(Башы өткөн сандарда)
Канчалык кагып, качпасын, Асмандын ой-боюна койбой Мелис каруудан кармап токтотту.
– Токто, мен бир нерсени билем да, кетем!
– Сен мындан алты ай мурун Москвага кетпедиң беле? Кана, кара көзүң коштоп жүргөн, бар ошого, менин жолумду тоспо. Сен биле турган, мен айта турган ортобузда эч нерсе жок!
Ары-бери тартышкандан пайда жок, бир аз убакыттан соң Мелистин машинасында Асман отурду. Экөө көпкө сүйлөшүштү, кыз кылыгына салып ыйлады, кайра жашын сүртүп күлдү. Миң аялдык амалга салбасын, жигит өз сөзүндө калды, «мындан ары жакшы достордон болуп жүрөлү, сен азгырыкка салба, мени жектеп, өзүңдү кор тутуп алба» деген кеңешин айтты Мелис. «Жарашып алабыз» деген тилеги таш капкан кыздын ого бетер ачуусу кайнап, «мага акыл үйрөтчү сен эмес, мен сени, сен мени тааныбайбыз» деп бүтүрдү сөзүн. Ошентип, тойду да жаркын маанайда өткөрө албай, ачуусун кимден чыгарарын билбей заманасы куурулду кыздын...
ххх
Убакытты эч бир жан уучтап кармап кала албайт экен да. Жай өтүп, күз келип, анан кыш, жаз болуп төрт мезгил кезектешип жылып отура берет турбайбы. Билинбей жүрүп арадан 1,5 жыл өттү. Бул убакта ар кайсы топко кошулуп, ар кайсы ырчыны коштой коюп жүрүп Асман шоу-бизнес дегендин даамын татып, таанып-биле баштады. Кыз сезбеди, атактуулукка жетиш үчүн азгырылып баратканын. Улам бирөө атын атап чакырып, жакшы сөз айткан сайын жибип, жан дүйнөсүн бат эле башкаларга ачып берди. Дос-тааныш күттү, барган жери сый, оюн-күлкү, ыр-бий. Анан калса модадан калбай кийинип, колуна акча тийип, каалаганын жасап, кыскасы, жашоонун кызыгын сүрүп, сайрандоодо... Ушундай күндөрдө Асманга кол созбогон жигит калбады, бири ага жетейин деп жан далбас урса, экинчиси анын көңүлүн кантип алуу аракетинде. Бул аралык убагында Асмандын таянганы апасы. Бүгүн да баягы гезитте иштеген Зина эжесинин сөзүнө кирип апасын ээрчитип келди.
– Алда балам, ай, мен сөзсүз киришим керекпи министрге?
– Ооба, апа, мен айтпадымбы, Зина эже аны жакшы тааныйт экен, сиз кирип сүйлөшүп чыгыңызчы!
– Мен эмнени сүйлөшөм министр менен? Менин кызым бар, ырдайм деп жатат дейм. Анан «ырдаса ырдай берсин» десе, менин жообум кандай болот?
Ушинткен апасы же кызынын көңүлүн кыя албай, же эмне кылар айласын таппай туруп калды. Акыры киришти, чоң бөлмөнүн төрүндө кара креслодо чалкалай отурат министр.
– Келиңиздер,- деп столунун үстүндө чачылып жаткан кагаздарын ары кармалап, бери түртүп, акыры жылдырып койду да, башын көтөрдү.
– Кулак сиздерде, айымдар!
– Ардак Рахимович, менин кызым ырчы болом деп жүрөт. Көп ырчылар менен биргеликте жер-жерлерге концерт коюп барып-келип жатат...
– Та-ак...- деди ээгин таянган министр Асманды тиктеп.
Анан дароо көзүн кыздан албай бир саамга ойлонуп калды, «бул кызды кай жерден көрдүм эле?» бир-эки секундга ойлонуп барып таппады окшойт, «мен бирөөгө окшоштуруп
жатамбы?» деп өзүнө кайра суроо берди ичинен. Ушинтип өз ойлору менен алпурушуп отуруп Асмандын апасынын эмне максатта келгенин да укпай калды.
– Бизден кандай жардам?- деп дароо сурап ийип, кайра сөзүн оңдой калды тиги киши.
– Тоюс, кызыңыз таланттуу турбайбы анда. Менин айтарым, бир гана аракет керек. Адамда 20 пайыз гана тубаса талант болсо, калган 80 пайызын инсан өзү аракет кылып жаратып
алышы зарыл, туурабы?
Ушинтип акылдуусунуп сүйлөгөн министр Асман менен апасын акырын узатып койду. Алар сыртка чыгары менен катчысын чакырды.
– Могу келген кыздын аты ким, кай жерде жашайт, мага тактап берип койгула. Такта десе бүт министрликке жайбай, Исман экөөң бүтүр. Ырдап жүрөт экен го...
– Ардак Рахимович, бул кыз анча белгилүү эмес, ар кимдер менен гастролдоп жүрөт, афишадан эле көргөм.
– Минтип жүрөт имиш, тигинтет экен деген сөзүңөрдү мага экинчи угузбагылачы, макулбу? Бар, такта, изде, изилде. Дагы бир жолу айтып коёюн, башка бирөөгө ооз ачпа, только
Исман экөөңдүн ишиң бул,- деди.
Исман – министрдин жардамчысы, кай жерде жүрбөсүн мурдунда жыты бар неме. Шефи жөнүндө ким эмне деп айтып жатат, кай жерде кандай сөз болду баарын билет, угат, көрөт
да, айтып келет. Анан да жеткен катынпоз. Сулуу селкини көрсө көзү токтоп, шилекейи чубуруп, ата-жотосуна чейин тактап, иликтеп ийгенге маш. Шефинин солго басканына, оңго басканына да көз салып, көмөктөшүп жүгүрүп эле жүрөт. Кыскасы, министрдин ишеничине кирип алган.
– Алганым аз эле акча, кылганым тоодой түйшүк, ещё буларга жаккан кыздын дарегин табышым керек.
Катчы кыз ачууланып сүйлөп чыгып баратып маңдайында жылмайып турган Исманды көрүп апкаарып кетти.
– Сен экөөбүзгө жаңы тапшырма! Тиги өткөндө Бешбаевдин афишасында жүргөн кызды көрүп кызыгып жаттың эле го, ошону шимшилейт экенсиң!
– Эх, Жиза, Жиза, өзүңдүн иштеген жериң сонун, бирок дегеле маданияттуу сүйлөгөнгө сен экөөбүз үйрөнө албай койдук да.
Исман катчы кыздын жинине тийип «Бешбаевдин афишасын таап кел» деп жиберди.
Бул убакта энеси менен кызы кызуу сүйлөшүп баратышкан.
– Апа, кандай деп ойлойсуз, мага жардам бере алабы?
– Билбейм, кызым, артист болом деп жүрүп студенттик доорду сүрбөй кала турган болдуң. Атаң менен ажырашып, турмуштун таттуусунан да ачуусун силер көп тарттыңар. Эми
тилегиңди берип эл адамы болсоң экен.\
– Кайгырбаңыз, баары жакшы болот. Бул жардам бербесе башка чыгат, башкалар концертиме демөөрчү болот. Топтогон акчага Самат салган акчаны кошуп, мага машина сатып
берчи андан көрө.
– Мен да ошону ойлонуп жүргөм, алгач автошколду окуп бүт, анан буюрганы болот.
– Ураа, менин апамдай алтын апа жок бул ааламда!
Рулду башкарып келаткан апасын кучактай өпкүлөдү Асман кубанып. Мен кылам дегенде кылам деген өжөр мүнөзүнө салып жибитип отуруп, айдоочулук курсунда окубай эле
машина алмакка көндүрдү апасын. Бүгүн бардык ишин жыйыштырып салышып, апасы, жездеси, эжеси төртөө «Азамат» машина базарында жүрүшөт. Жайдын күнү болгондуктан,
күн куйкалап ийчүдөй ысык. Ага деле карабай улам бир машинаны карап, отуруп көрүп, кайра түсүн жактырбай жүдөттү жанындагыларды.
эле ойлой бересиң, апамды, боюнда бар мени аяп койчу. Эртеден бери сага араба таппай өзөрдүк,- деди эжеси чыдабай.
– Чыдап тургула, жакшысын алыш керек, алганга жараша. Акча жетет,- деп эжесинин кебин этибарга албай койду. Улам бир машинага отуруп, баасын укканда акырын туруп кетип,
кайра баштагы барган жерине кайтып барып жүрүп акыры жактырды, баасын быча башташты. Кызыл түстөгү Фольксваген Гольф-3 үлгүсүндөгү темир тулпарды минип алып
борборду көздөй зуулдап жөнөштү, жууганы.
Бул учурда бир көрүп Асманга назары түшкөн министр катчысы менен жардамчысынан ал тууралуу билип отурду.
– Ардак Рахимович, борбордо, батирде апасы менен турат экен, Кантта өздөрүнүн үйү бар. Эки жылдай болуптур, шоу-бизнеске аралашып, бирок ордун азыр анчейин таба элек.
– Анан...
– Анан өң-келбети келишкени менен, үнү анчейин жок деп айтышты. Бир ыры бар экен, анча-мынча жаштар ырдап коюп жүрүшөт, клип тарттырат окшойт ошол ырына...
Исман шефине Асман тууралуу дагы көп баяндап берди. Катчы кыз болсо бирде Исманды, бирде жетекчисин карап «бири жеткен шүмшүк, экинчиси элге түзүк эле аты чыккан
белгилүү киши, үй-бүлөсү деле бар, анан ушуга эмне жетишпейт, жаш кызга көз артып» деп жектеп турат. Кантсе да кытмыр киши, катчынын оюн окуп койгонсуп «Жиза, сен
бошсуң. А сен, Исман, бул таланттуу кызга колдоо көрсөтүш керек болсо көрсөт, атасы мен жактан болот экен, таанышым» деп көзүн кысып койду.
(Уландысы кийинки санда)
Жаңыл Калыкова