УЛУТТУК СТИЛДИ ЖАЙЫЛТКАН ЧЕБЕРЛЕР

Орустардан алган таасирден улам болсо керек, мурда той-аштарда тумак менен пальто кийгизишчү. Кийинчерээк кайрадан кыргыз боло баштаганыбызда чепкендин түрлөрү жабылганы менен, алар кийит катары дароо сандыкка түшүп, той-ашты күтүп жатышчу эле. Бүгүнкү күндө улуттук колориттеги мындай кийимдер модага айланып, ар бир эркек менен айымдын гардеробунда илинип калды. Албетте, этникалык кийимдердин сакталып калышына уз айымдардын салымы чоң.

КАНАЙЫМДАРДЫ КИЙИНТКЕН ДИЛБАР
Өз ишмердүүлүгүн алгач бут кийим чыгаруучу бирикмеде жөнөкөй тигүүчү катары баштаган Дилбар Ашимбаеванын колунан жаралган саркеч буюмдар бүгүнкү тапта бир гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө да уникалдуулугу менен бааланат. Жибек, тери, сайма түрлөрүн айкалыштырып эмгек жараткан чебер «менин негизги философиям бул – байыркы менен азыркыны айкалыштыруу. Ар бир элдин маданиятын өзүнө камтыган улуттук өзгөчөлүктөрү болот. Алар адамдын сулуулугун жандантып, көркүнө көрк кошот. Чынында, кийим үлгүсүн жаратуу оңой эмес. Ал дагы идеянын жаралышын, иштелишин, ойлонулушун талап кылган бир топ процесстен кийин пайда болот. Ошондуктан ар бир эмгегиме чоң күч сарптайм» дейт. Дилбар айымдын колунан чыккан кийимдерди Орусиянын ледилери Наина Ельцина, Людмила Путина, Кыргызстандын көрүнүктүү айымдары Роза Отунбаева, Раиса Атамбаева, Майрам Акаева, Татьяна Бакиева кийгени айтылат. Баса, Лондон олимпиадасына барган спортчуларыбыздын кийимдери да бул уздун колунан чыкканын айтсак ашыкча болбос.

ӨЗҮ ДА, КОЛУ ДА АСЫЛ АЙДАЙ
Учурдун талабына жараша кийизден түркүн буюмдарды жасап кыргыздарды да, чет элдик туристтерди да кубантып келген колунан көөрү төгүлгөн уз айымдардын бири – Айдай Асангулова. Кол өнөрчүлүк менен алектенгенине 10 жылдан ашкан чебер «мага бул өнөр энелеримден өткөн. Кичинемден ала кийиз жасагандарына аралашып, шырдак шырыганда кошо кармашып жүрүп үйрөнгөм. Чынында, ушинтип кийиз менен тыгыз иштешип калам деп үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Учурда бул өнөрдү алып кетип жатканыма, ар кандай көргөзмөлөргө, сынактарга катышып, кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн дүйнө элине таанытып жатканыма сыймыктанам. Биз буюмдарды эч кандай ийне-жип колдонбой жасайбыз, башкалардан өзгөчөлүгүбүз ушунда болсо керек. Кардарларыбыздын көпчүлүгү чет жердиктер. Белгилүүлөрдөн азырынча ырчы Каныкей жана манасчы Таланталы Бакчиевдер менен иштешип келебиз» дейт.

ЖҮН УЮТКАН БУРУЛ АЙЫМ
Жүн иштетүүнү жандандырып, кыска убакыттын ичинде бул өнөрдү дүйнөнүн бир нече континентине таанытып, кызыгууну жараткандардын бири – дизайнер-модельер Бурул Мамбетова. Койдун уяң жүнүн өзүнчө же болбосо кездемелердин түрлөрү менен айкалыштырып, кийимдер, ар түрдүү жасалгалар, буюмдарды элге тартуулап келет. Ишкер айым менен маектешкенимде «мындан бир аз жыл мурун эле бизде кытай кийимдери модада эмес беле. Ошол кезде оймо-чиймелүү, улуттук орнамент түшүрүлгөн кийимдерди кий десең, «мен артист белем?» деп чыгышчу. Азыр элибиз тойлордо, салтанаттарда, сахнада гана эмес, көчөдө улуттук стилдеги кийимдерди кийип жүрүшөт. Мындай көрүнүш менен, албетте, ар бир кыргыз сыймыктанышы керек» деп кубанычын жашыра албады. «Кардарларыңыздын көбү искусство адамдары болсо керек?» деген сурообузга Бурул айым «жок, жогорку элитадан тартып катардагы адамдарга чейин келишет. Ырчылар Мирбек Атабеков, Неля, Съездбек Искеналиев, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу, опера ырчысы Үмүт Тилегенова сыяктуу өнөр адамдарынын сахна кийимдерин тиккенбиз. Формасына карата ар кандай аксессуарларды да жасайбыз» дейт.
Учурда Бурул Мамбетова өнөрүн жаштарга үйрөтүү менен да алектенет. «Жаштардын үйрөткөнүмдөй жасап, далалаттанып жатканын көрүп сүйүнөм. Окуучуларымдын арасында элге көрүнүп калгандары да бар. Алардын бири – Айдай Асангулова» деп сыймыктануу менен айтып өттү.

САЙРАНЫН АК ЖОЛТОЙ КИЙИМДЕРИ
Кесиби актриса болгону менен, замандын талабына жараша тикмечилик, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүп, өзүнүн колунан чыккан кооз кийимдери менен көпчүлүктүн алкышына арзып келгендердин бири – Сайра Момунбаева. Сайра айым бул өнөргө келип калгандыгы тууралуу мындай дейт: «Бул тармакка аралашып калышым жөн жерден болгон жок. 1990-жылы Астанага барганбыз. Ошол жактан кичинекей кыздын үкү топу, көйнөк, чыптама кийип алып көчөдө жүргөнүн көрдүм. Ошондо дароо эле менде кыргыздын улуттук кийимин көчөгө кийүүгө ылайыкташтырып тигүү идеясы пайда болгон. Кыйынчылыктар болбой койбоду. Театр менен тигүү цехинин ортосунда бир топ чайналып, акыры тигүүчүлүктү тандап алдым. Албетте, роль жаратууну сагынам. Ошентсе да бул ишимден ырахат алып келем. Негизи, бир кийимди тигүү чыгарма жараткандай. Эргүү келбесе тиге албайсың. Ар бир оюу-чийүүгө, саймага өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Айымдарга башка, эркектерге башка түрү дегендей.
Кардарларымдын 90 пайызы чыгармачыл инсандар деп айтсам болот. Ар бир адам кийим тиктиргенде жакшылыкка деп тиктирет эмеспи. Тааныштарыма «биздин көйнөктөр ак жолтой» деп айтып калам. Себеби бизден кийим тиктирип кеткен жаш ырчыларыбыз эл аралык же жергиликтүү сынактарга катышканда сыйлыктуу орундарга ээ болушат. Мисалы, Омардын Юрмалага барган жашыл костюмун тигип бердик эле, Алла Пугачёванын сыйлыгын алып келди. Атай Өмүрзаков Чехияга барганда четтеринде кыргыздын оюу-чиймеси бастырылган кызыл түстөгү кийимин тигип бердик эле, ал дагы жемиштүү
кайтып келди»,- деп сүйүнүчүн жашырбады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Emine
2013-03-25 18:50:18
азаматсынар кыргызымдын уз айымдары. Дайыма эле ушундай жакшы жоролголорду баштап журо бергиле. Кыргыздар тек гана озубуздун модадагы кийимдерибизди кийсек кана кыргыз орнаменттери тушкон кийимдерди. Колдо бар алтындын баркы жок деген ушундада. Чет жердин кийимдерине козубузду артып...
0
Айпери Сыдыкова
2013-03-25 22:23:00
Дилбар эжеге ийгилик,дуйнолук денгээлге жетиниз.Супер!Супер!Супер!
0
N.Bakazova
2013-03-26 11:35:13
Кандай кылып заказ берсек болот экен-. Жардам бере аласызбы админ?
0
rusalka
2013-03-27 15:16:46
мен да ошо заказ жана баалары тууралуу маалымат алгым келип жатат.Билгендер болсо жазып койсонуздар, сураныч...
0
hanzada_samatova
2013-03-27 22:09:11
Ооба улуттук кийимдерди чыгарган азамат айымдар. Мен дагы бир мыкты дизайнерди билем Нурзат Жээнбек кызы, анын жумуштарын корсонор укмуш, щедевр десе да болот, эч кимдикине окшошпойт озгочо.
0
nnn.sss
2013-04-04 13:32:32
hanzada_samatova, ал дизайнерди кандай тапса болот маалыматыныз болсо болушо кетинизчи
0
hanzada_samatova
2013-04-09 14:21:16
nnn.sss,
hanzada_samatova@mail.ru менин почтама жазсаныз ошол жактан суйлошобуз
0
Ak-akak
2013-03-30 13:58:05
Алга, КЫРГЫЗ, алга!!!
+1
kadam
2013-03-30 14:56:02
Гүлжигиттин кийимин тиккен уздун дарегин кантип билсек болот?
0
nnn.sss
2013-04-04 13:29:55
Дилбар эженин кийимдерине тээ студенттик кезден эле ото кызыгам бирок ал убакта андай кийим алганга шарт жок болчу.учурда озум чет олкодомун бирок бул жакта улуттук кийимде кийинип жургум келет кантип кайдан заказ кылышты билбейм,Дилбар эженин кийимдериндей эч жерден корбодум
0
rozka
2013-04-04 15:49:10
Мага дагы керек эле кантип байланышса болот сураныч телефонун же адресин берип койгулачы
0
admin_media
2013-04-04 17:35:35
N.Bakazova, rusalka, nnn.sss, kadam, rozka,
Саламатсыздарбы! star@super.kg дарегине кат жазып, керектүү жоопторду алсаңыздар болот.
0
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан