ЧАБАНДЕС ЖЕ АТ ЖАЛЫНДА ОЙНОГОН КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ

Ат чабыш – кыргыздын эң маанилүү жана кызыктуу оюндарынан. Чабышка түшкөн күлүк аттарды саяпкерлер таптаарын жакшы билебиз. Ал эми «чабандес» деген сөздү укканда эле ат жалында ойноп, шамал менен жарышкан кыргыз жигиттеринин элеси тартылат. Бүгүнкү күндө да аталар салтын улаган, жылкы баласын сыйлаган жигиттерден уучубуз кур эмес.

КЫСКАЧА ТАРЫХЫ
Албетте, жер каймактагандан тарта эле адам баласынын жашоосу ат менен байланышта. Атты ар бир эле адам мине алышы мүмкүн деңизчи, бирок так ошол ат багуу, минүү бир кездерде кадимки кесип болуп чыга келет деп эч ким ойлобогон чыгар.
Жокей (Jockey) – деген сөз англис тилинен алынган. Кыргызча «тажрыйбалуу атчан киши» же «чабандес» дегенди түшүндүрөт. Дүйнөлүк талап боюнча чабандестин орточо салмагы 50 килограммдын тегерегинде болушу шарт. Ал эми боюна талап жок, ошентсе деле көпчүлүк чабандестер жапалдаш бойлуу (150-167 сантиметр) болушат.
Тарыхта эң алгачкы жокей-клуб 1775-жылы Англияда түзүлгөн. Так ушул жылдан тарта ат чабуу мелдешинин жалпыга бирдей эрежелери жана чабандес кесиби түптөлө баштаган.

«КҮЛҮГҮМДҮ НАЗАРБАЕВГЕ САТКАМ»
Көпчүлүк спортчулар секиден түшкөндө машыктыруучу болуп кеткен сыңары чабандестер арасында «пенсияга» чыккан соң саяпкерликке ыктагандар да кездешет. Буга убагында чабандес болуп, азыр саяпкерлик менен алектенген МИРЖАН МУРАТАЛИЕВ мисал боло алат. Борбор калаадагы «Аккула» ат майданында Миржан мырза бул кесиптин оош-кыйыштары тууралуу кеп салып отурду:

– Менин жети атам жылкычы болгон. Кичинекей кезимден тарта ат чаап жүрчүмүн. Саяпкер болгонума 10 жылдан ашты. Чабандес менен саяпкердин түйшүгү көп. Күлүк ат багуунун эң эле түйшүгү – аттын бутун жаракат алдырбай сактоо. Себеби таза кандуу жылкылардын буттары назик болот. Мындан тышкары убактысы менен жем-суусун берип, тапташ керек. Бир атка ай сайын жем-чөбүнө эле 10 миң сом сарпталат.
Күлүк таптоонун эрежеси: Алгач бастырып баштайсың. 1 ай бастырган соң дагы 1 ай желдиресиң. Анан жайдан чурката баштайсың. Ошентип отуруп, аламан чабышка жакшы даярдык 6-7 айга созулат. Негизи, ат таптоонун атайын эрежеси жок. Себеби ар бир аттын мүнөзү адамдар сыяктуу ар башка. Ар кимисине ар кандай мамиле жасаш керек.
Азыр 5 ат даярдап жатам. Күлүктөрүмдүн жети атасына чейин билем. Кыргызстандагы, көбүнчө Казакстандагы ат чабыштарга чабылат. Себеби казактар чоң байгелерди саят. Күлүктөрдү кымбат баага сатып алабыз. Бул да өзүнчө тобокелдикке жатат. Анткени кээ бир аттарды сатып алган соң өлүп же буту сынып калышы мүмкүн. Мисалы, менин былтыр эле 3 атым өлдү. Эң чоң байгем 2010-жылы Акбайпак аттуу күлүгүм менен Алматыдан
Мицубиси L200 үлгүсүндөгү жип автоунаасын утуп алгам. Ал күлүгүмдү кийин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге дешип, 50 миң долларга сатып алып кетишкен.
Дагы бир айта кетчү нерсе, байтал менен айгыр бирдей эле чуркайт. Бирок байталдын жакшы жагы, эгер буту сынып кала турган болсо, аны бээ кылып баксаң, кулундары деле күлүк чыгат. Күйбөйсүң. Кол алдымда иштеген көп балдарды чабандес кылып чыгардым. Азыр менде иштеген чабандес балдар Казакстанда ат чаап, баш байгелерди утуп жатышат.

«АТ МИНБЕ» ДЕШКЕНИНЕ КАРАБАЙ МИНИП ЖҮРӨМ»
Чабандестер да карьералык өсүш жасашат. Азыр кыргыз чабандестери бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жүрүшөт. Өз кесибин, жылкы баласын берилип сүйгөн, учурда Москва шаарындагы борбордук ат майданда саяпкер-чабандес болуп эмгектенген ШЕРИМБЕК БАЙКЕЕВ өзүнүн кесиби тууралуу буларды айтып берди:
– Кичинекей кезимде жайлоодо желедеги кулундарды кызыгып карап тура берчүмүн. Ошол кызыгуум менен 8-классымдан тарта ат чаба баштадым. 2004-жылы Казакстанга келип бир нече шаарларында чабандес болуп иштеп, 4 жылдан бери Москвада саяпкер-чабандес болуп эмгектенем. Баасы 150-180 миң долларлык 12 ат багып, чабам. Баатырбек аттуу жардамчы чабандесим бар.
Ар бир аттын мүнөзү, табити ар кандай болот. Жылкы баласына назик мамиле жасап, табитине жараша жем-чөбүн бериш керек. Себеби бири жем-чөп көп жесе, бири аз жейт. Күлүктү ар ким ар кандай таптайт, мен ат чабыш болоруна 2-3 ай калганда күлүктөрдү даярдап, таптай баштайм. Аттарды 1 айлампа желдирип, 2 айлампа чаап, андан соң 3 айлампа жай бастырып, күнүгө 3 маал таптайм.
Биздин кесиптин Орусия менен Кыргызстанда айырмачылыгы бар. Чабандестердин салмагы Кыргызстанда 30дан 37 килограммга чейин, ал эми жашы 13төн 16га чейин болсо, бул жакта 54төн 62 килограммга чейин, жаш курагы чектелбей чаба беришет. Мындан тышкары Кыргызстанда маяна 7 миң сом болсо, Москвада 35 миң рубль алам. Бул жакта байгелер да жакшы сайылат. Мисалы, баш байге 100 миң рублдан 10 миллион рублга чейин. Байгенин 10 пайызын чабандес, 20 пайызын саяпкер алат.
Ат чаап баратып жыгылып, аттын бутун сындырып алган учурлар да кездешет. Андайда айып төлөбөйбүз, себеби биз аны атайын жасабайбыз да. Чабандестин кийимдерин атайын жокей-клубдардан сатып алам. Баасы 300-1000 доллар.
Менин билишимче, Москвада азыр 20-30 кыргыз чабандестери иштеп жүрүшөт. Күлүктөрдү породасына, канына жараша тандайбыз. Англиялык асыл тукум жылкылар жакшы чуркашат. Менин ат чаап жүрүп жоготконум – толук билим албай калдым. Мындан тышкары 2010-жылы ат чаап баратып бутумду оорутуп алгам. Кан тамырым шишип кеткендиктен, ооруканага барсам дарыгерлер шашылыш операция жасашты. Сол бутумду 15 жеринен кесишип, венамды кыскартышты. Доктурлар «экинчи ат минбе!» дешкен. Ага болбой эле минип жүрөм. Ал эми уткан байгелерим, ийгиликтерим көп эле. Анын ичинде 2 автоунаа да бар.

ЖАРАКАТ АЛЫШ БИР ПАСТА
Ат чаап жүрүп жыгылып, ден соолугуна оор залал келтирип алган чабандестер да жок эмес. Алардын бири АЛЫМБЕК БАЙКЕЕВ төмөнкүлөргө токтолду:
– 8-классымдан тарта Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын ат майдандарында ат чаптым. Баш-аягы 13 жыл саяпкер-чабандес болуп иштедим. Көп ат таптадым. Ал күлүктөрүм менен Кыргызстанга, Казакстанга, Орусияга таанылдым. 2010-жылы ат суутуп жүрүп жаракат алдым. Алдымдагы ат оюн салып жаткан. Тизгинди бош кармап, тим койдум. Аңгыча ат башын жерге салып жиберип мүдүрүлүп кетти. Кулап, аттын алдында калдым. Мойнумдун 2 жери, омурткамдын 4 жери жана төш сөөгүм сынып кеткен. Ошол жаракаттан кийин, 2 жылдан бери ат чаба элекмин.

«ЧАБАНДЕСТЕРДИН АРАСЫНДА ДА ӨЧӨШҮҮ БАР»
Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак айылынын тургуну САИД АБДУЛЛАЕВ 10 жашынан баштап чабандес аталып келет. «Ат чабуудан өзгөчө ырахат алам» деген чабандес, үйрөнчүк саяпкер кесиби тууралуу маек куруп берди.
– Ата-энем көп жылдан бери мал багышкандыктан, бала чагымдан эле мал-жанга жакынмын. Анан да атам «ат чабыш болот экен» дегенде, мен заматта даяр боло калчумун. Ошентип жүрүп, акыры 10 жашымда чабандес болом деп айылдагы белгилүү саяпкерге барып, ат чабуунун ыкмаларын үйрөнүп баштагам.
«Жылкынын кыялы оор» деп бекеринен айтылбайт. Айрым учурда минген күлүгүң оюң менен болсо, кээде сени алып ыргытып ийиши мүмкүн. Убактымдын көпчүлүк бөлүгү жылкы менен өтүп, сабактан дагы артта калып жүрдүм. Арадан бир жарым жыл убакыт өткөн соң биринчи жолу ат чабышта күлүк чаптым. Алгач жеңишке жетпесем да, саяпкеримдин «сенден мыкты чабандес чыгат, эреженин баарын туура колдондуң» деген сөзү мага дем берип, андан кийин болгон ат чабыштардын көпчүлүгүнө катышып жүрдүм.
Убакыт өтүп, акырындап 2-3-орундарга илинип, оозго алына баштадым. Өзгөчө эсте калган жеңишим, 2009-жылы уткан Субару Легаси үлгүсүндөгү автоунаам болду. Кийин да 2 автоунааны жеңип алдым. Уткан байгенин 30 пайызы машыктыруучуга, 10 пайызы чабандеске таандык болсо, калганы саяпкерге тиешелүү. Мисалы, жип автоунаасынын баасы 15 миң доллар болчу. Мага 1,5 миң доллары тийген.
Чабандестер жай мезгилин жактыра бербейбиз. Себеби жайында оозу-мурдубузга чаң толуп, көзүбүздөн жаш шорголойт. Кышкысын болсо аттардын баарына така кадалгандыктан, жыгылсаң така менен тебелендиде калуу коркунучу бар. Ал аз келгенсип, чабандестердин арасында дагы өчөшүү болот. Ат чаап баратканда бири-бирин аттар менен жөөлөтүп, жолун торогон учурлар кездешет. Чаң жутуп же атың тайгаланып, анан жолуңду торогон учурда бир топ бушайман болосуң. Андай учурда жыгылып, колу-буту сынгандар дагы бар. Жаман жери, чабандестердин коопсуздугуна эч ким жооп бербейт.
17 жаштамын. Жети жылда орто эсеп менен элүүдөн ашык чабышка катыштым. Өткөн жылы Орусияга барып, атайын ат чабуу боюнча үч ай билим алдым. Буга чейин атты жайдак отуруп чапсам, ал жактан ээр-токум менен чабууну, анан ылдамдыгын кантип көбөйтүү керектигин үйрөнүп келдим. Ошондой эле чабандес менен чектелбестен, үйрөнчүк саяпкер болуп, бир жыл мурун таза кандуу жылкы сатып алгам. Буюрса, күлүгүм
Сармат менен май майрамдарында чабышка чыгам. Нооруз майрамында башка күлүк менен Бишкек шаарында өтүүчү ат чабышка даярданып жатам.

АТАК АЛЫП КЕЛГЕН АЖАЛ
1923-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында болгон ат чабышта Фрэнк Хейс аттуу жокей ат чаап баратканда жүрөгү кармап калып каза тапкан. Бирок ал жерге кулаган эмес. «Таттуу өбүү» деген анын күлүгү марага биринчи келип, баш байгеге ээ болгон. Ошондон тарта анын күлүгү «Өлүмдү таттуу өбүү» деген жаңы ысымга ээ болуп, ага андан кийин эч ким минбей калса, Хейс дүйнөдөгү жападан жалгыз маркум-жеңүүчү жокей катары аты тарыхта калган.

Асхат Субанбеков,
Айзат Анарбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ат жалында ойногон кыргыз жигиттери
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
abu_kg
2013-03-25 23:31:07
Ат чабуу жана саяпкерлик, куш жана мүнүшкөрлүк тууралуу Кара Куш атту китептен окуган элем абдан кызыктуу китеп
0
Шаиста Шатманова
2013-03-26 14:06:01
"Кара Шумкар" Сардарбек Рыскуловдуку болсо керек эле. Мага да абдан жаккан.
0
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан