Бактыгүлдүн жашоо үчүн күрөшү энесинин ичинде жатканда эле башталыптыр. Тагдырдан болуп, жарык дүйнөгө бир колу жок, мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлөт. Ошондон бери эле аны кырсык тооруп жүргөндөй...
«ТӨРӨЛӨ ЭЛЕКТЕ ЖЕРИЛДИМ»
– Атым – Бактыгүл, Каракол шаарынын тургунумун. Мен апамдын курсагында жаткан кезде ата-энем ажырашып кетишкен экен. Жалгыз кантип багам дегенби, айтор, апам мени боюнан алдырам дегенде дарыгерлер мөөнөтү чоң болгондуктан алдыртканга макул болбой коюшуптур. Апам боюнан түшүргөнгө аракет кылып, дарыларды иче берип курсакта жаткан менин бир колум өспөй калыптыр. 1990-жылы туулгам, оң колум чыканактан ылдый жок.
Кийин апам турмушка чыгып, биз менен өгөй атам чогуу жашап, алты жашка чыкканда сиңдилүү болдум. Жашоом тозокко айланды, уруп-согуп апам менен өгөй атам катуу кыйнашчу. Жергиликтүү элдин айтымы менен айыл өкмөтү 11 жашымда апамды ата-энелик укугунан четтетип, сиңдим экөөбүздү «Ак-Суу» балдар үйүнө өткөрүштү. Үйдөн көрбөгөн мээримди ошол жерден көрүп, мектептен окуй баштадым. Аракет кылып жатып бир кол менен болсо да сокмо сокконду, кийим-кече тиккенди үйрөнүп алдым. Билинбей 18 жашка чыгып, балдар үйүнөн кетүүгө аргасыз болдум. Сиңдим балдар үйүндө калды.
ЭКИ БАКЫР – БИР ТУКУР...
– Балдар үйүнүн жетекчилери Каракол шаарындагы 3 жылдык кесиптик окуу жайга тапшыртышты. Басынып жүрүп акыры окуудан чыгып кеттим. Бишкек шаарына барып, кафелердин биринен иштеп көрөйүн деп борборго келдим. Бир күнү Бишкек шаарынан өзүмө окшош мүмкүнчүлүгү чектелген адам менен көчөдөн таанышып калдым. «Оорунун кадырын оорукчан жан билет» дегендей, Айдар экөөбүз гана бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз. Ал токко урунуп колу-бутунан ажыраган экен. Сол колу чыканактан ылдый, бир буту түбүнөн кесилген эле. Ошентип жүрүп экөөбүз баш кошууну туура көрдүк.
Кайын энем ортобузга киришип, «сен эмнеге колу жок немени аласың? Үйдүн ичи жыйналбай калды, тамак кеч даяр болот» деген өңдүү сөздөр менен күнүгө жемелейт. Жолдошум үн катпай, башын жерге салат. Бир аз бактылуу болгон күндөрүм да ушинтип аяктады. Жолдошум мындай жашоодон тажадыбы же кайын энемдин сөзүнө кирдиби, «сени менен жашай албайм, ажырашалы» деп калды. Айла канча деп чыгып кеттим. Мен дагы мээримдүү эне, сүйүктүү жубай болгум келген эле...
«ЭКИ КЫЗ ЖОЛДОН КАРМАП САБАШТЫ»
– Кайрадан Бишкектен Караколго келип, жатарга батир издеп жүрсөм жаныма бир унаа токтоп, ичинен эки кыз түштү. «Атың ким, эмне кылып жүрөсүң?» деп тийишип киришти. «Атымды айтпайм, тийишпегиле» десем, мас абалындагы кыздын бирөөсү тээп жиберди. Ошентип, тигилер мени уруп башташты. Алар эки жарым саат сабап, эрмектешти. Бири «менин телефонумду сындырып салдың, төлөп бер» деп доолап кирди. Же мен анын телефонун көрсөмчү?! Автоунаасына отургузуп, белгисиз бир жакка айдап баратты. Жолдон кыздардын бирөөсү түшүп калды, менин жанымда калганы «үйдө жолдошум бар, сен ага «бир конокто болдук, телефонун мен сындырып алдым, төлөп берем» деп айт» деп кыйнады. Менин каршы болгонума карабай үйүнө сүйрөп кирди.
Чындап эле үйүндө күйөөсү бар экен. «Мобу кыз телефонумду сындырып салып, сага чала албай калдым» дегенде оозум ачылып калды. Күйөөсү жаныма келип, «аялым үч күндөн бери үйгө келе элек, кайда, ким менен болдуңар?» деп менден сурады. Мен окуянын болгонун айтсам, аялы уруп баштады. Эс-учумду жоготуп коюптурмун. Ойгонсом, колу-бутум байланып аңда жатам. Эки жакты карап, аңдын жанынан өтүп бараткан бир жигиттен жардам сурадым. Ал мени көрүп, бутумдагы жипти чечип, дароо ооруканага жеткирди. Бир аз убакыт өтүп, ден соолугум жакшы өңдөнүп калгандыктан, ооруканадан чыгууга туура келди.
Мен дагы адаммын да, мен дагы ичимдеги букту бирөөгө айтышым керек го. Бирок баары бир үмүт өчпөйт экен. Бир күнү мен таңды кайгы менен эмес, жылмаюу менен тосормун деп үмүт кылып жашап келем.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg