Бир бооруңа кайрымдуу мамиле кыл! Ар бир кыргыз баласы кичинесинен ушул сөзгө сугарылып чоңоюп келе жатса да, айрым учурларда бир шаарда туруп, экинчисинин кабарын билбегендер бар. Ислам дининде да бир тууганчылыкка өзгөчө маани берилген. Бул тууралуу аалымдар төмөнкү окуяны айтышат.
Бир адамдын үч уулу жана бир иниси согушка аттанышкан экен. Бир топ убакыттан кийин ал кишиге “сенин бир уулуң каза болду” деген кабар келет. Ал “Алла берди, кайра алды” деп сабыр кылганга аракет кылат. Андан кийин эки уулу каза болгону тууралуу кабар келет. Анда да мурункудай жооп берет. Бир аз убакыттан кийин “согушта бир тууган иниң каза болуп калды” деген кабар келет. Мурунку үч азага туруштук берип, сабырдуулук менен караган адам катуу кайгыга батып капа болгон экен. Суук кабар алып келген адам таң калып, “сиз үч уулуңузда мынчалык капа болгон эмес элеңиз, мынчалык күйүп аза күткөн жоксуз. Эмнеге иниңизге катуу күйдүңүз?” деп сурайт.
Анда ал: “Иним ата-энемден калган жалгыз бир тууганым эле. Ата-энем эми кайра тирилип, мага ини жаратып бере алышпайт. Ал эми уулдуу болушум мүмкүн. Мен ошого инимди жоктоп капа болдум”,- деген экен. Бир туугандын даражасы кээде баладан да ашык болушу мүмкүн.
Ал эми кыргыз санжырасында таланттуу ага-ининин мисалы айтылып келет.
Тянь-Шань тоолорун жердеген тоолуктардын арасында эки бир тууган таланттуу акын чыгат. Экөө көз тие турган сулуулугу, комузда кол ойноткон чебердиги, оозунан төгүлүп турган ырлары, мукам добушу менен эл оозуна алынат экен. Бир күнү төкмө акындардын таймашы болуп, кыргыз жергесинен мен таланттуу дегендин баары чогулат. Боз үйдүн кийизин түрүп коюп, улам бир төкмөлөрдү ырдатышат. 7 күнгө созулган таймашта эки бир тууганды жеңе турган адам табылбайт. Акыры бардыгы жеңилип, беттешүүгө бир туугандар гана калат. Улуусу комузун кайрып төгүп коё берерде, кичүүсү ордунан шак тура калып, колун бооруна алып:
– Агам, устатым, мен эч качан сени менен таймашпайм. Тагдырдан болуп, экөөбүз эле калдык. Эми мен сага жол койдум. Элиңдин жалгыз булбулу сенсиң, мындан ары. Эми сенден башка атаандаш табылбаган соң мен ырчылык, төкмөлүк өнөрдү сен үчүн, сенин даражаң үчүн таштайм. Мындан ары комузду колго албайм,- деп туруп боз үйдөн чыгып кетет.
Талант күчү оңой бекен? Шаңшып жүргөн жигит думугуп ырдагысы келет. Топко барса эле ыры төгүлүп, төгүп жибере турган болгондо, элден качып тоо таянып кетет. Жалгыз жүрүп, 5 жылдан кийин мергенчилер жолуктуруп калганда баягы жигит дудуктарча жаңдап сүйлөп калган болот. Көрсө, ырдап жибербейин деп думугуп жүрүп, чын эле жигит дудук болуп калган экен.
Кыргыздын түпкү салтында да бир тууган үчүн көз ирмебей өлүмгө барышса, ислам дининде бир туугандык ымаланы үзбөй, колунан келгени бечарасына көмөк көрсөтүүсү керек экендиги айтылып келет.
Ал эми дагы бир хадисте Алла белек кылган берекелердин бири бул – бир тууганына кайрымдуу болуу деп айтылат. Акыр заман жакындаганда үйдөгү береке кетип, бир туугандар бири-бирине кайрымсыз болуп калышат дешет.
Демек, боордоштор бири-бирине жылуу сөз айтуудан калып, ыркырашып турса, акыр замандын дагы бир кадамга жакындап калышы. Андыктан бир туугандарга мээримдүү бололу
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg