ЖАРЫКТЫН ЖАРЫМ ТЫЙЫНГА ДА КЫМБАТТООГО АКЫСЫ ЖОК

ШИРШОВДУН КӨЛӨКӨСҮ ДАЛЕ ЖҮРӨТ...
8-март күнү болуп өткөн Коргоо кеңешинин жыйынынын көңүл чордонун энергетика тармагы ээледи. Президент Алмазбек Атамбаев Энергетика жана өнөр жай министрлигине, кыскасын айтканда, «энергетикада мурункудай эле ширшовдук схема иштеп жатат» деген баа берди. Мамлекет башчы коррупциялык иштерден тышкары бул тармактагы кадрдык көйгөйлөргө токтолду. Кышындагы энергетикалык каатчылыкта ордун сактап калган Автандил Калмамбетов мындай абалда бара берсе, министрлигинен кол жууй турганы анык болуп калды.
Айтмакчы, апрель айынан жарыктын баасы кымбаттайт деп жатышкан. Ансыз да туш тарапта тыйылбай жаткан митингдердин айынанбы, кыскасы, премьер Жантөрө Сатыбалдиев быйыл өкмөт электр энергиянын тарифин жогорулатууну карабай тургандыгын айтты. А чынында, жүйөлүү себеби мында...
Эсеп палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова: «Электр энергияны бөлүштүрүүчү компаниялар техникалык жоготуу деп коюп, анын ичинде коммерциялык кирешесин жашырат. Антпесе, бул тармактын түшкөн кирешеси жогору, мындайда тарифти жогорулатуу – акылга сыйбагандык»,- деди. Буга президент да кошулат. Алмазбек Атамбаевдин айтымында, «Түндүк электр» «Электр станцияларынан» электр энергияны 18,5 тыйындан сатып алып, транзит үчүн 14,5 тыйын төлөп, элге 70 тыйындан сатат. «Эгерде сатыктан түшкөн рентабелдүүлүктү эсептесек, 112 пайызды түзөт. Энергетиктер же бул цифраны четке каксын, же ал жакта ширшовдук схема дале иштеп жатканын мойнуна алышсын. Бул тармактагы уурулук көнүмүш адатка айланды, аны бул системде көп жылдар бою иштеп келгендер өзгөртө албайт»,- деп кесе айтты.
Жыйында Эсеп палатасы 2012-жыл боюнча отчёт берип, анда рационалдуу пайдаланылбаган 1,27 миллиард сомдук мамлекеттик каражатты аныктап чыгышканын билдирди. Палата укук коргоо органдарына 266 иш өткөрүп бергенин маалымдады.

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ 10 ЖЫЛДЫ «АЗ» ДЕДИ
Акыйкатчы Турсунбек Акун УКМКнын тер­гөө изоляторунда отурган үч «ата журтчунун» арыз-дартын угуп чыкты. Турсунбек мырзанын айтымында, Камчыбек Ташиев бийликти зордук менен басып алуу боюнча 12ден 20 жылга чейин жаза каралганын эске алып, мамлекеттик айыптоочунун эмне үчүн аны 10 жылга гана эркинен ажыратууну суранганын түшүнбөй жатканын билдириптир.
Бул аралыкта 24-мартта Жалал-Абад шаарында, уюштуруучулардын айтымында,
10 миң адамдын катышуусу менен курултай өтөрү күтүлүүдө. Аны «Эл үнү» кыймылы уюштуруп жатканы менен, саясий партиялар, коомдук уюмдар жана абактагы депутаттарды колдоо комитети колдоого алууда.
Кыймылдын лидери Азимбек Бекназаровдун айтымында, эки ыңкылаптын жыйынтыгы чыгарылып, элге угузулат. Бул багытта Азимбек Бекназаров өзү, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Жылдыз Жолдошова сөз сүйлөшмөкчү. Бекназаровдун, макул, айтар сөзү бар чыгар, акыркы үчөөнүн эки ыңкылап боюнча эмне айтары түшүнүксүз. 24-март менен 7-апрелде алардын кайда жүргөнү белгисиз. Курултайга Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү, Жээнбеков жетектеген парламент депутаттары, мурунку өлкө башчы Роза Отунбаева да чакырылыптыр.
Курултайда буга чейин айтылып келген «Кумтөрдү» элге кайтарып алуу, абактагы депутаттарды бошотуу талабы коюлат.
Митинг учурунда 160 милиция кызматкери тартипти сактоого көзөмөл салат. Андан сырткары 150 элдик ыктыярчы да тартипти сактоого кол кабыш кылмакчы. Иш-чараны уюштуруучулар азырынча акция өткөрүү тууралуу расмий уруксат сурап облустук акимчиликке кайрылыша элек.

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ:«ШОВИНИСТТЕРДИ ЭЭРЧИБЕЙЛИ...»
«Бирөөлөргө жагабы же жокпу, бирок мамлекеттик тилди өнүктүрүү керек. Көздү чоң ачалы, шовинисттерди ээрчибейли. Мен кыргыз тилин тез арада үйрөнүп, билбесе, айып пул салалы деген жокмун. Бирок мамлекеттик тилди билбегендик, бул – уят. Эгерде эне тилге ушундай орой жана тоотпостук менен мамиле жасалса, анда өлкөдө кайдагы туруктуулук болмок эле?!»- деди президент.
Парламенттин чечими менен мамлекет башчы тарабынан кол коюлган мыйзам чет жердеги жана жергиликтүү басылмалардын чоң сынына жана каралоосуна кабылган болчу. «Чымындан пил жасоону токтотуу керек. Мен немис жана англис тилдерин үйрөнүп жатам, бирок мамлекеттик тилди үйрөнүү үчүн шарттар аларга караганда кыйла начар»,- деди Алмазбек мырза.

АЙДАР АКАЕВ «БИТЕЛДИ» ИТ АРЗАНГА САТКАНБЫ?
Орусиялык «МТС» ком­паниясы «Би­тел» уюлдук опе­раторун сатып алуу боюнча чубалгысын чубап чыкты. 2005-жылы 24-март окуясында «Бител» казакстандык ишкер Искандер Еримбетовго шашылыш түрдө 40 миллион долларга сатылган. Ишкердин айтымында, ал уюлдук операторун ошол учурдагы кожоюндары Айдар Акаев менен Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурбек Турдукуловдон сатып алган. Көп өтпөй И.Еримбетов «Бителди» «МТС» компаниясына 320 миллион долларга саткан.
Казакстандык ишкер: «Айдар менден келишимдин чыныгы баасын көрсөтпөөнү суранган, анткени кыргыз бийлиги ошол учурда анын банктык эсептерин бүт дүйнөдөн издеттирип жаткан болчу»,- деп айткан. Ошондой эле Еримбетов документ боюнча «Бителди» арзан сатып алганы менен, кийин Айдар Акаевдин жер тилкелерин кымбат сатып алуу менен төлөмдү толуктаган. Орусиялык аналитиктердин баасы боюнча, 2005-жылы оператор 150-200 миллион доллардын тегерегинде бааланган.
Максим Бакиев ээлик кылган делген «Мегакомдун» ызы-чуусу аяктабай жатканда, минтип Айдар Акаевдин кулагы азыркы «Билайн», мурунку «Бителден» көрүндү. Аталары өздөрүн сүттөй ак көрсөтүү аракетинде болгону менен, уулдарынын өлкөдөгү эң кирешелүү компанияларга кожоюндук кылгандыгы Кыргызстанда эле эмес, чет жерлерде да ашкереленип отурат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aiza11.3
2013-03-25 15:00:52
барда бардай жокто жоктой жашап журо бергиле
0
Taalaibek.
2013-03-25 18:52:39
Камчыбек Ташиевке 12 жылдан 20 жылга чейин жаза каралса сот аны ишке ашырсын да. Эгерде ашырбаса чиновниктер дагы эле оз билгенин калчаша берет. Ошондуктан тартип темирдей болгону жакшы. Кандай жаша берсе ошондой жаза алсын.
0
dimka
2013-03-25 19:38:44
Бирин Айгыр бирин Бээ бириндин этин бирин жэээ Тытышып биринин артын бири чукуп журо бергиле
0
glamour
2013-03-26 00:44:33
eger mamlekettık tıldı çındap önyktyrsön,orus tılınen latınga keçırsen çınıgı erkeksın urmattuu prezıdentıbız...mersı
0
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан