Өкмөт Талас облусунда жайгашкан «Жер-Үй» алтын кени боюнча сынактын шарттарын бекитти. Ал жакынкы күндөрдө расмий маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет. Сынактын негизги шарттарынын бири – инвестор 300 миллион доллар төлөш керек.
Алгач жарыя берилгенден кийин бир ай күтүлөт. Мындан ары топтолгон документтерди комиссия текшерип чыгат. Андан кийин бизнес долбоорго жыйырма күн убакыт берилет.
Сынактын шартында алтын ылгоочу фабрика куруунун, экологиялык талаптар сакталган долбоорду түзүүнүн так мөөнөттөрү көрсөтүлгөн. Ал мөөнөттөр сакталбаса, инвестор айып пул төлөй баштайт. Сынактын шарты марттын соңунда жарыяланса, анда май айында тендерден кайсы компания жеңгени айкын болуп калат.
иликтөөлөр боюнча, «Жер-Үйдө» 80 тонна алтын бар, аны 4 миллиард долларга баалап жатышат.