«Беш тапан» куудулдар тобу түштүк өрөөнүн кыдырып концерт коюп, ырчы Элиза Орозованын сүрөтү бар афишаларды колдонуп жүрүшөт. Бул тууралуу ырчы Элиза: «мындан 2 жыл мурун «Беш тапандын» жигиттери менен бирге Орусияга концерт койгон элек. Ошондогу менин сүрөтүм бар эски афишалар менен куудулдар азыр түштүктө гастролдоп жүрүшүптүр. Алар менен менин чыгармачылык да, достук да мамилем жок. Көбү мени концертке катышат экен деп ойлоп, мага чалып жатышат. Ал эми жигиттерге байланышсам, «ошондой болуп калды, эмне болмок эле?» деп кебелишпейт. Эгер мунусун токтотпосо, мен башка чара колдоном»,- дейт ачуулана.