КУРГАК УЧУКТАН 4 БАЛА КАЗА БОЛДУ...

  • 2012-жылы өлкөдө биринчи жолу өспүрүмдөрдүн кургак учуктан көз жумуу фактысы катталып, бир жылдын ичинде бул оорудан 4 ӨСПҮРҮМ каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
  • Иса Өмүркулов Бишкектин вице-мэри ВяЧЕСЛАВ КРАСИЕНКО баш болгон үч жетекчини ээлеген кызматтарынан бошотту.
  • 20-мартта бошотулмакчы болгон САНЖАРБЕК БАКИЕВГЕ мунапыс жоюлуп, абакта калтырылды.
  • Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыркы жылы өлкөдө чакан жана орто ишкердүүлүк менен 384 МИҢ ЖАРАН алектенери белгилүү болду.
  • Ошто Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери ЭЛ АРАЛЫК ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАРАНГА 2011-жылы паспорт даярдап беришкендигин ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
  • Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл мектеп окуучулары арасындагы республикалык ОЛИМПИАДА 23-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинде башталат.
  • Өлкөдө Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повести азиздер үчүн атайын БРАЙЛЬ шрифтинде даярдалууда.
  • «2013-жылдын башынан бери Бишкекте мыйзамсыз курулган 18 ИМАРАТ бузулду»,- деп Бишкек мэриясына караштуу Жеке үй куруу департаментинен билдиришти.
  • 20-мартта Ак үйдүн чатырында 7-АПРЕЛЬ ОКУЯСЫНА байланыштуу соттун көчмө жыйыны өтүп, анда чатырдан жердеги адамдарга ок атуу мүмкүндүгү текшерилди.
  • Былтыр жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 4593 АБИТУРИЕНТ ЖОЖдорго бюджеттик негизде окууга өткөн.
  • Бишкек шаарындагы 5 жашка чейинки балдардын саны учурда 261 МИҢ 662. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
best-life
2013-03-27 21:47:48
Эээ КМШдагы мамлекеттердин арасындагы туберкулез боюнча лидирующий мамлекет да биздин олко анан да угушума караганда ошол ооруга каршы бекер дарыларды жанагы ыйманын жеген врачтар сатып жан талашышат. А ошол бекер берилчу дарыны саткан врачтан сатып ала турган бар сатып алалбай колунда жок жакырлар бар дегендей айтор башаламан мамлекет.
0
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан