Белгилүү саясат таануучулар, коомдук ишмерлер оппозициянын жаздагы саясий акцияларын Бакиевдер каржылашы ыктымалдыгын билдирип келишет. Мындай кептер иш жүзүндө далилдене баштады…
Бакиевдер бул жактагы жакын адамдарынын көмөгү менен жазында чабуул жасаарын алгач «Ата Мекендин» төрагасы Өмүрбек Текебаев жар салган. «… Бакиев үчүн өлөм, аны кайра алып келем» деген адамдар чыгууда. Алар Ак үйдү басып алып, бийликти алмаштырабыз деп коркутушат. Мына, жазында дагы ошолор бийликти басып алабыз деп турушат. Биз революцияны реставрация кылып, эски заманды алып келебиз дегендерге сокку урушубуз керек. Сиздердей татыктуу уулдар, патриот адамдар турганда реваншизмге, эски Бакиев режиминин кайтып келишине жол жок!»- деген эле13-февралда Ак үйдүн астында өткөн митингде.
Мындан көп өтпөй президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү боюнча сот экс-президент Курманбек Бакиевди 24 жылга, анын иниси Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан чечим кабыл алды. Бул өкүмдөн кийин Бакиевдер көздөй кишилери аркылуу массалык нааразылык акцияларын уюштуруп, керек болсо төңкөрүш жасоого түртөрүн эркин эксперттер билдиришүүдө. Мисалы, саясат таануучу Марс Сариев: «Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу сот ага-ини Бакиевдердин бирин 24 жылга, бирин өмүр бою эркинен ажыратты. Эми алар Кыргызстандагы абалды олку-солку кылууга, албетте, аракет кылышат»,- десе, дагы бир саясат таануучу Табылды Акеров: «Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши Бакиевдердин кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар экендигин, жадакалса өздөрү дагы өтө чоң кылмыш жасагандыгын айгинеледи. Андыктан булар эми ар кандай кадамдарга барышы мүмкүн. Азыр Жогорку Кеңеш аркылуу КМШ жана Европа мамлекеттеринин парламенттерине Бакиевдерди кайтарып берүү боюнча кайрылуулар болуп жатат. Кыргызстан БУУнун трибунасында туруп дагы Бакиевдерди кайтаруу боюнча маселе көтөрүшү мүмкүн. Ошондо бүтүндөй дүйнө жүзү Бакиевдердин кандай адамдар экендигин билет. Бүгүнкү бийликтин ушундай кадамдарга бара тургандыгын Бакиевдер да билип турат. Алар өздөрүнүн адамдарын бийликке алып келип, соттун чечимин кайра реабилитация кылуу максатында бийликке каршы саясатчыларды чоң көлөмдөгү акчалар менен каржылашы толук мүмкүн»,- деп баса белгилеген.
Эксперттердин жогорудагыдай кебинде чындык бар экендигине «Кыргызстанды сактоо үчүн» кыймылынын төрагасы Мукар Чолпонбаевдин 13-мартта өткөргөн митингинде күбө болдук. Гезиттерге ошол митинг жүрүп жаткан күнү Эркиндик бульварында мурдагы аскер прокурору Марат Кошоев үч киши менен сүйлөшүп отурганы сүрөтү менен жарыяланды. «Былтыр 17-августта экс-президенттин иниси Жаныш Бакиевди эки кишинин коштоосунда Минскиде жүргөнүн беларустук журналист сүрөткө тартып алып, интернетке жайылтып жиберген эле. Ошол сүрөттөгү Болот Кошоев береги сүрөттөгү Марат Кошоевдин жанында турган кишиге коёндой окшош экен. Митинг жүрүп жатканда ал телефон менен байма-бай сүйлөшүп жатты. Кимдерге чалып, эмнени айтып жатты экен? Мына ушул сүрөттү карап отуруп, «Бакиевдер реванш алууга бардык күчүн жумшайт, ал үчүн бул жактагы адамдарын пайдаланышат» таризиндеги пикирлерди эстедик…» деп жазып чыкты «Жаңы Агым».
Б.Кошоев 2007-2010-жылдары «Кыргызнефтегаз» ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы, ал эми 2011-жылы «25-кадр» ЖАКсынын директорлор кеңешинин төрагалыгын аркалаганы КТРК аркылуу айтылды.
Мукар Чолпонбаевден кийин парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу талабын койгон митингдерди өткөрмөкчүмүн деп жулунган генерал Мирослав Ниязов оюнан кайтты. Анын ордуна айрым журналисттер тамашалап жазгандай, революциянын арты менен капчыгын кампайтканга маш болгон Азимбек Бекназаров 24-мартта Жалал-Абад облусунда үлкөн курултай өткөрөрүн билдирди. Анда абакта жаткан 3 депутатты бошотуу, «Кумтөрдү» улутташтыруу сыяктуу талаптар коюлат экен. Дал ушул курултайга байланыштуу
Сacompro.blogspot.com сайты сенсациялуу макала басты. Анда 24-марттагы акцияга «ата журтчу» Ахматбек Келдибеков, Бакиев доорундагы Эсептөө палатасынын төрагасы Искендербек Гайипкулов, кадимки Үсөн Сыдыков, Бакиевдер демөөрчүлүк кыларын, кимге канча каражат бөлүнгөнү тизмеси менен кошо белгилениптир. Аталган сайт ошондой эле Бакиевдер эми Бекназаровду колдоно баштаганын жашырган эмес. «И нет уверенности, что финансы Бакиева не используют и для поддержки митингов бывших членов Временного правительства, в частности Бекназарова. Возможно, и не ставя в известность, играя на обидах и амбициях. В любом случае, это последний рывок Бакиевых, ввергнуть страну в хаос, сделать власть недееспособной, показать её беспомощной, а если получится, свергнуть» деп жазылат макалада.
«Азимбек Анаркулович 24-мартта курултай өткөрөт экен» дегенден бери аттуу-баштуу инсандар кайчы пикирин билдире башташты. Мисалы, экс-депутат, коомдук ишмер Эргеш Төрөбаев бул А.Бекназаров менен Ү.Сыдыковдун кезектеги шоусу, бизнеси экенин айтат: «Менин оюмча, бул курултайга жалал-абаддыктар деле чогулуп келбейт. Бул жөн гана Азимбек Бекназаров менен Yсөн Сыдыковдун шоусу, башкача айтканда, бизнеси. Y.Сыдыков Бакиевдин убагында президенттик аппаратты жетектеп турганда аялдардан турган митингчи командаларды түзгөнүн билесиңер. Кийин аны ОБОН деп «тергеп» жүрүштү. Ошол аялдардын командасынын иши бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Бул эң жаман үлгү болуп калган. Албетте, Бакиевдер реванш алабыз деп аракет кылышы мүмкүн. Бирок аларды калың эл колдобойт».
Гезит басууга даярдалып жаткан учурда Азимбек мырза апрелде борбор калаада жана Ошто «Бир мамлекет – бир тагдыр» аталыштагы курултай өткөрүүнү пландап жатканын, иш-чараны уюштурууга кеминде 300-400 миң доллардын тегерегинде каражат жумшаларын уктук. Бекназаровдун бул курултайы туурасында гезитибиздин кийинки сандарында маалымат беребиз…
Ибрагим Жусуев