Акмөөр Султанова:«ЫРДЫН ЖАРАЛЫШЫНА ТААРЫНЫЧ СЕБЕП БОЛГОН»

Жакында гезитибиз өткөргөн «Аялзат – аалам ажары!» сынагында дагы бир акындын сыры ачылды. Дегеним, жеңүүчүбүз Акмөөр Өмүркул кызынын Таалай Бектургановдун «Ырымдын сырлары» ырынын автору экенин маек учурунда билдик. Таарынычка, капага малынган бул чыгарма кандайча жаралып калгандыгын автордун өз оозунан угалы.

– Акмөөр, бул ырды уккан адам «ашыгынан катуу көңүлү калган адам» деп жыйынтык чыгарары шексиз. Өзүңүз буга эмне дейсиз?
– Ооба, таарынычтан улам жаралган ыр. 1993-жылы Жалал-Абаддагы телевидениеде иштеп калдым. Ал жерде Болот деген жигит иштечү. Кесиптештерибиз экөөбүздү «Акмөөр-Болот болосуңар» деп жабыштырып коюшчу. Көп өтпөй чын эле кыз-жигит болуп чыга келдик. Бир жылдан ашык сүйүү отуна жалындап күйдүк. Кийин болбогон окуя үчүн эле таарыныша кеткенбиз.
«Өмүрдө өчкүс болуп,
Көңүлүм калды неге?
Мас болуп сен бирөөнү,
Кучактап турган кезде...» деген ыр саптарымда айтылгандай, бир жолу келе жатсам, Болот кызуу болуп бир кызды кучактап туруптур. Ал кезде 20 жашта элем. Курч, эч нерседен тайманбаган, өжөр болсом керек да. Мына, 40тын кырына чыгып калдым. Азыр ойлоп коём, «кучактаса кучактап коюптур да, эмне экен?» деп (күлүп). Таарынбасам мындай ыр жаралмак эмес анда.

– Табышууга аракет кылган жоксуздарбы?
– Жок, аракет кылбадык. Кийин ал бизде иштеген эле кызга үйлөндү. Мен башкага турмушка чыктым. Негизи, жашоомдо Акмөөр атым өзгөчө роль ойноду көрүнөт. Өзүмдөн бир топ жаш улуу, колунда бар кишиге башымды байладым. Ал адам өзү да күлүп айтып калчу, «мен Жантаймын» деп. Тагдыр экен, эки балалуу болгонубуздан кийин каза болуп калды. 3-4 жыл мурун Болот менен капысынан көчөдөн жолугуп калдым. Бала-чакалуу болуп, дагы деле телевидениеде иштеп жатканын айткан.

– Ырдын кандайча Таалай Бектургановдун колуна тийип калганы да кызык болууда?
– Менин бир дептер ырым Болоттун колунда калган эле. Таалай Болоттун досу болчу. Ошондон алса керек деп ойлойм. Негизи, бул ыр 12 куплеттен турат. 20 мүнөт ичинде жазылган. Таалай 5 куплетине обон чыгарыптыр. Калган 4 куплетин «Таалай элеси» тобу ырдап жүрөт экен. Аны да базарда баратып угуп калдым. «Жок, жок, баары жалган» деген саптары дароо кулагыма угулду. Токтоп угуп, анан басып кеттим. Таалай көзү тирүүсүндө дайыма автору мен экенимди айтып ырдачу. Азыр атым айтылбай деле калды. Бирок мен буга капа деле эмесмин. Тескерисинче, ырым көмүскөдө калбай, эл арасында ырдалып жүргөнүнө сыймыктанам.

– Обондуу башка ырларыңыз да барбы?
– Жок. Жолдошум каза болгондон кийин чыгармачылыгымды кулпулап салган окшойм, ыр жазбаганыма 10 жыл болуптур. Сиздер жарыялаган сынак тууралуу окугандан кийин колума калемимди алып «Мен – аялмын!» деген ырымды жаздым. Буюрса, эми чыгармачылыкты колго алам.

ЫРЫМДЫН СЫРЛАРЫ

Сөзү: Акмөөр Султанованыкы
Обону: Таалай Бектургановдуку

Кыялбай бир өзүңдү,
Алоолоп оттой жандым.
Сагынба, баарын унут,
Алтының болбой калдым.
Кайырма:

Канчалык күттүм күндө,
Өрт болуп отко күйбө.
Мени эми кызыктырбайт,
Сен мени сүйгүн, сүйбө.

Мен сени сагынбаймын,
Сага арнап ыр жазбаймын.
Сени ойлоп мен ар дайым,
Өзүмдү кыйнабаймын.
Кайырма:

Токтобой тып-тып тамат,
Көзүмөн жаштар улам.
Акыркы коштошордо,
Мен сени кыйбай турам.
Кайырма:

Биз дагы жолугабыз,
А бирок сендик болбойм.
Жанымда жүрсөң дагы,
Жүрөгүм муздак бойдон.
Кайырма:

Тотомидин, «Таалай элеси» тобунун жетекчиси:«ЫРЫБЫЗДЫН АВТОРУ КИМ ЭКЕНИН БИЛЧҮ ЭМЕСПИЗ»
– Жок, жок, баары жалган,
Мен сага ишенбеймин.
Таптаза сүйүүмдү,
Бекитип кишендеймин...
Бул «Баары жалган» деген ырды Таалай Бектургановдун ыр куржунунан алганбыз. Ырчынын акыркы ырларынын бири болчу. Алгач бул ырды Нуриса Абасова ырдап чыккан эле. Кийин биз, топтогу Элзат экөөбүз дуэт кылып элге алып чыкканбыз. Эл жакшы кабыл алган. Чынында, бул ырдын текстин ким жазганын билчү эмесмин. Бирок обону Таалай Бектургановдуку экенин билем. Минтип автору табылганына абдан кубанычтамын.

Дамира Арстанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nur_meerim
2013-03-25 10:38:28
Мага Таалайдын бардык ырлары жагат! Дагы ыр жазыныз, эн сонун жазылган ыр!
0
aiza11.3
2013-03-25 14:40:45
музыканын,ырлардын ыры.шедеврлар да
0
Knt
2013-03-25 15:38:08
Биз дагы жолугабыз,
А бирок сендик болбойм. . .
degen saby jawoosunda keliptir da ejenin. . .
0
Kg.lady
2013-03-28 23:34:57
классикага айланчу ыр. негизи журоктон чыккан ыр журоко жетет деген создо калет жокда
0
parus.kg
2013-03-29 22:43:14
сонун ыр саптары жонокой создор менен жазылса да терен маанисин тушуносун созу да обону да бири бирине топ келишкен чыныгы классика десек да болот аны Т.Бектурганов жеткирип ырдаган абдан уккулуктуу аттин аткаруучунун омуру кыска экен
0
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан