Ырчы, телеалпаруучу, ди-джей Чыңгыз Мырзаев жакында кырк жылкылуу болуп, наристе жытына тойбой жүргөн чагы. «Тун наристеме чоң атасы Нурайым деген ысымды ыйгарды. Нур, сулуулук, жылуулук, назиктик, мунун баары аялзатына жарашат деген ой менен ушул атты койду. Көргөндүн баары эле кызымды мага окшоштуруп жатышат»,- дейт кубанычы койнуна батпаган ата. «Атасын тарткан кыз бактылуу болот» дегендей, биз да Нурайымдын бактылуу болушун каалайбыз.