Нооруз майрамынын алдында, 20-март күнү ырчылардан турган топ сүмөлөк кайнатып, элге тартуулашты. Бир кездерде таарынышып жүргөн Артык Саитов менен Сапар Эркебаев, куудул Эрнис Бөрүбаев, Алишер Тоотаев, «60К» тобунун жигиттери биргеликте Бишкектин четиндеги Маевка айылында сүмөлөк кайнатышыптыр. «Бул жөрөлгөнү мурунку жылы баштаган элек. Былтыр шартка байланыштуу уланта албай, минтип быйыл ишке ашырып отурабыз. Сүмөлөк биздин ыйык тамактарыбыздын бири эмеспи. Андыктан достор менен чогулган соң ар кандай оюндарга да орун бердик. Аркан тартышмай, кур таштамай, топ таш сыяктуу улуттук оюндар ойнотулуп, ыр кесе менен коштолду»,- дейт кубанган Алишер мырза. Нооруз майрамды утурлай мындай жакшы жөрөлгө жүргүзүлүп жатканына кубанычтабыз.