НООРУЗ КӨРКҮ – СҮМӨЛӨК!

Кыргызда жаңы жылды сүмөлөксүз элестетүүгө болбойт эмеспи.Сүмөлөктү кантип жасап, кандай ырым-жырымдарды колдонот? Биз бул тууралуу билгибиз келип, Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын тургуну Бектурсун Токтоназаровдун үйүнө баш бактык. Себеби анын үй-бүлөсү сүмөлөк кайнатып жаткан экен.
Үйдүн кожойкеси Шайлоогүл Токтоналиева жана Жаркын Кочкорова төмөнкүлөрдү айтып беришти.

«СУПЕРДЕН» СҮМӨЛӨКЧҮЛӨРГӨ ЖАКШЫ МААНАЙ
Биздин эмгек жамаат Нооруз майрамына карата боз үй тигип даярданып жатышкан Лебединовка айылынын тургундарынын жакшы тилектери ишке ашсын, сүмөлөк жасап жаткандардын маанайы ачык болсун деген максатта ырчылар Кубаныч Сатаев жана Мирлан Баеков менен бирге барганбыз. Алар кыяк тартып жандуу үн менен ырдашып, айыл тургундарынын ак батасын алышты. Ырчыларды коштой айылдын жаш таланттары да өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ырчыларды маашырлана угушкан айыл тургундары акырында биздин топко ыраазычылык билдиришти.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нооруз көркү - сүмөлөк!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан