«НАРЫНДЫН ЭМИ ОРДО ОЮНУ МЕНЕН АТЫ ЧЫГАТ»

Ордо оюну дегенде Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы Мусулманкул аталыктын «ордо оюнунда жыдысам да, саясаттын оюнунда эч качан жыдыбайм» дегени эске түшөт. Кыргыздын улуттук оюну болгон ордо оюнун нарындыктар эми колго алып, өнүктүрүп жатышкандай. Нарын облусу боюнча 2012-жылдын октябрь айында Ордо федерациясы уюштурулуп, алар республикалык деңгээлдеги оюндарга катышып, алгылыктуу жеңиштерге жетишишти. Аталган федерациянын вице-президенти Нарынбек Жумалиевге жолугуп, кызыктуу маалыматтарга ээ болдук.

– Нарынбек мырза, ордо оюнунун өзгөчөлүктөрү жана федерациянын түптөлүшү тууралуу айта кетсеңиз.
– Ордо – улуттук оюн. Бул оюн үчүн тегерек чоң аянт чийилип, борборуна чүкөлөрдү таштап, аны чоң уйдун чүкөсү же абалак менен атып, чүкөлөрдүн жыйындысын бузуу менен башталат. Оюнчулар 2 тайпага бөлүнүп, экөөнөн тең ортого 45тен 90 чүкө салынат. Анын арасынан бир чүкөнү хан деп атап, 3 чүкөнүн наркына баалайт. Жыйынтыгында 88 чүкө менен оюн башталат. Кайсы тайпа чийинден чүкөлөрдү көбүрөөк санда чыгара атса, ошол жеңишке жетишет. Оюнга берилген убакыт 2 саатка уланат.

– Ар кайсы аймакта оюн эрежелери бирдейби?
– Ар бир аймакта же дубанда оюндун өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, биздин Нарында жана Ысык-Көлдө чүкөнү атуучу сака «абалак» деп аталат. Ал уйдун мүйүзүнөн жасалып, узуну 8 сантиметр, туурасы 5 сантиметрди түзөт. Түштүк тарапта жана Таласта уйдун чоң чүкөсүн абалак катары колдонушат. Ал «томпой» деп аталат.
Кыргыз Республикасынын Ордо федерациясында улуттук стандартка абалак кирген эмес, томпой киргизилген. Андыктан республикалык мелдештер томпой менен өткөрүлөт. Улуттук оюн жоголуп кетпесин деген коркунучту эске алып, Нарында дагы ордонун күйөрмандары чогулуп федерация түздүк. Мелдештерге барганда Нарын жергесинде атайын юридикалык каттоодон өткөн оюнга уставдары менен келе турган уюм жок экени көп айтылгандыктан, Жолдубай Сүйүнбаев агабыз бизге окшогон күйөрмандардан топтоп, ушул федерацияны уюштуруп берди.

– Кандай ийгиликтерди жаратып келесиздер?
– 2008-жылы Жалал-Абад облусунда болгон оюнда 3-орунду, 2009-жылы Таласта өткөн оюнда да 3-орунду, 2011-жылы Кадамжай районунда улуттук оюндардын мелдешинде 2-орунду алганбыз. Мындан тышкары жыл сайын Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында «Алтын томпой» деген аталыштагы ордо боюнча кубок уюштурулуп жүрөт. Мында дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишип жүрөбүз.

– Аймактар арасында алдыга озгон ордочу өрөөн кайсы деп билсек болот?
– Нарын облусу боюнча Нарын районунун Жалгыз-Терек айылы алдыда жана мыкты оюнчулары менен таанымал. Ал эми республикалык деңгээлде алып караганда Талас облусу көбүрөөк ийгиликтерге жетишип, биз менен атаандаш болуп келишүүдө. А негизи, республикада жетишкендиктерибиз боюнча биз алдыдабыз.

– Алдыга кандай максаттар коюлуп, ишке ашырчу эмнелер бар?
– Азыр шаардык спорт мектепте атайын ордо боюнча саат бөлүштүрүп, учурда Жолдубай Сүйүнбаев агабыз окуучуларды машыктырууда. 19-марттан баштап шаардагы жана райондогу мектеп окуучулары арасында ордо боюнча 2 күндүк мелдеш уюштуруп жатабыз.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан