛАПКЕР ЖАКЫПОВ мырзага жолуктук:

– Айыл өкмөтү болуп шайланганыма аз гана убакыт болду. Бул бала бакчалар 1980-жылдары салынган. Ал эми 2011-жылы айыл жергесиндеги бала бакчалар кайрадан уюштурулсун деген токтом чыгып, анын негизинде бул ишти сот териштирип жатат. Биздин бюджетте төрт үй-бүлөгө үй салып берүүгө, аларды багууга шартыбыз жок. Чынында, бул үй-бүлөлөрдүн кийинки жашоосу кыйын болчудай. Эми бардыгын сот чечет.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
ruslan_92kg
2013-03-18 22:07:59
Да нуу андан аларга кайра уй салып беруусу керек акчасын алып жеп алып анан кочого айдап салбай
0
bekzat.4496
2013-03-19 04:47:13
жегилечи дагы жегиле кыргызыстандын акыр сону емне болот екен
0
abu_kg
2013-03-20 09:56:48
ООО соттор, бийлик органдары эс үчүн иштебесеңеранда эмнеге иштеп жүрөсүнөр, алар эмне эми көчөдө калышабы? Кыргыз элим улуулугуң кайда калды, калыстар кайда?
0
bravoo
2013-03-21 01:22:42
Бала бакчаны саткандар кайда журот ошолорду кармабайбы,бул жерде дагы деле карапайым калкты кыйнашат, эх чондор бир садикти сала албайсынар мектеп имаратарды умут кылбай еле койуш керек екен анда пазор кошуна олколор укса аман еле болгула.
0
ROUSE
2013-03-21 21:13:29
кайтарып алып иштетишебии, же бир эки ай иштемиш болуп жабылып анан сатылабыыы?
0
jonokoi_myrza
2013-03-22 18:02:46
Азыркы учурда уй салуу оной эмес да.Убагында документтерин тактап, анан сатып алыш керек болчу.Эми кайра кымбатчылыкта кантип салышаар экен, же бала-чакасы менен эшикке чыгып калышабы?кыйын маселе экен...
0
elka88
2013-03-25 18:16:08
ушунча ызы чуу кылбай еле ,ошол уй булолорго уй салып берунун ордуна оздору еле бала бакчасън сала бербейби кол.н келсе.карапайым калкты кыйнабай.!
0
asemiteeva
2013-10-01 15:38:52
Садикти сатып алган уй булолорго уй салбай эле,жаны чекке заманбап садик салыш керек.Ал байкуштардын акчасын жеп алып анан кочого айдап салбай.
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан