КЫТАЙЛАР КЫРГЫЗДЫН САЙМАЛАРЫНА КОЛ САЛУУДА

«Заман өткөн сайын элибиз батышка ооп, бузулуп баратат» деп көп наалый бермейибиз бар. Жаман жакты гана айта бербестен, жакшы жакка да өнүгүп жатканыбызды унутпайлы. Жакынкы жылдарда кыргыздын улуттук стилинде кооз кийимдер чыга баштады. Эми саймалуу кийимдерди бир гана сахнага чыккан артист же улуу аксакалдар эмес, жаштар да кызыгуу менен жактырып, кийип баштады. Кеп мына ушул бир кезде унутта калган кыргыздын саймалуу кийимдери тууралуу болмокчу.

УЛУТТУК КИЙИМДЕРИБИЗДИ ЖОГОТУУГА АЗ КАЛГАНДА...
Ар бир улут өзүнө гана таандык тили, тамак-ашы, мамлекеттик атрибуттары жана улуттук кийимдери менен өзгөчөлөнөт. Анын сыңары, кыргыздар тээ илгертен бери оймо-чиймелүү чепкен, белдемчи, кемселди үстүнөн түшүрбөй кийип келишкен. Совет доорунда Орусияга таасирленип, көп улуттук кийимдерибизди унутта калтырганбыз. Бир кездерде майрамдарда кийген артист көйнөктөр сандыкта катылган бойдон кала берди. Ортодо бир нече жыл тыныгуу болуп, жаштар батыштын кийимдерине азгырылса, чоң ата, чоң энелер улуттук кийимди сый катары бири-бирине кийит кылып гана колдонуп калышкан. Ага ылайык, ар бир үйдө сөзсүз «дежурный» чапан менен калпак жатчу. Улуттук кийимдер колдон-колго өтүп отуруп, акыры модага айланган заман келди. Акыркы жылдары жашы-карысы дебей, заманбап иштелип чыккан улуттук колоритти сактаган кийимдерге кызыгуу арттырып, суроо-талап көбөйө баштаганы кубандырбай койбойт.

ЖАЛАЛ-АБАДДЫКТАР МЕКЕМЕЛЕРГЕ УЛУТТУК КИЙИМДИ СУНУШТАШТЫ
Өткөн жылдын 19-декабрында Жалал-Абад шаардык мэрия тарабынан бардык мамлекеттик мекеме-ишканаларга ар бир аптанын жума күндөрү улуттук кийим кийип келүү боюнча демилге көтөрүлгөн. Бул иш боюнча атайын рейд да жүргүзүлүп жатты. Жалпысынан бул демилгени калайыктын көпчүлүк катмары жактырып, сактап келишүүдө.
Азыркы күндө маалыматтарга ылайык, айрым мектептерде мугалимдерге «сабак учурунда улуттук кийим кийиши керек» деген милдеттенмелер коюлган. Ошол эле учурда эч кандай милдеттенмеси жок, өз каалоосу менен кийгендер да бар. Кара-Кулжа районундагы Бекиев атындагы орто мектептин мугалимдери активдүү түрдө бир жылдан бери улуттук кийимди кийип жүрөрүн айтышат. «Өзүбүздүн улуттук кийимдерибиз жакында мода болуп баштабадыбы. Жаш-кары дебей, 1500-2000 сом экенине карабай сатып алып кийип жатабыз. Кала берсе, азыр мугалим менен окуучулар айырмаланбай деле калбадыбы. Ошондуктан бир аз өзгөчөлөнүп туруш үчүн да керек экен. Көйнөк, чепкендер өзүбүздө сатылбагандыктан, атайын Ош же Бишкектен заказ менен алдыртып киебиз»,- дейт мектептин мугалими Гүлзат Мамышева.

«АТААНДАШТЫК БИЗДЕ КҮЧТҮҮ»
Мурун мындай кийимдерди издеп жүрүп араң тапсаң, азыр кадам сайын түр-түрүнөн, ар кайсы жашка туура келген, каалаган фасондогу, каалаган сайма менен издегениңди алып кете бересиң. «Ош базарынын» өзүндө эле 80дей ушундай кийим саткан түйүн бар экени белгилүү. Андыктан чоң суроо-талапка ээ болгон саймалуу кийимдерди сатуучу ДАМИРА ШАРШЕНОВА менен бул бизнес тууралуу баарлаштык.

Дамира айым, канча жылдан бери бул жаатта эмгектенип келесиз?
– Улуттук кийимдерди тигип сатканыма 10 жылдай болду. Мурун улуу муундарга гана кийиттерди тиксек, бара-бара талпынып баштаган баладан тартып 100дөгү кемпир-чалдарга да тигип калдык. Жадакалса жигиттер да келип, сюртук, пиджактарды сурап калышат. Алардын талабына ылайык кылып эркектердин кийимдерин да чыгаруудабыз.

– Жакшы экен, кол менен машинкага тигилген сайманын кандай айырмасы бар?
– Колго тиккендин убарасы көп. Бир чепкенди, мисалы, көзүңдүн майын кетирип отуруп бир жумада бүтүрөсүң. Ошого жараша акчасы да 200 доллардан кем болбойт. Ошол эле нерсени машинка менен жүгүртүп алсаң болот. Убакыттан утасың, экөөнүн сапатында айырмасы деле жок. Азыр колго тигилген деп саткандардын көпчүлүгү машинка менен жүргүзүлөт. Аны айрымдар уялбай эле «кол менен тигилген» деп алдап
сатышат.

– Кытайлар да кыргыз кийимдерине кол салып баштаптыр дешти эле...
– Азыр бизге «көп алам» деп кытайлар келсе да, жакын жолотпой калдык. Анткени алар кирип кетти дегиче, көп өтпөй дал сенин эле буюмуңду арзан баада чыгарып салган болот. Алар арзан материалдарды сатып алып, ошого эле компьютер менен сайма бастырат да, арзан баада сата беришет. Кытайлыктар чыгарган кийимдерди биз «чаң соргуч» деп коёбуз. Анткени алардыкы айланадагы чаңдын баарын өзүнө тартып алат. Кээде кытайлар эмес, өзүбүз деле алардан кем калышпайбыз.
Бир фасонду ойлоп тапсаң, аны уурдап алып, тигип, сата беришет. Кыскасы, атаандаштык бизде өтө күч.

Мындан тышкары белгилүү дизайнерлер улуттук кийимди даңазалап, чет өлкөлөргө чейин чыгарып келишет. Алардын колунан жаралган эмгектер жана белгилүү айымдар кийген улуттук кийимдер тууралуу кызыктарды кийинки макаладан окуй аласыздар.

Гүлжамал Бөрүкулова

«Супердин» сурак бурчу
ГАРДЕРОБУҢУЗДА КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ БАРБЫ?

Роза Шакирова, ырчы:
– Менин концерттик кийимдеримдин 70 пайызы улуттук стилде. Ал эми күнүмдүк турмушта кийгенге жазгы күрмөм бар. Негизи эле кыргыздын улуттук костюмдарын кийип, кыргызча сүйлөп, кыргыз экениңди билгизип турсаң жакшы эмеспи. Акыркы учурда кыргыз саймалуу кийимдери модага айланып баштаганы абдан кубандырат.

Мастура Шарипова, Ош шаары:
– Менин гардеробумда бир эмес, бир нече улуттук кийимдер бар. Өзүм мугалим болгондуктан, студенттеримдин алдында менин ички дүйнөм менен сырткы көрүнүшүм дал келип туруусу керек. Улуттук форманы окуу жайга кийип келүү сунушун тайпамдагы студент кыздар сунуштап, азыр башкалардан өзгөчө болуп жүрөбүз.

Майрам Мамытова, Нарын облусу:
– Албетте, бар. Мен алардын ылайыктууларын күнүмдүк кийим катары көчөгө кием. Азыркы жаштардын көбү улуттук орнаменттер түшүрүлгөн кийимдерди сатып алуудан баш тартышат. Бирок мен, тескерисинче, заманбап үлгүдөгү улуттук оймо-чиймелери бар кийимдерибиз менен сыймыктанам. Мен үчүн бул нерсе модадан кетпейт.

Элиза Кененбаева, телеалпаруучу:
– Кыргыз улуттук кийимим мектепте окуп жүргөндө бар болчу. Ал көйнөгүмдү ар кандай майрамдарда кийчү элем. Азыр гардеробумда улуттук кийим жок. Негизи, бир кездерде ушундай бир кийим алып кийсем деп жүргөм. Бирок мен алгыча эле элдин баары кийип чыгып салбадыбы. Ошого кайра албай эле коёюн деп калдым.

Марал Койчукараева, актриса:
– Гардеробумда кыргыздын улуттук кийимдери жок. Бул, балким, кызыкпаганымдан улам болсо керек. Бирок кээде маданий иш-чара, кечелерге барганда кийчү болсом, атайын ижарага алып турам. Азыр улуттук кийимдерди мурункудай көп издебей деле калбадыкпы, оңой тапса болот.

Кундуз Исмаилова, Ысык-Көл облусу:
– Өзгөчө эки-үч жылдан бери кыргыздын улуттук кийимдерине басым жасалып жаткандыгы кубанычтуу. Өз өлкөбүздөн чыккан кийимдерди кийүү биз үчүн дагы сыймык. Менин гардеробумда эки улуттук көйнөгүм, иймек-шакегим бар. Аларды көбүнчө сыйлуу тойлорго, майрамдарга кийгенди жактырам.

Улара Алимбекова, Жалал-Абад облусу:
– Ар бир аялзатынын гардеробунда кыргыз улуттук кийими болушу керек деп билем. Менде да бир нече түрдүү кийимдер бар. Баарынан да кубанганым, азыр улуттук кийимге мурдагыга караганда көбүрөөк көңүл бөлүп калышты. Эми бул нерсе ушуну менен токтоп калбай, улам өнүгө берсе дейт элем.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Taalaibek.
2013-03-25 18:17:32
Айланайын аяал заты, улуттук кийимдерден кийиниздерчи. Кайдагы шортиктерди же болбосо шымдарды кийип аласынарда, жарашса-жарашпаса деле жабыштырып кийип аласынар, эркек кыз экениерди билбей да калабыз. Анысы аз келгенсип улгайган эле энелер шым кийип аласыздар да. Уяалсаныздар боло энелер, сиздерди коруп кыздар онолобу. Кыздар, келиндер, айымдар, авратынарды жаап жакшынакай журушсо, ким кана Кыргызымдын кыздарынан айлансын, кагылайын айымдар!
+4
Nasipa
2013-03-26 08:33:04
Мен турецикий компания да иштейм ENKA да. Бизде иштеген орус кыздар менин улуттук чыптамамды коруп, мага Кыргызстанга барсан бизге да ала кел деп Заказ бергендер бар. Эн кызыктуусу обедде тамактанып отурсак, турк киши келип "Бул чыптаманды кайдан алдын мен да аялыма алат элем" дейт. Биз кудук бул аябай кымбат 100 $ деп. Макул канча болсо алдырам дейт. Буйруса апрелдин башында отпуск Кыргызстанга барам, ошондо алардын заказын алып келем. Мен жумушума ал чыптамамды сыймык менен кийип келем.
0
Kg.lady
2013-03-26 21:06:22
чынындале кыргызстанга барганда аябай кубандым кийимдерден баштап тошок жуурканга чейин улуттук саймалар болуп калыптыр.жадаклса жаны келген келиндергеда сонун халаттар кыргызчы формадакен
0
kaniet
2013-03-27 11:47:26
Эн жакшы демилге, кана эми улуттук кийимди кийип эле басып калсак. Азыр ким коп-дизайнерлер коп, заманга ылайыктап эле кыргыздын улуттук кийимин тигип коюшсун, ошондо кийбеген адам болбосо керек. Коруп атабыз го, азыр аласы тизесинде жургон шымдарды кие башташты, андан коро улуттук кийимибиз мин эсе артык да, мен 100 % колдойм!
+1
mi-li-na
2013-03-28 22:35:48
Дизайнерлердин кобу жакшы бирок уурунун коп болгону жаман. Мамлекет ушуга окшогон улуттук кундуулуктарды колго албаса анда жакында кооп нерседен кол жууйбуз. КАзактарды коргулочу бизге тиешелуу нерселердин баарын оздорунуку кылып каттатып алышкан...
0
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан