Чүй облусунун Москва РИИБинин кызматкерлери өткөн аптада оор кылмышка кириптер болгон айымды кармашты. Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында Москва районуна караштуу Ак-Суу айылында болжол менен таңкы 4төрдө алкоголь ичимдигин ичип отурган жарандык никеде жашаган түгөйлөр чырдашып кетишкен. Жыйынтыгында 1993-жылы туулган Л.Ю. аттуу айым 1979-жылы туулган жарандык никедеги күйөөсү М.Кны бир нече жолу ашкана бычагы менен сайып жиберген. М.К. окуя болгон жерден каза тапса, ал эми 1 жыл чогуу жашаган анын сүйүктүүсүнө 97-берене (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg