Ош шаарындагы борбордук базарды жылдырып, ал орунга узундугу 500 метр, туурасы 14 метрди түзгөн Кара-Суу көчөсүн куруу планы 2011-жылы иштелип чыккан. Соода-сатык иштеринин тоскоолдугун жоюу үчүн түзүлгөн план ишке ашпай келаткан. Ушул жылдын 18-мартынан баштап Кара-Суу көчөсүн оңдоп-түзөө иштери башталып, шагыл төгүлүп, жолду ныктоо, түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүп, көчөнүн эки тарабы бетон тосмолор менен тосулганын Ош шаардык жол башкармалыгынан Улукбек Жаныбеков маалымдады. Бул жолдун оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабы 2012-жылы башталган. Ага жергиликтүү бюджеттен 11 миллион сом бөлүнгөн, бул жылы да 11 миллион сом бөлүнүп, Кара-Суу жолун июнь айында ишке берүү пландалууда.