Элдик ырларды катыра аткарган ырчы Нурзат Садыкова 2-апрелде Башкортостанга «Дуслык моно» аттуу эл аралык сынакка аттанууда. «Сынакка жалпысынан 10дон ашык
мамлекеттин өкүлдөрү катышмакчы. Шарт боюнча, катышуучулар сөзсүз түрдө башкыр, татар жана өз тилинде ыр аткарышы керек экен. Мен шартка ылайык эки тилде жана «Сагыныч каты» деген элдик ырды аткарууга даярдык көрүп жүрөм. Мени менен чогуу композитор, КРнын Эл артисти Улукмырза Полотовдун окуучусу Кайрат Салмакеев деген жигит жөнөп жатат. Баш байгеге акчалай сыйлык болот деп айтышкан, бирок кайсы орунга канча суммада акча караларын так билбейт экем»,- дейт Нурзат. Алыска Кыргызстандын туусун желбиреткени аттанып жаткан таланттарыбыздын ийгилик менен кайтышына тилектешпиз.