Кытайлык кыргыздарды биздин ырчы айымдар кубандырууну чечишкен окшойт. Анткени жакында гана Айгүл Чалова курбу кызынын чакыруусу менен Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусуна барып, 1-2 шиңгил ыр таштап келген эле. Эми Гүлзинат Суранчиева Үрүмчү шаарына жеке концертин берүүгө аттанганы турат. Жаз келди деген ушул да, чыгармачыл адамдардын да эргүүсү күчөп, жаз менен кошо жанданып чыгышат.