Биринчи казино 1765-жылы Франция падышасы Людовик ХIVтүн казынасын толтуруу максатында Парижде ачылган. Ошондон тарта дүйнөдө бул кумар оюн жайларынын саны арбып, өз катарына көптөгөн оюнчуларды тартып келет. Баңги сымал адамдын жан дүйнөсүнө кирип, акыл-эсин ээлеп ала турган бул кумар оюну адамдарга байлык гана эмес, ажал да тартуулайт.
Каалаганга эле эшик ачык эмес
“Казино” деген түшүнүк биздин элде кийин эле пайда боду. “Казино” итальян тилинен которгондо “оюн үйү” дегенди түшүндүрөт. Бул эс алуу жайында сөзсүз «рулетка», карта, оюн автоматтардан сырткары, кардарларды бекер тейлөөчү ресторан бар.
Казиного кирүүгө да өзгөчө талаптар каралган. Алар:
Кардар биринчи кадамды казинонун ичиндеги акча алмаштыруучу жайдан баштайт. Ар бир казинодо сөзсүз түрдө акча алмаштыруучу жай болот. Себеби оюндар кайсы валюта менен ойнотулары казинонун администрациясы тарабынан бекитилген болот. Оюн фишкаларын ошол валюта менен гана сатып ала аласыз. Казинодогу фишкалардын баасы түстөрүнө жараша бааланат.
Көк түстөгү фишка – 10 $, сары-алтын түстүүсү – 3$, кызыл-алтын түстүүсү – 5$, жашыл-алтын түстүүсү – 25$, кара-алтын түстүүсү – 100$. Эгерде кардарлар башка оюнга, мисалы, «покерден» «рулеткага» өткүсү келсе, анда фишкаларын алмаштырып алууга мүмкүнчүлүгү бар. «Рулет» оюнуна минималдуу “ставка”
2 доллар болсо, карта оюндарынын “ставкасы” 5 доллардан башталат.
Крупье, дилер – башкы ролдо
Казинонун башкы ролун крупье, кээде дилер ойнойт. Алар кардарлар менен оюнду алып барышат. Өзүнүн ишин мыкты гана билбестен, таланттуу да болуулары зарыл. Себеби крупьенин ишинен казинонун казынасынын толукталышы же кемиши көз каранды. Крупьелерди окуткан атайын окуу деле жок. Оюнга таланты бар тың балдарды ар бир казино өздөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша үйрөтүшөт. Анткени казинолордун кардарларды тейлөө мыйзамдары ар башка.
Крупьелер өзгөчө тартиптерди сакташат. Алар кардарларга бир дагы ашыкча сөз сүйлөшпөйт. Кардар катуу сөз айтып жатса да, балыктай унчукпашы керек. Чегинен ашып бараткан кардарларды коопсуздук кызматкерлери акырын эшикке чыгарып коюшат. Кээ бир казинолордо кардарларды тартыш үчүн алгач утула беришет. Кардар кызыгына батып калганда гана чындап оюнду башташат. Оюн соңу баарыбызга белгилүү...
“Игроголик” деген ким?
Казиного келген кардарлардын 20 пайызы кумарпоздуктун артынан “игроголик” деген атка байкалбастан эле конуп калышат. Европада көпчүлүк кардарлар чындап эс алуу үчүн келишсе, бизде, Кыргызстанда, утуп алуу максатын көздөп келгендер басымдуулук кылышат. Ал эми «казино» оорусу менен ооруп, токтоно албай калган адамдар үчүн Швеция мамлекетинде “Кумар клиникасы” деген атайын дарылануучу жай ачылган. Бирок 200 миң долларга дарыланган кардарлардын ичинен жарымы гана толук айыгып чыгат делет.
Казинодо кандай оюндар ойнолот?
«РУЛЕТКА». Изилдөөлөр боюнча, казиного келгендердин 70-80 пайызы ушул оюнду ойноо менен тажрыйба топтоого өтүшөт.
КАРТА ОЮНДАРЫ. Көбүнчө “блэкджек”, “покер”, “баккара” деген түрлөрү, өзгөчө картанын “баккара” түрү көп ойнолот. Бул оюндун “атасы” болуп Кубадагы “Гавана” казиносунун кожоюну, түбү америкалык Томми Резони эсептелет. Ал казинолордун мекени болгон Лас-Вегаска биринчилерден болуп бул оюнду таркаткан. Дүйнөгө таанымал оюнчу Акио Кашивагинин аты жазылган атайын такта даңк залына илинген. Мындай белгилүүлүккө
6 миллион долларды бир күндө утуп, кайра эки жумадан кийин 10 миллион
долларды уттурганы менен жеткен. Ошондой эле белгилүү Жеймс Бонддун да жактырган оюну «баккара» болгон.
«КОСТИ». Бул оюн түрү Америкада жакшы өнүккөн. Ал эми биз тарапта деңгээлине жетпей келет. Биздин казинолордо бул оюнга кызыккан бирин-серин оюнчуларды гана байкай аласың.
ОЮН АВТОМАТТАРЫ. Бул оюнду “бир колдуу бандиттер” деп да коюшат. Биздин казинолордо автоматтык оюндарды каалагандардын саны арбын.
Казинолордон мамлекеттик казынага канча киреше түшөт?
Кыргызстандагы Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылда 963 миллион сом киреше алууну пландап жатышат. Ал эми 2008-жылы мамлекеттик казынага казинодон 160,6 миллион сом киреше түшкөн.
Атактуулардан сурасак...
Казиного барып, чоң суммадагы акча утуп көрдүңүз беле?
Орзубек Назаров, ЖКнын депутаты:
– Бир жолу Америкадан казиного кирип, 100 доллар уттуруп жибергем. Мен кумарга бат берилип кеткен адаммын. Мисалы, кээ бир адамдардай болуп, утулган сайын кайрадан күчөп ойной баштайм. Ошондон улам чочулап, казиного барбаганга аракет кылам.
Казиного канча акча салып барасыз?
Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты:
– Мурда барып калганда 100 доллардын тегерегинде капчыкка салып барчумун. Негизи, казиного достор менен эс алып, сүйлөшүү үчүн эле барам. Канча бардым, утуп көргөн жокмун. Көп суммадагы акча коюп ойнобогондон кийин утулганыма көп деле маани бербептирмин.
Казинодон көп акча утуп алсаңыз эмнеге сарптайт элеңиз?
Нурлан Мотуев, КРнын Президенттигине талапкер:
– Казинодо ойношум мүмкүн эмес. Анткени динде кумар оюндарына таптакыр тыюу салынат. Ал эми суроого так жооп берсем, кокус ойноп утуп калсам, кедей-кембагалдарга, жетим-жесирлерге таратып берет болчумун.
Казинолордун иш тартиптерине кандай өзгөртүү киргизет элеңиз?
Ибрагим Жунусов, ЖКнын депутаты:
– Казиного жашы жете элек балдарга кирүүгө тыюу салыш керек. Андан сырткары, эгерде кумар оюндарына кызыгып кеткен адамдын аялы, балдары же туугандары тараптан казиного арыз түшсө, ал адамды киргизбөө керек.
Кыргызстандагы казинолорду таптакыр жоюп салууга кандай карайсыз?
Бегалы Наргозуев, ЖКнын депутаты:
– Негизи, ар бир өнүккөн өлкөлөрдө казино бар. Бизде казинолордун ачылып жатышын мезгилдин талабына жараша болсо керек деп ойлойм. Менимче, таптакыр жоюп салууга болбойт.
Казиного барууга кызыгасызбы?
Турсунбай Бакир уулу, КРнын Малайзиядагы элчиси:
– Таптакыр кызыкпайм. Бир жолу делегация менен Кипрге барганда чогуу барган депутаттын азгырыгы менен кирип калгам. Бир маалда баягы мени ээрчитип барган депутат ызы-чуу салып калды. Көрсө, бир топ акча уттуруп жиберип, жини келип жатыптыр.
Бахияна Сатылганова
koom@super.kg