ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (25-марттан 31-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта түрдүү окуяларды ичине камтып, кээ бири терс эмоцияларды тартуулайт. Шейшембиде талашып-тартышууга барбоо кажет. Болбосо аягы таарынышуу менен аяктайт. Жума күнү балдарды көңүлдүү эс алдырууга жана санаалаш достор менен жолугушууга убакыт бөлүү талап кылынат. Жекшемби – жаңы маалыматтарды өздөштүрүүгө ылайыктуу күн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Буга чейинки аткарган иштерге канааттанбоо келип чыгып, алдыга жаңы максаттарды коёсуз. Шейшемби – көп энергия коротпой бир топ иштерди бүткөрүүчү күн. Шаршемби баш кошууга же чакан чөйрөдө кече уюштурууга ылайыктуу. Жума күнү уурулардан, калпычылардан сактануу кажет. Жекшембиде тааныштар менен чырдашпай, маселени түшүнүшүү менен чечүү оң.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Каржылык жана социалдык абалыңызга байланыштуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Азгырган сунуштардан жана күмөндүү иштерге акча жумшоодон баш тартыңыз. Шейшембиде орунсуз жоруктар менен жетекчиликтин көзүнө урунбоо кажет. Шаршембиде иште күтүүсүз текшерүүлөр болушу ыктымал. Ишембиде ат арытып келген конокторго убакыт бөлөсүз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Каалоо-тилектер орундала баштачу апта. Дүйшөмбүдө карыздардан кутулуп, эски убадаларды аткаруу кажет. Шейшембиде жалгыз иштеп, көп акча таппастыгыңызды сезесиз. Ушундан улам чогуу иштөөнү бирөөлөргө сунуштайсыз. Жума – бурулуш күн. Жашооңузда көп нерселер өзгөрүп кетиши мүмкүн. Жекшемби күнү эмнеге киришсеңиз да, майын чыгара аласыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жаңы ишке которулуу боюнча чечим кабыл албай туруңуз. Болбосо жаңы иш сиз ойлогондой болбой, ишсиз калуу коркунучу бар. Дүйшөмбүдө менсиреген мамилеңизден улам бир иштерди бүткөрө албай убара тартасыз. Жүрөгүңүзгө жакын адам менен жолугушуу өзгөчө абалда өтөт. Дем алыш күндөрү үй эмеректерин которуп жайгаштырууга ылайыктуу.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Болуп жаткан окуяларды анализден өткөрүп, канткенде оң жыйынтыкка жетүүгө болорлугун тактаңыз. Дүйшөмбүдө сизди жагымсыз сүйлөшүү күтүүдө. Бейшембиде жумуштагы маселелер менен чуркап, суй жыгыласыз. Ишембиде өткөн жашоону унутуп, жаңы жашоого эшик ачуу керектиги бир окуядан улам билинет. Жекшембиде эски тааныштардан кабар аласыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө жагымсыз нерселердин баарын унуткартып, маанайыңызга шаң тартуулоочу кырдаалга кез келүүңүз мүмкүн. Шейшембиде майда кырсыкка учурабашы үчүн балдарды көз жаздымда калтырбоо кажет. Бейшембиде үй иштерине убакыт таап, сулуулук салонуна да баш багыңыз. Аптанын аягында сизди кызыктуу таанышуу күтөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Кызыктарга бай апта. Башкаларды бат макулдатууга, маселелерди бат чечүүгө жетишесиз. Дүйшөмбүдө аягы күмөн саналган иш ийгиликтүү бүтөт. Шаршембиде буга чейинки каталарды жоюунун үстүндө иштөө керектелет. Бейшембиде бир жакка жөнөп жатып кийимиңизди булгап же бир буюмду бүлдүрүп алууңуз мүмкүн. Ишембиде достор менен баарлашуудан жолуңуз болот.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сырыңызды ишенген адамга гана айтпасаңыз, элге жайылып кетүү коркунучу бар. Дүйшөмбүдө ойлоп сүйлөбөсөңүз, жакын адамыңызды таарынтып аласыз. Шейшембиде бирөөлөргө кылган жакшылыгыңыздын акыбети кайтат. Жума күнү кыймылсыз мүлк боюнча сүйлөшүүлөр оң жыйынтык бермекчи. Ишембиде сизди бир иштер боюнча алдаган адамдын бети ачылат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада адамдарды өз пикириңизге киргизүүгө, ынандырууга мүмкүнчүлүк бар. Шейшембиде сунуштар түшөт, пайда алып келерине көзүңүз жетсе гана кабыл алыңыз. Шаршембиде чыгармачыл адамдарга илхам келип, бир топ нерселерди жаратат. Жекшембиде жол жүрүүдө буюмдарыңызды жоготуп алуу коркунучу бар, абайлаңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жашоодогу башкы адамдар болгон балдарга, жакындарга көңүл бөлүү кажет. Тааныштарыңыз аркылуу чоң ишти бүткөрүп, эс алып каласыз. Жаңы идеяларды жар салбай туруңуз, башкалар колдонуп кетишет. Жума күнү оор нерселерди көтөрүп белди кокустатып алуудан алыс болуу кажет. Ишембиде уюштуруу иштерине катышып, мактоого арзыйсыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө документ иштерин бүткөрүү үчүн жогорку органдарга кайрылууңуз күтүлүүдө. Шейшембиде бирге иштешкендердин ичинен аброюңузга шек келтиргендер чыгат. Эл көзүнчө айтышпай, жекече сүйлөшүү оң. Бейшемби банктан насыя акча алууга же кайсы бир иштер боюнча келишим түзүүгө ылайыктуу. Жекшембиде жол кырсыгынан абайлоо кажет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан