Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жеңиш Разаков Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов жана мекеме, уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда элдик жыйын өткөрдү. Жетекчилер жыйында бир катар маселелерди козгошту. Жергиликтүү тургундар негизги көйгөй катары Бүргөндү аймагынан турак жай куруу үчүн жер тилкелерин тез арада бөлүп берүүсүн өтүнүштү. Ошону менен бирге Ош-Исфана жолун баштоону тездетүү, жайыт маселелериндеги талаштарды чечип берүүнү суранышты.
Ушундай эле элдик жыйын Тогуз-Булак айылынын тургундары менен да өтүп, ал жерде негизги көйгөй – элди таза суу менен камсыз кылуу жана сугат сууларды чечип берүү маселесин колго алууну өтүнүштү. Өз кезегинде Жеңиш Разаков жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган өтүнүчтөрдү канааттандыра турганын айтып, тийиштүү мекеме, уюмдарга тез арада чечим кабыл алышын жана керектелүүчү каражаттарды табууну тапшырды.