Автобусту көпчүлүк учурда эркектер айдашат эмеспи, а биздин Ош шаарында эчен жылдан бери автобус айдаган айым бар. Кишимжан эжени маекке чакырып, экөөбүз жолугушкан жерден анын ишканасына жеткиче алдыбыздан чыккан кишилердин баары «Кишим, амансыңбы?» деп сый менен амандашып жатышты.
– Кишимжан айым, көбүнчө мырзаларга тиешелүү бул кесипти кандайча аркалап калды?
– Мен Алай районунун Жошолу айылында туулуп, бала чагым Гүлчөдө өттү. Айдоочулук атамдын сүйгөн кесиби эле. Эркек мүнөз болуп атамды ээрчип, машина оңдосо, мен да артынан темир-тезегин көтөрүп чуркап жүрүп кызыгуум артып калган. Мектепти бүтүп кесип тандоого келгенде апамдар «сен эркек мүнөз кызсың, дарыгер болушуң керек» деп Бишкекке жиберишти. Мен да доктурлукка кызыгып, макул болуп эле баргам. Анан ал жакта аялдамадан «Троллейбус айдоочулук кесибине окууга чакырабыз» деген жарыяны окуп калып, ошого тапшырып салдым. 6 ай окуп, практикага чыгардын алдында үйгө келсем, апам менен чоң энем «кыз балага болбойт бул кесип, кантип иштейсиң эми?» деп аябай тилдешкен. Апам «атаң жумушта, азыр келсе жакшы сөз укпайсың» десе атамдан аябай коркком. Бактыга жараша, атам мени тилдебей, тандоомо макул болуп, менин тарабымды талашкан. Анысы мага дем берип, окуумду ийгиликтүү аяктадым.
– Аял кишинин айдоочулук жумушка кабыл алынуусу бир топ кыйынчылыкка тургандыр?
– Жок, окууну бүтүп келгенимде 78-жылдар эле. Ошко троллейбустар жаңы эле келип, ремонттору жакшы эмес, линиялары толук бүтпөгөн кез болчу. Мен кайрадан «Автоучкомбинатка» тапшырып, андан соң «Такси мотор» автобазасына айдоочу болуп жумушка орноштум. Эң биринчи жүк ташуучу машина айдагам. Кызматыбыз почтага келген каттарды ташуу болчу. Жүргүнчү ташууга тажрыйба керек болгондуктан, төрт жыл жүк ташуучу унаа айдап жүрүп, кийин «жүргүнчүлөрдү ташуу категориясына» тапшырып, ошондон бери жүргүнчү ташып эмгектенип келе жатам. Айдоочу болуп иштегениме жалпысынан 30 жыл болсо, жүргүнчү ташып иштегениме 26 жыл болду.
– Рулга отурган алгачкы кез эсиңиздеби?
– Ооба, эсимде. 9-классымда атам автомектеп ачкан. Балдарды машина айдоого үйрөткөнү жолго алып чыкканда мен да ээрчип алып машина айдачумун. Жаңы үйрөнгөн адамга машина оору болуп калат да. Ал кездерде аялдар рулга отура элек кез болчу, мени көргөндөрдүн баштары кайрылып калар эле. Ансайын кызыгып калчумун.
– Үй-бүлөдө сизден башка дагы айдоочулукту аркалагандар чыктыбы?
– Бир туугандарымдын ичинен эркек балдардын баары эле айдоочулук окуу жайын бүтүрүшкөн, бирок эч кимиси мен сыяктуу жүргүнчү ташып иштешпеди. 3 уулум бар, алар да бул кесипке жакын эмес. Кичүү уулумду кээде кассир кылып жаныма ала жүрөм.
– Жездебизди да айдоочу болуп жүрүп тапкандырсыз?
– Ооба, иштеп жүрүп табышканбыз. Турмуш кургандан кийин деле жумушума каршы болбоду.
– Сиздин айдап баратканыңызды көрүп таңыркаган жүргүнчүлөр да көп болсо керек?
– Жылдар өтсө деле мага таң калып бүтүшпөйт. Адамдар автобуска чыгып келе жатып айдоочуну карашпайт да, чыгып алгандан кийин мени көрүп алып «канча жылдан бери айдайсың? Көнүп эле калгансыңбы? Жакшы эле айдайсыңбы?» дешип, айдаганымдан шек санап же түшүп кете албай обу жоктонгон аялдар көп болот.
– Орто жолдо автобус бузулуп калса кандай чара көрөсүз?
– Эгер оңдоочу куралдарым жанымда болсо, өзүм эле оңдоп алам. Анан менде жок темирлери бузулган болсо, ишканага байланышам.
– Бул кесиптен жадап, дарыгер боло бербептирмин деп өкүнүп калган учурларыңыз болгонбу?
– Андай учурлар болбоду. Эч качан чарчабайм. Ар бир аялдамага токтоп, адамдарды алмаштырган сайын аларды күзгүдөн карап отуруп кубанып, эс алам. Автобуска карапайым, жүрөгү таза, ар кыл мүнөздөгү адамдар чыгат.
Алган маянабыз деле анчалык эмес. Мисалы, күнүнө 3500 сомго жакын план толтурабыз. Андан бизге эч нерсе деле ашпайт. Алган маянабыз 5000 сом. Ишимди сүйгөнүм үчүн кээде план толбой калса, өз чөнтөгүмдөн толуктап коём. Жумушта да кесиптештеримдин алдында барктуумун. Аял болуп туруп алар менен тең ата иштеп жатканымды сыйлашат.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg