Жазгы талаа иштери менен жарыша эле баткендик багбандар түрдүү көчөттөрдү отургузушууда. Баткен районундагы Дара айылынын аймагында жаңы, аянты 200 гектарды түзгөн өрүк багын түзүү пландалган.16-март күнү облус боюнча ишембилик өткөрүлүп, аталган өрүк багына Баткен облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым өкүлү Жеңиш Разаковдун катышуусунда 150 500 түп өрүк тигилди. Мындан сырткары Баткен районунун аймагына 1900 даана арча, 7550 түп терек отургузулуп, аларга арык казылып, эски арыктар кайра казылып, жаңыланды.
Шаарда болгон ишембиликке жалпысынан 3235тен ашуун адам катышышты. «Мындай иш-чаралар Баткен шаарында эле эмес, бардык айыл өкмөттөр жана райондук мекеме-ишканалар тарабынан өткөрүлүүдө» деп маалымдады Баткен облусунун өкмөттүк ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы.