Бир да жолу оңдоодон өтпөй 26 жыл иштеген бассейн 2 кишинин өлүмү менен ишин токтоткон. Болбосо, бул жерде Совет доорунда олимпиадалык сборлор өткөрүлчү. Ал бассейн Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун аймагында жайгашкан жана бүгүнкү күндө кароосуз калып, сиз көргөн сүрөттөгүдөй абалда.
ТАЗАЛООГО МАМЛЕКЕТ КАРАЖАТ БӨЛӨТ
Биз чыгармачыл топ менен кирип барып, оозубузду ачып калдык. Эсил кайран СССРдин мурастарынын бири болгон бул жайдын азыркы абалы мышык ыйлагыдай. Тирилик кылып жүргөндөрдү кепке тартканыбызда жазгы тазалоо иштери жүрүп жатканын айтышты. Өкмөт бул жерди тазалоого (оңдоого эмес!) каражат бөлөт. Кызматкерлер көзгө көрүнгөн таштандыларды, суу өткөргүч түтүктөрдөн күбүлүп түшкөн даттарды, дубалдан түшкөн цементтерди чогултуп, бассейн аянтын тазалап чыгышат. Бул жерди оңдоп, элдин кызматына коюу тууралуу кыялдансаң, кыялың таттуу болот.
Бирок кыялыңды ага кеткен каражат менен убакыт желге сапырчудай.
ЧЕМПИОНДОР КАНТЕТ?
Сууда сүзүү спорту боюнча соңку жылдары жылыштар байкалып, көрүнүктүү жеңиштер манжа менен санала тургандай артып барат. Мисалы, 2011-жылы сууда сүзүү боюнча Индонезияда өткөн Азия биринчилигинде өспүрүмдөр арасында Султан Букеев 2 алтын медаль тагынса, 2012-жылы Лондон Олимпиадасына Дарья Таланова менен Дмитрий Александров Кыргызстандын атынан барып катышып келишти.
Мамлекеттен спорт тармагына акча бөлүнөт. Ага катар Спорт Ордосунда жылы бою концерттер өтүп турат. Алардын ар бир күнүнө, саатына ижара акы төлөнөт. Ошентсе да жаңы, олимпиадалык стандарттагы бассейнди мындай кой, оңдоп-түзөөнү талап кылган бир бассейн каралбай жатат. Ток этер жерин айтсак, азыр Кыргызстанда сууда сүзүү спортуна талап жогору. Эч болбосо, шарт түзүп бербей туруп, алардын фонунда сүрөткө түшкөнүбүз, спортчуларыбызды Кыргызстанда шарт жок деп, Казакстанга жана башка Европа өлкөлөрүнө сборго жиберип жатканыбыз уят. Совет мезгилинде бул жер олимпиадалык курамдын мүчөлөрүнүн машыгуучу жайларынын бири болгон. Демек, анын калыпка келүүсү эле өлкөдөгү спорттун өсүшүнө, жайылуусуна мыкты өбөлгө түзмөк.
«СПОРТ ОРДОСУНУН БУГА АЛЫ ЖЕТПЕЙТ»
Спорт Ордосунун имаратында букмекердик кеңсе, сауна, бильярд залы, соода түйүндөрү, деги койчу, баарын ижарага иштетип жатышат. Концерттердин күнүгө болорун, анын ижарасы кымбат деп артисттердин ыйлаганын көп эле көрүп жүрөбүз. Бирок Спорт Ордосунун кызматкерлеринин айтымында, ал кызматтардан түшкөн каражат, болгону, коммуналдык кызмат акыларын төлөөгө жана кызматкерлердин айлыгына гана жетет экен. Шайлоо болордун алдында «ушул бассейнди калыпка келтиребиз» деген куру убада көп эле берилет. Бирок ал ишке ашпай, жетекчилик долбоорлор менен, инвесторлор менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк издөөдө.
Кепти Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун директорунун орун басары ДАНИЭЛ ОСМОН УУЛУНУН оозунан уксак.
– Айтсаңыз, бассейнди оңдоо боюнча аракеттер барбы?
– Бул жерге долбоор чийилип, баасы да аныкталган. Үстү ачык бойдон иштетүү үчүн 70 миллион сом керек. Эгер үстүн жаба турган болсок, 120 миллион сомду сарптоого туура келет. Биздин каражат муну кылууга жетпейт.
– Эмнеликтен иштен чыгып калган?
– 1993-жылы ижарага берилген. Ага чейин да, андан кийин да бассейнге бир дагы жолу капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес. Суу өткөргүч түтүктөрдү дат басып, муздак-ысык суу чыгарууга күчү жетпей калган. Дааратканалардын иштен чыкканын, азыркыга чейин буруксуган жыт кетпей жатканын айтпай эле коёлу. Жабылып калганынын дагы бир себеби, 2005-жылы бул жерге 2 киши чөгүп өлгөн. Ижарага алгандар куткаруучулары жок иштетишкен.
– Мамлекет кандай карайт бул жайды оңдоо боюнча?
– Мурунку президенттер Акаевдин да, Бакиевдин да тушунда бассейнди оңдоо, карап чыгуу боюнча сөз болгон эмес. Бул жерге 2011-жылы гана өкмөттөн акча бөлүнүп, карала баштады. Азыр болсо өкмөттөн бөлүнгөн каражаттын негизинде тазаланып турат.
БАССЕЙН ЖЫЛДАР МЕНЕН...
САНДАР МЕНЕН...
Максат Кудайбердиев
star@super.kg