ЭЗЕЛКИ КЕК ЖЕ БЕЙКҮНӨӨ КУРМАНДЫК

ИЙНЕНИН КУРМАНДЫГЫ

Ачкыч кылдырап, эшик шарт ачылды. Көзүн албай турган Ажар эшиктен кирип келе жаткан Алишерди көрүп, чуркап жетти.
– Кана, «дозаны» алып келдиңби?
– Чүш, сулуум, азыр эмес.
Алишер алдында турган кыздын жалооруган көз карашын, титиреген колдорун, эчен күндөн бери таралбаган чачын, жүдөңкү жүзүн көрүп, маашырлана жылмайды. Эки жыл мурун жолукканда теңине албай чамгарактаган кыз колунан эми минтип жем сурап турат.
– Али, сен билесиң да кандай болоорун. Мен... мен азыр сайынбасам болбойт. Кыйнабачы мени, мен каалаганыңдын баарын аткарам. Бир гана суранам, «дозамды» берчи?!
Кыздын жалдырап суранганы Алишердин аянычын козгомок тургай, кайра табасын кандырды.
– Каалаганымдын баарын, ээ?..
– Ооба, эмне кааласаң ошону...
– А мен көптү каалайм да.
Аз өтпөй эле Алишердин жырткыч оюну башталды. Энеден туума жылаңачтатып, бирде мышык кылып төрт аяктатып, бирде ит кылып бастырып, үрдүрүп...
– Ха-ха-ха... Кана, дагы бир үрүп койчу, күчүгүм.
– Аф-аф-аф,- дейт кыз жан дили менен бериле иттин образына кирип.
Эптеп эле Алишердин колундагы дозаны алуудан башка эч кандай каалоо калбаган эле. Адамдык намыс, сезими, акыл-эси бүт бойдон өчүп, жалгыз гана баңгизат деген нерсе жашоосунда орун алып калган.
– Болду, болду жетишет,- деди Алишер ордунан туруп баратып.
– Али...
– Азыр, шашпай тур.
– Али, суранам сенден!- Ажардын көздөрү тостоюп кетти.
Кээде ушинтип каалаганын жасатып алып, таптакыр бербей койчу да адаты бар эле. Бирок, бул жолу Алинин боорукердиги кармадыбы, берди. Каруусуна сайылган ийнеден кийин ырахаттана оор дем алган Ажардын көзү сүзүлө түштү. Башын жаңгактай чаккан оорусу басаңдап, көңүлү көтөрүлө баштады.
Кыздын каректери коймолжуп, коюуланып баратканын сезген Алишер маңдайына келди да, мыс­кыл тигилди.
«Жок, азыр көрсөтпөйм муну. Мындан да жаман абалга келип, көргөндө атакесинин жүрөгү айрылып, ошол замат тиги дүйнөгө кеткендей боло турган абалында көргөзөм. Шашпа, азыр эрте...»
Көзүнө мындан эки жыл мурун бүтүрүү кечесинде көпөлөктөй назик ийиле жароокер жылмайган кыздын элеси тартылды.
– Ха-ха-ха... Эми эмне дээр элең? Менин кегим сеникинен да ашып түшкөнүн көрдүңбү? Кыйын гана болосуңар, ээ? Дүйнөнүн гана түрткүсү болуп, ар дайым силер каалагандай болот деп ойлойсуң. Бирок...
Алишер дагы далай түшүнүксүз сөздөрдү айтып, күңгүрөнүп көпкө отурду. Үйдүн бир бурчунда акыл эсинен, адамдык касиетинен ажыраган бейкүнөө жан. Ал эми экинчи четинде көздөрүндө кек күйүп, кудум адам-карышкырга айланып кеткен, аёо дегенди билбей калган адам отурду.

КЕК КУУГАН ЖИГИТ

Мунун баары Ажардын бүтүрүү кечесинен башталган. Министр атасы өзгөчө кече уюштурду. Көзгө басар жалгыз кызынын бүтүрүү кечесин колдон келишинче азем менен өткөрбөй эмне болуптур. Кадыраалынын бар дүйнөсү, медер тутканы ушул кызы. Шаар толгон дү­көндөрү, эсеп жеткис байлыгы четте калып, бар байлыгы мына ушул ажайып келишимдүү кыз болчу.
Кызын жанындай жакшы көрөөр эле. Кече жарымдап калганда чачын жалтырата артка тараган, көздөрү сүрдүү, өзбектерге түспөл­дөш жигит достору менен пайда болду.
– Кадыраалы аке, сиздин кубанычыңыз, биздин кубаныч,- ийиле колдорун бооруна ала койду.
– Оо, шумкарым, келдиңби?
Кадыраалы жамажайы жайыла күлүп, тоcуп алды. Бул жигит жакындан бери Кадыраалынын ишенген жигиттерине айланган Алишер эле. Иштин көзүн тез таап кеткен бул жигитти Кадыраалы жакын көрүп жүр­гөн. Бирок, көзүнөн күйүп турган кекти байкабаган эле...
«Азыр күлө тур, министр аке. Анан сенин да ыйлаар мезгилиң келет» Ичинен кекенген Алишер тишин кычыратып алды.
– Менин кызым – Ажар!
Кадыраалы тигинин эмне ойлоп турганын билбей, кызына кол жаңсады.
«Оо, сулуу кыз! Ушундай экенсиң да...» Атасына жаркылдай келе жаткан кызды бир, Кадыраалыны бир карады Алишер. Көзүнөн аталык сыймыгы, мээрими төгүлгөн Кадыраалыны көрүп, ошондо эле кызы аркылуу өч алаарын пландаштырып койгон эле.
«Дүйнөдө эң кымбат адамынан ажыраган кандай болорун сезсин. Ошондо гана менин бейкүнөө өлгөн карындашымды эстейт» Алишердин көкүрөгүнө ушул ой түшүп, планы акырындап тамыр жая баштаган эле.

КОРДУК

«Уурдап кетишти. Кадыраалынын жалгыз кызы дайынсыз жоголду. Байлыгың менен деле эч нерсе кыла албайт экенсиң да.» Чагылгандай тез тараган бул кабардан эл ушундай уу-дуу кеп кылышты. Кадыраалы ийне жоготкондой эле издеди. Акчасын чачып, буту үзүлгөнчө жүгүрдү. Бирок, эч таба албады. Акыры кү­йүт­түү башын кучактап отуруп калды.
Кызы болсо ушул эле шаардын экинчи бурчунда ит көрбөгөн кордукту көрүп, капаска салган чымчыктай далбастап, атакесин чакырып, ааламга үнү жетип жаткан эле.
– Эмне керек силерге? Мен эмне кылдым сага? Эмне күнөөмө?
– Сен эмес. Атаң кылган күнөө­нү...
– Атам?!
– Кел бери... Билегиңди тоc.
– Жок, жок, суранам, Алишер бай­ке. Жок, кереги жок... Cуранам сизден...
Туйлап жулкунган кыздын ой-боюна койбой күч менен каруусуна ийне сайды. Кордоду. Эркин майыштырды. Ушинтип төрт айдын ичинде кызды эч кандай сезими жок макулукка айлантты. Бирок, дагы эле көкүрөгүндөгү көксөөсү сууган жок. Кеги бүтпөдү. Акыры эки жыл үйүндө камады. Кадыраалынын кызынын күйүтүн унутуп, элге аралаша баштаганын уккан Алишер «Кызың тирүү» деген мазмундагы кабар жөнөттү.
Үмүтү таш каап бараткан ата кайрадан тозоктун отуна түшө баштады. Аз мезгил өтпөй дагы кабар келди. Бул интернет менен жөнө­түл­гөн кызынын азыркы кездеги абалын чагылдырган сүрөтү эле. Өңүнөн кетип, көздөрү алайган жарым жылаңач кызынын бир бөлмөдө отурган сүрөтү жана кыскача кат... «Өз кызыңдын тирүүлөй өлгөнүн көрдүңбү? Менин чырактай карындашымдын кантип өлгө­нүн эстечи. Билесиңби, ал кантип өлгөнүн. Эсиңдеби?»
– Аа-а-а...
Ач айкырыкты салган Кадыраалы башын мыкчып алды. Ооба, ошондой болгон. Кыргыз-өзбектен чыккан аргын жанга көзү түшүп калганы чын. «Бирок, ал кырсык эмес беле. Ал өзүн өзү өлтүрүп албады беле» деди ою алдастап. Бирок, көкүрөгүнүн түпкүрүндөгү чындыктан кантип кутулат. Өткөн өмүрү тасма сыңары көз алдынан өтүп жатты.
– Жаным, бардыгы жайында болот.
Жылаңач жаткан кыздын асты-үстүнө түшкөн Кадыраалы ушинтип күбүрөп жатты. Эч кимдин колу тийбеген аруу кызды зордоп алып келип төшөгүнө салып беришкен. Өз атасынан улуу адамга кордолуп калганына ичи ачыша онтоп алды кыз. «Өлөм, баары бир өлөм. Жашабайм! Бир гана агам Алишерди көрүп өлсөм, арманым болбос эле». Сенделип ордунан турган кызды ошол күнү үйүнө жеткирип коюшту.
Ошол түнү эле агасына кат жазган кыз бийик кабаттуу үйдөн секирип кетип жан таслим болгонун уккан эле. Эми эбак «из басты» болгон нерсе эчен жылдан кийин калкып чыкканына кара жерди муштап алды.

БЕЙКҮНӨӨ ӨЛҮМ

– Менин кызматым сизге керекпи...
– Аа, эмне дейсиң?
Өңүнөн кетип, чачтары куудай агара түшкөн Кадыраалы башын жулка көтөрүп Алишерди карап калды. Кайрадан суроосун тез кайталаган Алишердин сөзүн угуп же укпай атканы билинбей көпкө турду. Тумандаган көздөрүн өйдө көтөрө албай отура берди.
– Сизге эмне болду? Өзүңүздү жаман сезип турасызбы?
Көпкө унчукпай отурган Кадыраалы өзүнчө күңгүрөнүп жиберди.
– Өз күнөөмдү Кудай эмнеге өзүмө тарттырган жок? Менин кызым... Мени тирүүлөй кескилеп алса да чыдайт элем го. Эмнеге аны?.. Айтчы, эмнеге? Ким экенин билсем, өз колум менен кескилеп...
Өз тизесин өзү муштап отурган Кадыраалыны байкаган Али­шер мы­йы­гынан жылмайып алды.

ххх

«Мындан ары чыдабайм. Эми мага эч нерсенин кереги жок. Болду эми, өз жанымды өзүм кыям».
Ушул ойлор келе калганда өзүнө жол тапкандай сүйүнө түштү Ажар. Бирок Алишер үйгө бычак, жип деген нерселерди койбойт. Терезе темир тордон. Шалдайып отуруп калды. Эки жылдан бери турмушу таптакыр башка нукка бурулуп... Эч нерсеге мээси жетпейт.
«Эми мага баары бир» деди оюнда. Денесин ооруткан, акыл-эсин алган ойлорду өзүнөн кубалагысы келди.
Ошол күнү үйүнө келген Алишер кан тамырын кесип салып, ваннада жансыз жаткан кыздын өлүгүн көрдү. Көздөрү Алишерди күнөөлөгөндөй ачык калган экен. Шуу үшкүрүп жиберди Алишер. Бирок, «кек алып, көксөөм сууйт» деген көкүрөгү андан бетер ооруп калганын сезди. Отура калып, онтоп алып ыйлап жиберди. Ал карындашы өлгөндөн бери биринчи жолу ыйлашы эле.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 202, 15-21-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан