Акыркы жылдары дүйнө жүзү бизди революция, пикет-митингдердин өлкөсү деп таанып калбадыбы. Мындай ойлорду аз да болсо жакшы жакка өзгөртүүгө далалат кылып жаткан жаш таланттар бар экени сыймыктандырат. Алардын бири жакында Москвада өткөн Эл аралык КВН оюндарынын Жогорку Лигасында Кыргызстандан алгачкы жолу катышып, чейрек финалга жолдомо алышкан «Азия Микс» командасы. Бүгүн биздин төрдө аталган команданын капитаны жана өлкөбүздөгү «КG Сlub», «Большие люди» өңдүү долбоорлордун автору Эльдияр Кененсаров.
– Эльдияр, саламатсызбы? Сиздин командаңыз Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу КВН оюндарынын Жогорку Лигасында ойноп отурат. Бул окуя сиздер үчүн да күтүүсүз болгондур?
– Саламатчылык. Ооба, биз да күткөн эмеспиз. Жогорку Лигада ойноо ар бир КВНчинин кыялы эмеспи. Биз алгач Премьер Лигага эле өтсөк керек деп ойлогонбуз. Бул окуя биз үчүн абдан жагымдуу сюрприз болду. Эми алдыга мындан да олуттуу тапшырмаларды коюп, эң оболу жарым финалга чейин жетсек деп тилеп жатабыз.
– Чейрек финалга өткөнүңөрдү укканда кандай абалда болдуңар?
– Эмоциялар толкуп-ташып жатты. Айрымдар көзүнө жаш алып ыйлашты. Муну бир гана ошол жерде отурган мекендештер билсе, сезсе керек. Биз болсо сүйүнүчүбүздү СТС, ТНТ каналында иштеген досторубуз менен тең бөлүштүк. Кыргызстанга келгенде дос-туугандар, ата-энелерибиз, бүт Кыргызстан куттуктады. Жалпы кыргызстандыктардын маанайын көтөрдүк. Биздин ийгилигибиз үчүн ушунча адам кубанганы кандай бакыт!
– Сизде КВН оюндарына болгон кызыгуу качан башталган?
– Өзүм 2001-жылдан баштап, студент куракта эле КВНде ойночумун. Ал эми телевизиондук КВНге 2006-жылы Казакстандын «КБТУ» командасында ойноп жүргөндө келип калдым. Аталган командада кезинде Кыргызстан КВН командаларында ойногон Бекзат Пирматов, Жанат Керимбаев жана мен болуп ойноп жүрдүк.
«КБТУдан» кеткенден кийин кайра КВНде ойнобойм го деп ойлогом. Анткени Москвада СТС каналында иштеп калган элем. Бирок кайра Кыргызстанга келип «Большие люди» долбоорун ачып калдым. Карасам, автордук жамаатта дээрлик баары КВНде ойногон балдар экен. Бирок эч кимиси чет өлкөгө чыгып, чоң турнирлерге катышкан эмес эле. 2011-жылы акча чогултуп жөн эле Сочиге барып келели деп чечтик. Ал жактан Украинанын Жогорку Лигасына өтүп кеттик. Мына ушундан ары кызыгуубуз уланып кеткен.
– Чейрек финалда ойноочу атаандаш командалар күчтүү болсо керек?
– Жогорку Лигага эч качан начар, алсыз командалар өтө алышпайт. Ал жакта баары күчтүү командалар. Чейрек финалда биздин максатыбыз – тайпадан 3-орунду алып, эптеп жарым финалга чыгуу эмес, 1-орунду алып, өзүбүздү олуттуу фаворит команда катары көрсөтүү. Өзүңүздөр билгендей, чейрек финалда ойноочу биздин тайпада эң күчтүү командалар чогулушту, мындайча айтканда, «өлүм тайпасы» деп койсо болот. Андыктан 15-апрелде баштала турган оюнга бүт күч-дареметибизди жумшап даярданып жатабыз.
– Тамашаңар эмнеси менен өзгөчөлөнүп турат?
– Биринчиден, азиаттардын колорити менен. Ошол эле Москвада канчалаган азиаттар жашашат, эшик шыпырып, дүкөндө, курулуш иштеринде жумуш кылышып. Биз ошолордун турмушунан алынган күлкүлүү учурларды чагылдырып орустарга көрсөтүп жатабыз. Анткени бул нерсе азыр өтө актуалдуу жана орустарга да жакын. Анан, албетте, өзүбүздүн маданиятыбызды, биздин мамлекет өсүп-өнүгүүгө, дүйнөлүк интеграцияга даяр экенибизди көрсөткөнгө аракет кылып жатабыз. Кыргыздарды бир гана революция, аянтта ат менен жүргөн адам катары эмес, таланттарга бай жаштар менен таанытсак
дейбиз.
– «Большие люди» долбоору абдан популярдуу болуп кетти...
– Ооба, «Большие люди» бир гана Кыргызстанда эмес, Казакстанда да популярдуу боло алды. Азыр КВН менен алек болуп жатканыбызга байланыштуу жаңы серияларын тартпай калдык. Негизинен, «Большие людинин» 4 сезону бар, 2 сезону Кыргызстанда, калган экөө Казакстанда тартылган. Буюрса, бул юмордук долбоорго өзгөрүү кирет, азырынча кандай өзгөрүү болорун айтып картанын бетин ачпай турайын. Бул долбоордон тышкары дагы жаңы эки долбоор ачып жатабыз, мунусунда экөө тең кыргыз тилинде болот.
– Жаңы долбоорлордун үстүнөн катыра иштеп жаткан экенсиз да?
– Ооба, элдерге жаңы нерсе кызык болот эмеспи. Кошумчалай кетсем, Кыргызстанга жаңы КВН Лигасын ачып жатабыз. 3-апрелде Улуттук филармонияда салтанаттуу ачылышы болот. Аталган оюнду Александр Масляков кичүүсү өзү алпарат. Орусиянын Камызяк районунун «Камызяки» курама командасында ойногон Азамат деген жигит экөөбүз Лиганын редактору болобуз. Лигага Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан, Кытайдан келген командалар катышат. Жаш таланттарга эч жакка кетпей, ушул жерде ойноп эле Сочиге барууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз.
– Кыргызстандан барган «Тамашоу» курама командасы мыкты оюн көрсөтүштү...
– Ооба, жигиттер азаматтар. Барып, дароо Премьер Лигага өтүп кетишти. Алардын тамашалары көбүнчө миниатюра, пантомима, клоунадалар. Адабий жанрдагы тамашаларын өөрчүтүш керек.
– Тамашалардын сапатын кантип жакшыртыш керек?
– Бир кездеги «мырктар», «гейлер» тууралуу тамашалар азыр эскирди. Андан башка нукта кетишибиз керек. Мисалы, мен Жусуп Абдрахманов же тарыхый бир каарман тууралуу тамаша көрө элекмин. Алар тууралуу тамаша жаратса кантип болбосун? Тамашанын сапаты редакторлуктан да көз каранды. Талапты катуу койсо, эптемей тамашалар өзү эле жоголот. Биз элдин деңгээлин тамаша аркылуу ылдыйга сүйрөбөй, өйдөгө көтөрүшүбүз керек. Өлкөдөгү социалдык, саясий темаларды тамаша аркылуу абдан кылдат, жеткиликтүү кылып күлкү күйөрмандарына түшүндүрүүбүз шарт.
– Өзүңүз тууралуу да кыскача айтып өтсөңүз...
– 1984-жылы Фрунзе шаарында №2-төрөт үйүндө төрөлгөм. Атам Ысык-Көлдөн, апам Жалал-Абаддан. Тилекке каршы, атамдын көзү өтүп кеткен. Үй-бүлөлүүмүн. Эмилия деген кызым бар.
– Жубайыңыз менен кантип таанышып калгансыз?
– Жубайым Камила да чыгармачыл адам, өзү казак кызы, музыкант, жакында жарыкка чыккан «Жатакана» телесериалынын сценарийин жазган. Экөөбүз социалдык тармактардын биринен таанышканбыз. Ал убакта Камила Америкада жашачу. Жазышып, анан чалышып жүрдүк. Кийинчерээк ал Бишкекке келип, жолугуп калдык. Анан мен анын үйүнө Актауга барып колун сурадым. Ошондон бери биргебиз.
– Маегиңизге чоң рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg