«СЫЛА.ҮЙГӨ КАЙТУУ»

Бүгүнкү күндө Түркия 20дан ашуун өлкөгө сериалдарын сатат. Сатылган тасмалар жылына 60 миллион доллардан ашык киреше алып келет. Мына ошолордун катарын «Сыла. Үйгө кайтуу»тасмасы да толуктайт. Бул телесериалды артынан сая түшүп көргөндөр диск сатуучулардын да соодасын жүргүзүп жаткандай. Дегеним, сатуучулар күн сайын тасманын жаңы сериясын кошуп сатышууда. Элдин бүйүрүн мынчалык кызыткан тасма эмне жөнүндө, сөз кылалы.

Тарткан өлкө Түркия
Продюсери – Алекс Роза, Ясин Себя
Сценарийин жазган – Мухаррам Бухаре
Режиссёру – Гүл Огуз
Жанры – Драма
Башкы ролдордо – Жансу Дере, Мехмет Акиф Алакурт, Деврим Салтоглу, Зейнеп Эронат, Тайанч Айайдын жана башкалар
Тартылган жылы – 2006-2008-жылдар
Сериясы – 158

БАШ КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ
Жансу Дере (Сыла) 1980-жылы 24-октябрда Анкара шаарында туулган. Кесиби археолог болгонуна карабай, Жансу Түркиянын кино жана мода тармагына салым кошуп келет. Анын киного аралашуусу 2004-жылдан башталат. Актриса «Ачуу сүйүү», «Эзел», «Даңазалуу кылым» сыяктуу 10дон ашык тасмада роль жараткан. Көптөгөн сериалдарга тартылганы менен, ийгиликтин жылмаюусуна 2006-жылы «Сыла» телесериалындагы башкы каармандын ролун жараткандан кийин ээ болгон. Ал бул тууралуу «Кудайга миң мертебе рахмат, мага ушундай ролду туш кылганына. Сыланын ролу аркылуу дүйнөгө таанылдым. Канчалаган эл менен баарлаштым, ар кандай кечелерге чакырылдым. Эң негизгиси, аялдардын жана балдардын укугун коргодум» деп сыймыктануу менен айтып келет.

Мехмет Акиф Алакурт (Боран) – 1979-жылы 27-июлда Стамбул калаасында жашаган аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Дүйнө эли аны актёр гана эмес, модель катары да жакшы тааныйт. 1998-жылы мода дүйнөсүнө багыт алган Мехмет эки ирет «Түркиянын ханзаадасы», «Түркиянын жана дүйнөнүн мыкты модели» наамдарын алганга жетишкен. Анын киного болгон кадамы 2002-жылдан башталат. Алардын арасынан «Сыла» жана «Аданали» телесериалдары актёрго баш айланткан атактуулукту тартуулаган.

КАНГА КАН
Бул сериалда Түркиянын Мардин аймагындагы жергиликтүү элдин салты чагылдырылган. Мардин – араб-түрк стилинде таштан салынган шаар. Дубалдары бийик-бийик болгон үйлөр, лабиринт сыяктуу баш айланткан тар көчөлөр... Тасмадагы окуялардын башы дал ушул жерде төрөлүп-өскөн 3 жаштагы Сыла аттуу кыздын тагдырынан башталат. Ошол кезде шаарды каптаган эпидемия Сыланын үй-бүлөсүнө да жетип, агасы Азад ооруга чалдыгат. Ата-эне уулун сактап калуу үчүн кызын стамбулдук ишкерге сатууга аргасыз болот. Албетте, Сыла жаңы үй-бүлөдө эч нерседен кем болбой, бактылуу кыз болуп чоңоёт. Бирок кайгынын баары агасы Азаддын Мардин шаарынын башчысы Боран төрөнүн карындашы Наринди сүйүп калуусунан башталат. Азад менен Нарин качууга аракеттенишип, бирок башчыга кармалып калышат. Кармалган эки жашты булардын салты боюнча өлтүрүү же болбосо жигиттин бир тууганынын бири кыз тарапка турмушка чыгуусу керек болчу. Салттан кача албаган Азад 12 жаштагы карындашы Дилянды Боранга бермекчи болуп, эки тарап макулдашышат. Бирок ошол маалда Азаддын эсине бир кезде бай ишкерге сатылган карындашы Сыла түшүп, ар кандай амалдар менен атасы экөө Сыланы үйгө алып келишет.
Сыланын Стамбулда сүйгөн жигити бар экенине карабай, ата-эне күч менен Боранга күйөөгө беришет. Албетте, бир үйдүн эркеси болуп чоңойгон кызды минтип бир көргөн адамына турмушка чыгуу, бир заматта туткунда калуу кыжырлантат. Ал бир нече жолу качууга, жадакалса жанын кыюуга аракеттенет. Бирок убакыттын өтүшү менен Сыла Боранды жактырып, жашоосу бир нукка түшө баштаган кезде, мурунку сүйлөшкөн жигити Эмре келип, Стамбулга качып кетүү сунушун киргизет. Кыз «качсак, иним, келиним болуп чогуу качабыз. Антпесек, буларды өлтүрүп коюшат» деп, аларды өзү менен кошо ала кетет. Кийин күйөөсү Боран артынан издеп келип, экөө кайрадан баш кошушат.
Сыланын негизги максаты – сүйүү менен байыртадан калган салттын карама-каршылыгын жоюу эле. Бирок бардыгы барактай жылмакай болсо гана... Азад каза болуп, андан бир кыз калат. Баш каарманыбыз Сыла бир канча кайгылуу окуяларды, сүйүнүчтөрдү, интригаларды башынан өткөрүп, тасманын аягында гана максатына жетет. Ал тургай кыздардын тагдырын коргогон мектеп ачууга жетишет.

СЫЛА МЕНЕН БОРАНДЫН МАМИЛЕСИ «5» ЭМЕС
Тасмада сүйүшкөндөрдүн образын жараткан Жансу менен Мехмет чыныгы жашоодо жакшы мамиледе эмес экендиги айтылат. Ал тургай тасмага тартылуу учурунда көп эле жолу урушкандары да белгилүү болгон. Тасма тартылып бүткөндөн кийин Мехметтин «мен Жансу менен мындан кийин тасмага тартылуудан баш тартам. Ал съёмкага такай кечигип келет. Муну башка актёрлордон сурасаңар да айтып беришет» деп айтканы бар. Актрисанын да Мехметке ою түз эмес көрүнөт, журналисттердин «кайсы актёрлор менен тасмага тартылгыңыз келет?» деген суроосуна «Халит Эргенч (султан Сулейман), Кенан Имирзалыоглу («
Эзел», Омер) менен. Булар мен үчүн аты чоң тамгалар менен жазылган инсандар. Дагы да болсо ушул эки актёр менен тасмага тартылуу ниетим бар» деп билдирген.

Дамира Арстанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Rostov-on-Don
2013-03-25 22:58:07
дагы сериал башталдыбы?
0
Датка кыз
2013-03-26 13:47:35
Баарынан дагы мага баш каарман Боран жагып журот. Туркиянын эки жолку ханзаадасы. Арча токоюнда оскон жалгыз ак кайындай го чиркин. Эркектин баары ушундай болсо гана. Тасмадагы ролу менен мага идеалдуу мырзадай сезилди
0
Siuz
2013-03-26 16:34:11
Датка кыз туура айтасын мен дагы кошулам! Жигиттердин баардыгы Борандай болсо,жашоо таптакыр башкача болмок. Боран жашоодо деле ушундай деп окугам. Бир дагы кемчилик таппайсын.Жигиттер улгу алсанар жакшы эле болот.
0
kurguz...
2013-03-26 17:01:55
Кыздааар кыргыздардын жигиттериге жетпейт еч кайсы баранынар мана ишене бергиле туркктор м-н 3жыл иштедим.
+1
Aisuluu7
2013-03-27 14:33:35
Жансу Дерени Эзелдеги ролунан кийин жаман коро берем.Сулейманда да шумшук болуп аткарган, негизи ага ушундай роль жакыныраак окшойт да.
0
Iwin_bolbosun
2013-03-27 17:46:02
Боранды коп рекламадан кором.
0
imperator
2013-03-29 06:48:25
Жансу Деренин бир жылмайышына бүтүндөй туркияны садага чабат элем.
0
mahabat.
2013-03-30 06:36:41
мардин сонун шаар.буйруса кузундо барам
0
Lady555
2013-04-04 16:21:08
Фильм аябай жакты! Джансу Дере да аябай жакты! Борандай жигиттер коп болсо !!!
0
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан