«КИР СУУ ИЧИП КҮН КӨРҮП КЕЛЕБИЗ»

Базар-Коргон районуна жол тартып баруума ушул райондун Кызыл-Октябрь айылында элдин абалы оор деген кеп түрткү болду. Алгач бул айыл тууралуу «жарыгы да, суусу да жок» деген маалымат беришкен эле. Кубантканы, айылда жарык бар экен, бирок...

«10 ЖЫЛ МУРУН КАКЫРАГАН ЧӨЛ ЭМЕС, КООЗ ЖЕР ЭЛЕ...»
Жолдо баратып бир-эки жерде селден улам кум, чөп-чарга толуп калган түтүктөрдү оңдоо-түзөө иштери жүрүп жатканына күбө болдум. Кара-Үңкүр дарыясы дал ушул Кызыл-Октябрь айылынан башталат. Дарыянын суусу киргил болуп агат. Айыл эли ошол суу менен жашап, күн көрүп келишет. Элеттиктер «жазылат, айтылат, бирок баары бир эч ким жардам бербейт да бизге, балким, силердин гезиттен окуп жардам берип калышар» деген ойлорун айтышты. Айылды аралаганда көктөп келе жаткан дарак көзгө урунбайт. Дарактар куурап калыптыр. Айылдын тургуну УМСУНАЙ КАЛМУРЗАЕВА төмөнкүлөрдү жобурап берди:
– Биз 11 жыл мурун жаңы көчүп келгенде бүт баары жапжашыл, кооз жер эле, ошол сулуулугуна суктанып бүтчү эмеспиз. Анан 2002-жылы катуу сел жүрүп, дарыядан биз тарапка келчү суу каналды бузуп кеткенден бери ушул абалда калдык. Ошондон бери кир суу ичип жашап келебиз. Ичерге таза суу жок же дарактарыбызга суу келбейт. Бизден ылдый жактагылар таза суу ичишет, алар менен биздин аралык 3 чакырым. Таза суу маселеси жаралганда, жогортон текшерүү жүргөндө ошол жакты көрсөтүп туруп «Кызыл-Октябрь айылы таза суу менен камсыз болду» деп коюшат да, кетип калышат. Мисалы, азыр биз сууну алып келүү үчүн 1 сааттык жол басабыз. Дарыядан кир суу алып келип 2 күн тундуруп коёбуз. Кээде тунса да, тунбаса да ошол сууну ичүүгө туура келет. Эгер тунуп калса, анда анын жарымы эле ылай болуп калат. Мөмө-жемиш эгүү тууралуу ойлонбой да калдык, дарак көктөбөсө кайдагы мөмө?

«СЕЛ КОРКУНУЧУ ДАГЫ ДЕЛЕ БАР»
Айыл бир аз эңкейиште жайгашканы үчүн колоттон түшкөн суу туура эле айылдагы үйлөрдү аралайт экен. Жылда жаз алды менен сел жүрүү коркунучуна кептелишет. Айыл тургуну НУРЖАМАЛ айымдын айтымында, анын үйү айылдагы сел алчу үйлөрдүн алдыңкысы.
– Апрель, май, июнь айларында сел болушу күтүлөт. Катуу жаан жааганда балдарды мектепке жиберүүдөн коркобуз. Сел келгенде эң биринчи менин үйүмө урунат. Башында качып кетип жүрдүк. Эшиктин түбүнөн сел агып сызылып үйгө чейин кирип кетет. Андай маалда жогору жактагылар келип калышат, кийин эч кандай жардамы болбойт. Калп эле ченеп, өлчөп кетишет да, анан аларды кийин таппай калабыз. Катуу сел келгенде адырга чыгып кетебиз, анан кайра ушул үйдө тирилик уланат да.

«Көчүп кетейин деген оюңар жокпу?» десем, «кайда барабыз анан, бизге ким жер берет?» деп жооп узатышты. Деги элет элинин көйгөйүн чеччү жан барбы?

Гүлжан Эшбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kg.lady
2013-04-02 15:19:35
Чынеле биздин Базаркоргондун айылдарын сел баса берет бат баттанеле
0
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан