Бишкекте ИИМдин академиясынын жетекчиси Алмаз Базарбаев 14-апрелге чейин №1-СИЗОго камакка алынды. Биринчи Май райондук соту ушундай чечим чыгарганын УКМК маалымдайт. Айта кетсек, 13-мартта аталган академиянын башчысынын орун басары Рахматилло Амираев 100 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Бул иш боюнча академиянын жетекчисине да айып тагылууда. Тергөө иштери улантылып жатат.
Ички иштер министри Абдулда Суранчиев Бишкек шаарынын ИИББинин өздүк курамы менен жолугушуп, аталган академияны реформалоо керектигин белгиледи.
Маалыматтарга караганда, ИИМдин академиясынын учурда абакта жаткан жетекчисинин ордуна жакында министрдин орун басарлык кызматынан бошотулган Бакыт Алымбековдун кандидатурасы каралып жатыптыр.