Сахнада аз да болсо аты таанылып, жадакалса киного продюсерлик кылып калган ырчы Данияр Эрматов продюсеринен кетти. Бул тууралуу ырчынын продюсери Канат Кадыржан: «Биз былтыр 1-апрелде кагаз түрүндө келишим түзүп, иштешип баштаганбыз. Быйыл келишимибиз аягына чыгып, Данияр өз алдынча иштемей болду. Ага чыгармачылык ийгилик каалап, уядан учурдум»,- дейт.