2013-жыл президент тарабынан «Иштерман жылы» деп жарыяланган. Иштерман жылына карата Айдаркен шаарынын аймагындагы ички жолдор калыбына келтирилиши күтүлүүдө. Шаардын ортосундагы айлампанын тегерегинде жол кыймылына тоскоол болгон базарды башка, ыңгайлуу жерге көчүрүү маселеси каралууда. Шаардын жетекчилиги менен «Айдаркен» сымап комбинаты биргеликте борбордук көчөлөргө түнкү жарык бергич чырактарды орнотуу, балдар бакчасын ачуу, спорт зал, бассейн куруу сыяктуу маселелерди чечүүнү колго алышууда.