АКАЕВДЕР МЕНЕН САРЫГУЛОВДУН АЙТЫШЫ.ЧЫНДЫК КАЙСЫ ТАРАПТА?

«Кумтөр» маселеси кайрадан кабыргасынан коюлду. Бул ирет алтын кени иштетилип баштагандан бери карай кыргыз өкмөтү менен алтын өндүрүүчү компаниянын ортосунда эмне үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзүлүп калганы, ал канча ирет өзгөргөнү жана ага кимдердин күнөөлүү экендиги териштирилмей болду. Депутаттык корпус прокуратура менен УКМКга ушундай тапшырма берди. Алардын тапшырмасында текшерилип, чечимдерине баа берилиши керек болгон жоон топ мурдагы жана азыркы мамчиновниктер, сап башында Аскар Акаев бар. Ал тапшырмадан кийин биринчи болуп Акаевдер үн катышты. Бирде Орусиядан, бирде Женевадан салам дубай жиберип жатышат. Актануубу? Сагынуубу? «Кумтөрдүн» тегерегиндеги териштирүүлөрдөн улам жаралган коркунучпу? Же «жаздын» илеби аларга да жетип, айрым саясатчыларды азгыруу менен Кыргызстанга кайтып келүүгө жасаган аракеттериби? Маектерде Акаевдер өздөрүн сүттөн ак көрсөтүп, өздөрүн колдогондорду «кыргыздын азаматтары» деп атап, Кыргызстандын бүгүнкү кейипке келишине ар кимди күнөөлөй башташты. Аларга жооп кылып айтышкандар чыгууда. Мисал үчүн Акаевдер менен Дастан Сарыгуловдун айтышы.
Биз жогоруда кеп болгон айтышуулардын урунттуу учурларын берели деп чечтик. Маектер «Азаттык», «24.kg», «Кереге», «Арена.kg», «Жаңы Ордо» маалымат булактарында жарык көргөн.

Майрам Акаева:«ЧАЯНДАРДЫН КАРГЫШЫ ЖАМАН»
Бул кайым айтышты алгач Майрам Акаева баштап бергени үчүн кеп учу экс-ханайымдан башталсын.
«2005-жылдын март айы көргөзмө иштерине жык толгон эле. Соңку чоң көргөзмөнүн ачылышы 22-мартта болгон. Ал эми 25-мартта Опера жана балет театрында Германиядагы белгилүү кыргыз скрипкачысынын концерти өтмөк. А түштөн кийин ошол скрипкачы жана анын продюсери менен жолукмакмын. Анан да эртеңки концертте сүйлөөр сөзүмө даярдануу үчүн мен ал күнү түшкө чейин үйдө болгом. Ошондон улам көчөдө эмне болуп жатканы жөнүндө кабарсыз элем. Албетте, агайыңардын жана кызым Берметтин коопсуздугун улам ойлоп тынчсызданып жаттым, бирок иш анчалык тереңдеп кетерин билген эмесмин. Түш болуп калганда президенттик кароол кызматынан «тез арада даярдангыла, Бишкектен чыгып кетишибиз керек. Бир канча убакыт Ысык-Көлгө барып турасыңар» деп телефон чалышты. Мен ал жакта эмне болуп жатканына толук түшүнгөн жокмун. Ой топтоп, өзүмө келалгыдай да абал болгон жок. Тез аранын ичинде мени, келиним Сайкалды, неберелеримди кошуп резиденциядан алып чыгып кетишти. Мен башында бизди кай жакка алып баратышканын да түшүнгөн жокмун. Аскар Акаевич эки улуу баласы менен Бишкекте калган».

«Атактуу жазуучубуз Мар Байжиевдин «Акаев өлкөнү туура эле алып бараткан, бирок жанында жанын берип, какыйып туруп бергендер болгон жок» деп айткан өкүнүчү белгилүү. Биз үчүн бакиевдик бардык кыйноону татыктуу көтөрүшкөн жана бизди акыр аягына чейин колдошкондор: Николай Танаев, Болот Жанузаков, Кубанычбек Жумалиев, Бекболот Талгарбеков, Кубул Мамыркулов жана башка адамдар болду. Агасынан айырмаланып Аскар Сарыгулов бекем туруп берди. Таарынып калган учурларын кошпогондо Осмонакун Ибраимов калыстыгынан тайган жок. Эң кызыгы, Бакиев «Мен быкмын!» деп кутуруп турганда Мукан Алыкулов деген баатыр «Мен Бакиевиңен коркпойм!» деп телефон чалып, Аскар
Акаевичти колдоп, бат-баттан сүйлөшүп турду. Кыргыздын андай азаматтары өтө көп болду».

«Николай Танаев Бакиев күчүндө күркүрөп турган жылдары эле мага: «Бакиева ждёт ад, Гаагский трибунал! А знаете почему? Потому что кто делает зло скорпионам их ждёт смерть и ад»,- деп тамашалап күлөр эле. Себеби Николай Тимофеевич да, Аскар Акаевич, анан мен да Чаян жылдызында, ноябрда төрөлгөнбүз. Элибиздин «Бирөөгө жасаган жамандыктарың кайта өзүңө кайтып келет» дегениндей, ошол Бакиевдин өз башына келди. Кан төгүлдү. Президенттик китепкананы, элдин, өлкөнүн тарыхы сактала турган китепкананы баласына кеңсе кылып, андагы документтерди, китептерди тымызын өрттөттү эле, Бакиевдин Жалал-Абаддагы өскөн уясы, Бишкекте өзүнүн үйү өрттөлдү. Биздин Бишкекте үйүбүз жок, ошондуктан эчтеме кыла алышкан жок. Эгер бар болгондо сөзсүз өрттөтмөгү айкын болчу. Алар АКШ президенти Бушка «Акаевдин бүт үй-бүлөсүн текшертип бергиле, эл аралык сотко чейин жеткиргиле» деген өтүнүч менен кайрылышканын АКШнын Кыргызстандагы элчиси өз интервьюсунда айтпадыбы. Мына бул дагы өз башына келип, жакында уулу Максимге чоң айыптар коюлду. Берметке сот ишин ачып, үй камагына отургузду эле, эми мына уулу да үй камагында отурат. Бул таба кылгандык эмес, бул тарыхтын кичине параллелдери».

«Бийликти тартып алабыз деп Аксы окуясын чыгарышты. Өлкөнү өнүктүрүүдө колунан эчтеме келбеген радикалдуу оппозиция жана эркиндиктин баасын түшүнбөгөн айрым ЖМКлар өлкөнү алсыратуунун жолуна өтүштү. Алардын арам аракеттери 2005-жылдагы төңкөрүш менен бүттү. Аны «Акаевдин тоталитардык режимине чыдабаган эл» деп жүрүшпөйбү... Төңкөрүштү эл жасаган жок. Калайык калк эмне болгонун да түшүнбөй калды. Мисалы, менин Кыргызстандын балдары үчүн жасаган ак эмгектерим төңкөрүшкө алып келдиби? Эгерде 2005-жылкы каргашалуу төңкөрүш болбогондо азыр дүйнөлүк шериктештикте Кыргызстандын орду өзгөчө болмок».

«Аскар Акаевич – дээринен айкөл адам. Аны мактабай, болгон иштерин бурмалап, кара боёк менен шыбабаганда өлкөбүз мындай кайгылуу деңгээлге түшмөк эмес. Биринчи он беш жылдагы президенттин иш-аракеттерин бурмалашты, баарын жамандап отуруп, өлкөнү чөктүрүп жиберишти.
Президентке каралоону күчөтүш үчүн «үй-бүлөлүк башкаруу» дегенди ойлоп чыгышты. Ошолордун бирөөсү айтсынчы, мен кай жерден кайсы мамлекеттик ишти буруп же багытын өзгөртүп элге жамандык алып келиптирмин? Мени айыптаганда бир да аргумент келтире алышпайт, алардын айыптарынын негизи жок, болгону ушак, интригалар...»

Аскар Акаев:«БИЙЛИКТЕГИЛЕР БИЗДИН БИР ДА ЦЕНТ БАЙЛЫГЫБЫЗДЫ ТАППАДЫ...»
«Мен президент болуп турган кезде, 2005-жылга чейин «Кумтөр» долбоорунда эч кандай мамлекеттин, калктын кызыкчылыгына каршы иш болгон эмес. «Кумтөр» республиканын кызыкчылыгына багытталган.
2003-жылга чейин алтындын баасы дүйнөлүк рынокто 400 доллардан ашкан эмес. 1998-2002-жылдары 260 долларга түшүп кеткен. Ошол жылдары баа арзан болгондуктан, Кыргызстан да, «Камеко» да «Кумтөр» долбоорунан чоң пайда көрө алган жок. «Камеко» «Кумтөрдү» жаап кетебиз, киреше жок алтындан» деген. Бирок баа көтөрүлөт деген үмүт менен иштеп калышты.
2003-жылдан баа өсө баштады. Экинчи келишимдин арты менен биринчи жолу 2004-жылы бюджетке 1,5 миллиард сом салык түштү. «Центерра» аркылуу Кыргызстан акциялардын аз эле бөлүгүн сатып, биринчи жолу КМШнын ичинде Социалдык фонд уюштурганбыз. Анда
86 миллион доллар бар болчу. Бирок ошол фонддун дайыны жок: элдин кызыкчылыгына пайдаланылдыбы же революциялык лидерлер бөлүп алыштыбы?
Мен дагы бир нерсени айтайын: ошол келишимдин долбоорун «Кыргызалтын» мекемеси иштеп чыгып, өкмөттө ийне-жибине чейин талкууланып, андан кийин мамлекеттик комиссия түзүлдү. Андагы өкмөттүн мүчөлөрү, депутаттар ошол Кыргызстандын үлүшү туурабы, калыс бөлүндүбү же көбү «Камекого» өтүп кеттиби деп карап, парламентте талкууланып, анан гана ишке ашкан. Бир киши же бир уюм кабыл алган эмес.
Ошол мезгилдери Турсунбек Чыңгышевге, Дастан Сарыгуловго, 2003-жылдан кийин Николай Танаев менен Камчыбек Кудайбергеновго ишенбегенге эч кандай негиз болгон эмес. Себеби ар бири кесипкөй адамдар болушкан. Туура, эки келишимде тең кемчиликтер болгон».

«Дастан Сарыгулов айткан миллиарддар жөнүндө биринчи сөз болгон жери жок. 2005-жылы 24-марттагы төңкөрүштөн кийин эле Бакиев премьер-министр Данияр Үсөновду башына коюп, башкы прокурор Азимбек Бекназаровду кошуп чоң комиссия түзбөдү беле. Эсиңиздерде бардыр, ошол Акаевдер алып кеткен миллиарддардын баарын таап келип, кыргызстандыктарды байытып, жыргатабыз деген. Эсиңиздерден чыга элек болсо, Үсөнов менен Бекназаров эл аралык из кубар Либерманды жарым миллион долларга жалдабады беле. Кийин Конгантиев баш прокурор болуп турганда «Либерман Акаевдин бир да цент байлыгын тапкан жок» деп айтпадыбы.
Сарыгуловдуку болсо мага түшүнүктүү. Сарыгуловдун чоң катасы – биринчи келишимге өкмөт менен макулдашпай, өзүнчө чечим чыгарып, «Камекого» салыктардан көп жеңилдиктерди берип койгон. Мына, ошол өзүнүн колу коюлган документи бар. Комиссия эмне үчүн аны айтып, көргөзбөйт? Ошону ачып чыккандан кийин Сарыгуловду кызматтан бошотконбуз. Мына, он жылдан бери мени жамандап келатат.
Бул деле эч кандай негизи жок саясий иш. Бүгүн республикада саясий абал татаал. Аны көрүп турам. Экономика болсо сегиз жылда кыйроодон чыккан жок. Элдин турмушу төмөндөп кетти. Мындайда Акаев акыркы киши болуп чыга келет. Муну элдин көңүлүн буруу максатындагы саясий оюндар деп эсептейм».
«2005-жылга чейин «Центерра» учурундагы «Кумтөр» боюнча ишти «Кыргызалтын» гана жүргүзчү. Мен да, үй-бүлө мүчөлөрүмдүн бири да «Центерранын» акционери болгон эмес, эч кандай дивиденд да алган эмеспиз».

«Мен азыр да «Камеко» менен Сарыгулов жана Чыңгышев кол койгон башкы келишимди туура деп эсептейм.
«Кумтөр» боюнча биринчи келишим узакка чейин талкууланган. Атайын депутаттык комиссия түзүлүп, келишим депутаттардын пикирин эске алуу менен кайра иштелип чыккан. Парламент премьер-министр Т.Чыңгышевди отставкага кетүүгө мажбурлаган. Д.Сарыгулов болсо, бардык күнөөнү Чыңгышевге оодарып, ар дайымкыдай сүттөн аппак чыга келди».

«Оор мезгилде жеке кызыкчылыктар тууралуу ойлонуу үчүн фантазёр же калпычы болуу керек. Ооба, катачылыктар болду. Ал эми Сарыгулов мени жамандап турбаса, ооруп калат».

Дастан Сарыгулов:«СЕН КЫРГЫЗДЫН СЫЙЫН КӨРҮП, БИРОК САТЫП КЕТТИҢ»
Мурдагы мамлекеттик катчы, мамлекеттик «Кыргызалтын» концернинин экс-президенти Дастан Сарыгулов 19-март күнү маалымат жыйын өткөрдү.

«Акаев калп айтып жатат, Дастан Сарыгулов 1998-жылы «Камекого» жеңилдиктерди берген деп. Бул акылга сыйбаган иш да. Себеби 1994-жылкы келишим 29 министрдин колу менен токтом аркылуу кабыл алынган. 1993-1994-жылдары «Кумтөр» боюнча келишим беш жолу Жогорку Кеңеште, сегиз жолу өкмөттүн жыйындарында талкууланган. Мен ага толуктоолорду киргизе алмак эмесмин, ага Жогорку Кеңеш гана укуктуу болчу. Мен толуктоолорду киргизген учурда да Салык кызматы тоготмок беле?! Бул жөн эле бет тырмарлык да?! Мага жалаа жабуу».

«Сен (ред. А.Акаев) мага куугунтукту 1997-жылдан баштап, 7 жолу комиссия түзүп, «Кыргызалтынды» тынымсыз текшертип, мага жок жерден жамандык издеп, эч нерсе табалбай, айлаң кетип «Кыргызалтынга» корпоративдик башкаруу киргизгенге байланыштуу» деген шылтоо менен мыйзамды одоно бузуп, мен эмгек эс алууда жүргөнүмдө кызматтан бошотконуңа кубанып, бир жума дачаңда арак ичип жатпадың беле?! Менден аялың Майрам аркылуу (сенин макулдугуңду албай ал минтип мага айта албайт болчу) бир миллион доллар акча накталай алып кел дегениңде «алтын элдики. Мен болгону жалданган кызматчымын. Ал акчаны бере албайм» деп жооп бергем. «Анда бөлөк адам сенин ордуңа барып, алып келет» деп аялың коркутканда, мен «анда бөлөк адамды коюп алгыла» деп чыгып кеткем».

«Бабаларыбыз «Жылмайып күлүп, жалаңдап-жалмактагандан сак болгула» деп айтчу экен. 15 жыл мыйыгыңдан күлүп, жылмайып, кыргыздын түбүнө жеттиң.
«Центерранын» акцияларын алган эмесмин» дептирсиң. Акциялардан түшкөн майда акчаларга сен тоймок белең?»

«Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын отчёту 2004 жана 2009-жылкы макулдашууларында коррупциялык схемалар болгонун көрсөттү. Бирок комиссия бул макулдашуулар кыргыз тарапка канча зыян келтиргенин айткан жок. Отчётту карап көрсөк, эгерде 1994-жылкы макулдашуу күчүндө калса, анда Кыргызстан 1994-2012-жылдар аралыгында «Кумтөрдөгү» үлүшүнөн 1 миллиард 28 миллион сом алмак. Ал эми 2009-жылдагы коррупциялык макулдашуунун айынан мамлекет 400 миллион доллар зыян тарткан. Бийлик документтерди негиздөө менен Орусиянын өкмөтүнө жана Мамлекеттик Думасына Аскар Акаевди экстрадициялоо боюнча кайрылышы керек.
Менден башка эч ким «Кумтөрдү» жакшыраак билбейт. Коррупциялык схемаларды коомдук талкууга алып чыкпасын, оозун жапсын деп менин көзүмдү тазалап да коюшу мүмкүн».

«Сарыгулов мени каралап турбаса ооруп калары бышык» дептирсиң. Мени куугунтукка алган ыплас иштериң, албетте, мага ден соолук кошкон жок. Бирок 1999-жылдан бери 14 жыл өтсө да, мага кылган жамандыгыңды биринчи жолу ачык айтып жатам. Кеп менде эмес.
КЕП СЕН КЫРГЫЗ ЭЛИНИН СЫЙ-УРМАТЫН КӨРҮП, ИШЕНИМИН АЛЫП, БИРОК КЫРГЫЗДЫ АЛДАП, САТЫП КЕТКЕНИҢДЕ БОЛУП ТУРАТ.
Мага да, сага да эл жана мезгил өзү тараза деп жообумду бүтүргүм келет!»

koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
Kg.lady
2013-03-27 16:08:52
ииии.дагы кандай былыктарынар бар айта тушкуло.Дачаларда ичип чычып жатканынардан бери жар сала баштадынарго.....
0
best-life
2013-03-27 20:08:54
А мумкун Акаевдерди кетирбегенде биздин мамлекет балким онугуу жолуна тушмок беле.Кимиси жебейт экен, баары эле жеп ичээр арам тамактар.Ал кеткенден бери олкобуз эмне дебеген гана чыгымдарга дуушар болду?Акаевдин тушундагы кадрлар дале болсо беттеринен май тамызышып отурушат, демек олкону саткындар башкарат деген ой кетпей койбойт...
+2
rinat-kg
2013-03-28 20:25:54
эй акаев бапай майраш апче тыыынч эле Кудайдын жазасын кутуп отура бергиле.силер кыргызмын дебей эле койгула.
+1
nazikerbol
2013-03-29 00:04:57
Кыргызстан эгемендуулукту алып,озунчо мамлекет болгондон баштап эле кантип мамлекетти онуктуруш керек дебей эле эркиндик ушундай болот экен деп эле жегенден башташканда,ошонун кесепети мына бугунку кунго чейин бутпой келет,башка мамлекеттердей бар нерсени сактап калып ошол нерсени онуктуруп кеткенде биз азыр ушинтип талаалап ар тарапта иштеп жургон эмеспиз.Иштеп журобуз дегендин ичинде канча туйшук бар экенин Россиялап же дагы дуйнонун ар кайсы жеринде иштеп жургон адамдар гана билет деп ойлойм.
+2
nazikerbol
2013-03-29 00:14:08
Канчалаган балдар эне атанын мээримисиз чонойуп жатышат,ата-энелери ошол балдарды багуу аракетинде эн эрте таштаганы 4айлык таштап келгендер дагы бар,бул жака келип козунун жашын кол кылып айласыздан иштешет ошонун баары ушул жегичтердин кесепетинен болуп жатат деп ойлойм,элдин ырыскысын уурдап жеп дагы актанып коюшат,чындап келгенде ушул азыркы бийлик талашып ар нерсе болуп аткандар элдин кантип жашап не кундорду коруп атканын тушунмок турсун,кызыгып да коюшпайт,эгер кызыгып коргондо айбанда
+1
nazikerbol
2013-03-29 00:19:23
деле сезим болот эмеспи,булар деле ата-энего,кимиси элдин ырыскысын жеп,элдин тынчын кетирип аткан болсо кудайым озу берсин жазасын,ошончо элдин ыйы,каргышы дагы жон койбойт.
0
Pearl.06
2013-03-29 10:17:25
Майрам апче сиз кыргыздарга кеп-кенеш айтпай эле койсонуз болот.Кыздын сыры торкунго маалым экенин билесиз да.
0
kurguz...
2013-03-29 14:06:54
Оооомин жегенинер таш болсун,
кыргыздарда сиздикиндей баш болсун!
+1
casio-ctk
2013-03-30 08:04:48
бул,саясатты окусан же корсон баш ооруйтурган болду,закон деген эмне ал деп калдыкко,мен 31-августту майрамдап бирок маанисин билбеген экенмин,эми майрамдагымда келбей калды,себеби эгемендуу болуп,эмнебиз онукту???????????????
0
jazbek
2013-03-30 18:51:49
Угуп олтурсан эч ким куноолу эмес,баары эле суттон ак..анан ким куноолу?элдин тентип ар жерде жургону,кыздар бузулуп жетим балдар корунгон жерде калып,эр жигиттер кара курсактын айынан башка олкодо турмодо чирип,наристелер апасын апа дебей эже деп чон ата,чон эненин колунда чонойуп,деги койчу айтып олтурсан арман коп,келечек эмне болот?кандай болот?ТУМАН,КАРАНГЫ?коншу бир тууган эл казактарды коруп арданасын,алар кандай ийгиликтерге жетишип жатышат,казак президенти айткандай кыргыздар суусун с
+2
dikeii
2013-03-30 19:23:27
ээх напси напси, напсини тыйыш кыйын го напсилерин тыялбай кетишти экообу тен. бирок акаев кетпегенде азыр акыбал жакшы болмок беле деген да ой келбей койбойт.
0
nuri1972
2013-03-31 11:17:12
Акаевди жаман десенер кошулайын,бирок жакшы атаны таба албадыкко, Акаевдин озунон дагы кошматчылары жаман болгон, Акаев кеткен менен кошоматчылар калганда Бакиев кеткен менен кошоматчылар калдыго
+1
Talant79
2013-03-31 17:51:09
Канчалаган кыргыз эли чет олкодо журобуз, кандай кана кордук болбосун башыбыздан откоруп келебиз. Бул айтканым бир эле мисал. Ошондо дагы устуртон жымсалдаганым. Аскар Акаев ушунун баарын билип туруп эмнеге актанып атат. Кыргыздын тубуно жеткен озунуз элего. Анан дагы тилинен чан чыккан Дастан агайыбызга тушунгон жокмун. Дастан агай, чоптун башы кыймылдабаса, шамал кайдан. Деги эле кыргызымдын кусуру кимге? Менин сиздерге суроом...
0
kurguz...
2013-03-31 18:36:43
акай акай,акай напсин аткыдай!
Кыргызстан качан бир деддомский келип отурганда онолбосо
тууган уругу бар адам кыргызстанды ондобойт чамасы.Туугандан арпайт олкого!
+1
Azem2013
2013-03-31 18:47:16
Улуу урматтуу Аскар Акаевич. Деп кайрылайынчы Кыргызым деп куйуп бышсаныз. Анда мен мындай сунуш кылат элем, озунуз деле орусияда жашайскоо. Сапаргулго жардам берип койбойспу ошол кызды чырылдатпай. Сиздин айыныздан кыргыздар ушундай ал акыбалда тушунсонуз. Анан бул жерде актанбай...
0
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан