Лейлек районунун эки тургуну борбор шаарыбызда диний-экстремисттик иштерди жүргүзгөнү үчүн кармалды. Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда жана Чүй облусунун Сокулук айылында убактылуу жашап жүргөн К. С. менен Т.Снын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн.
Тинтүү учурунда алардын батиринен диний-экстремисттик багыттагы араб тилинде жазылган 6 китеп, 2 брошюра, 38 даана диск далил буюм катары алынган. Жыйналган материалдар диний-экстремисттик мазмунда экендигин аныктоо боюнча теологиялык экспертиза дайындалды.
Азыркы күндө шектүү деп кармалган Лейлек районунун Ак-Арык айылынын тургундары, 39 жаштагы К.С. жана Т.Снын үстүнөн текшерүү иштери жүргүзүлүүдө