«ЛИМОН ӨСТҮРҮП, ПАЙДА ТАПСА БОЛОТ»

Лимон – өзгөчө мөмө-жемиштердин катарын толуктайт. Лимондун адам организмине пайдасы көп. Лимонду кантип өстүрүү тууралуу билүү үчүн Чек айылында жашаган Садирбек Кожоевдин үйүнө бардык. Багбандын короосуна киргенде эле бет маңдайыбыздагы чакан күнөскана көзгө урунду.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ

  • Лимон жемишинин мекени Кытай, Индия мамлекеттери болуп эсептелет.
  • Лимон сабагынан түшпөй, 2 жылга чейин өңүн жашылдан сарыга жана сарыдан жашылга өзгөртүп тура берет.
  • Лимондун курамында С витамини бар жана ал тумоолоп калуунун алдын алат.
  • Көңүл бурууну, эске сактоону, психологиялык тең салмактуулукту сактайт.
  • Беттин бырышын азайтуу үчүн да колдонулат.

– Садирбек мырза, өлкөбүздө сейрек кездешкен лимон дарагын кантип өстүрүп калдыңыз?
– Баткен районунун аймагында лимон өстүргөн адамдар эсептелүү. Биздин бул иш менен алектенүүбүзгө Өзбекстанда жашаган туугандарыбыз түрткү болгон. Алар лимон дарагын өстүрүшөт. Ошолордон көрүп биз да кызыгып, Кокондон 500 сомдон 12 түп лимон көчөтүн сатып алганмын. Учурда алардын ону парникте, калган экөө үйдүн ичинде атайын идиште өстүрүлүүдө.

– Лимонду кантип өстүрүүгө болот?
– Ал үчүн лимондун даяр көчөтүн сатып алып, атайын даярдалган күнөсканада багабыз. Анын ичин 15 градус жылуулукта кармоо зарыл. Көчөттөрдү ушул жылуулукта кармап, убагында сугарып жана атайын лимонго колдонулуучу дары-дармектердин жардамы менен 2 жыл кам көрсөң, кийинки жылы ал өз мөмөсүн берет. Кышында күнөскананын бардык тарабын жаап, ичине мешке от жагып коёбуз. Эгер бирдей температура сакталбаса, лимон дарагын үшүк алып, түшүмсүз калуу мүмкүн. Быйылкы кыш суук болдубу же мен жакшы карай алган жокмунбу, айтор, көчөттөрдүн жалбырактары куурап түшүп калды.
Лимонду күнөсканада эле эмес, үй шартында чоң идишке отургузуп өстүрсө болот. Мага көп учурда «менин үйүмдө лимон дарагы өсүп турат, бирок ал мөмөлөбөй жатат» дешет. Анын себеби алар лимон дарагын эмес, анын уругун отургузушкан. Анын себеби лимон дарагы 25 жылда гана мөмөлөйт экен. Ал эми көчөтү отургузулса, 3 жылда өз жемишин берет.

– Лимондон канча каражат табасыз жана түшүмдү кайсы жакка сатасыз?
– Учурда 10 түп лимон дарагы бар. Ар бири жылына орточо 1500 даанадан лимон мөмөсүн берет. Базарга алып барып мөмө-жемиш сатуучуларга дүң баада, чоңунун даанасын 25 сомдон, орточосун 20 сомдон өткөрөбүз. Жалпысынан алганда 1 жылдык кирешебиз орто эсеп менен 30-40 миң сомду түзөт. Буга чейин өрүк кургатуу менен алектенсек, акыркы 5 жылдан бери лимон өстүрө баштадык. Менин оюмча, кыйналбай эле жылына 30-40 миң сом акча табуу жакшы иш болсо керек. Мисалы, өрүк кургатуу физикалык күчтү талап кылат. Аны өрүк дарагынан кагып, анан терип, дарылап, сөөгүн ажыратып, кургатып көп эмгек кыласың. Ал эми лимон өстүрүү оңой. Жылуулугу менен эле кам көрүүсү жакшы болсо, өсүмдүк өз жемишин берет. Болгону, бул жемиш өтө назик, аяр мамилени талап кылат. Эң негизги өзгөчөлүгү жылуулукта. Жылуулуксуз аталган өсүмдүк үчүн жашоо жокко эсе. Башка өсүмдүктөр үчүн керектелүүчү жер семирткичтер лимон дарагы үчүн колдонулбайт. Жайында күнөскананын үстүн ачып коёбуз.

– Лимондун жаш көчөтүн кантип өстүрөсүз?
– Өсүп турган дарактын бир бутагын кесип алып 2 жалбырагын калтырам да, калган бөлүгүн кесип салам. Ал эми эки жалбырак менен калган таякчаны атайын жасалган идишке отургузам. Алар 2 жылдык болгон соң келген кардарларга 300 сомдон сатылат. Көчөт көчүрүүдө да бир аз кыйынчылык пайда болот. Анткени көчөттү өстүрүү үчүн колдонулуучу дары-дармекти табуу кыйын.

– 10 түп лимон дарагын өстүрүү үчүн канча чыгым кетет жана анын түйшүктөрү барбы?
– Дээрлик чыгым кетпейт. Дары алуу үчүн гана 1500-2000 сом акча коротобуз. Алгач күнөскананы куруп жаткан мезгилде бир аз акча чыгым болушу мүмкүн. Бирок баары даяр болуп, мөмө бере баштаганда чыгым кетпей калат. Ал эми түйшүктөрүнө келсек, өндүрүлгөн түшүмдү сатуу бир аз кыйынчылыктарды жаратышы ыктымал. Себеби калктын басымдуу бөлүгү лимонду килограммдап эмес, дааналап алышат. Андан сырткары Баткен эли лимонду көп колдоно беришпейт.

– Рахмат, ишиңизге ийгилик.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
patma.mahmud-kyzy
2013-03-25 09:14:55
мынча жакшы биринчи жолу коруп жатам кыргызстанда лимон остуруп момосун алган адамды эмгегинизе ийгилик мындан аары да остуро берин чарчабай
+3
meerim32
2013-03-25 13:33:43
Садырбек мырза,азаматсыз!Келечекте ишиниз илгерилеп,кооп ийгиликтерге жетишиниз.Бут Кыргызстанга таратыныз,башка мамлекеттен алынып келинген лимонду сатып албай,сиздин гана лимонунузду алып туралы.
+2
Aja
2013-03-25 21:01:45
"abai "emes "ajabai"bolush kerek.
0
S_T
2013-03-26 01:23:55
Aja, абайлап деген ойдо жазган го, туура эмес жазып алыптыр
0
admin_media
2013-03-26 10:26:29
S_T, Aja,
Абай - аяр, этияттык менен, дыкаттык менен дегенди түшүндүрөт. Туура эле жазылган)
0
nurikkg1
2013-03-25 23:13:57
чоон рахмат байке ишинизге ийгилик
0
kurguz...
2013-03-26 16:34:29
Бизда остургонбуз аябай кыйын иш екен,
0
elif
2013-03-27 18:57:39
Limondun paydasi ayabay kop tamaktan tazalikka cheyin ashkana bolumuno kirgile paydaluu keneshterden okusanar bolot
0
mira.
2013-03-27 19:43:45
Саламатсызбы Садирбек Кожоев сизден сурайын дедим бир туп лимон багы кантип бир жылда 1500-шт.момо берсин же бир жылда эки жолу момосун береби мен тушунбодум,убактыныс болсо кененирек айтып бербейсизби,мен уйдо остургон экзотический гулдорго абдан кызыгам,менин уйумдо лимон багы дагы бар,ал бир жылда 3-4-шт. момосун берет,гулун ачат кобу тушуп калат,ал эмне себептен,остурунун жолун айтсаныз абдан жакшы болот эле,бирок коп берет деген чынбы,ишениш кыйын.
0
akylman
2013-03-28 02:52:53
молодец,ийгилик каалайбыз,бул кетиште дагы 3 -4 жылдан кийин угуп калат окшойбуз " мен банан остуром " дегенди :)
0
tengara
2013-03-28 04:59:03
Men 4et olkonyn birinde jawaim,Limon bagy koroodo bar,baikenin aitkany tuura limon bagynan tywyp jok kalgan kezin koro elekmin,birok jawyl saryga,sary jawylga ailanganyn baikabaptyrmyn, limon oz maalyna jetkende, je terilbei kalyp kalganda ozy ele jerge tywyp kalat, i4inde sogu kurgap,ony ozgoryp kalganynan byltyrky tywymdon eken dep bilem.ar bir baktan 1500daana alsa bolot degninizge iwene albai turam.
0
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан