ПОЛКОВНИК ШОНОЕВДИ ӨЧӨШКӨНДӨР АТЫШКАН

Мындан 2 ай мурун Ош шаарынын четинде жайгашкан Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында, өз үйүнүн жанында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бөлүм башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди атып кетишкен эле. Аталган чуулгандуу кылмышка шектелгендердин көбү учурда колго түшүрүлүп, тергөө иштери аяктап, сотко өткөрүлүп берилди.

АЛГАЧКЫ ШЕКТҮҮ КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕС
Эске салсак, 11-январь күнү кечке жуук Толкунбек Шоноев жумушунан чыгып, кызматтык автоунаасы менен үйүнүн жанына келгенде ага белгисиз кылмышкерлер ок чыгарып, ал денесине тийген 5 октон ошол жерден каза болгон. Бул факт боюнча Ош шаардык ИИББи Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) жана 340-беренеси (укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) менен кылмыш ишин козгогон.
Көп өтпөй бул чуулгандуу кылмыштын күбөсү табылып, ал белгисиз 2 жаш жигит Шоноевди атып, караңгы тарапка чуркап кетишкендигин айтып берген. Ага удаа эле күбө сүрөттөгөн жигиттерди кылмыш болгондон алыс эмес жерден алып, облустук төрөт үйү аймагына жеткирген таксист да табылган. Кардарлары таксистке жол кире үчүн акчаны алып келгиче деп күрмөсүн барымтага таштап, бирок келбей коюшкан экен. Таксист милиция кызматкерлерине кардарларынын бири Жылдызбек Карымбаев аттуу Ош шаарынын тургуну болгондугун айтып, 2 күндөн кийин Карымбаев Бишкек шаарынан кармалган. Бирок иликтөөдө анын кылмышка тиешеси жок экендиги билинген.

ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮНҮН КӨБҮ КЛАССТАШТАР
Көп өтпөй Шоноевдин кесиптештери башка кылмышкерлердин изине түшүп, 17-18-январь күндөрү кылмышка шектүүлөр аныкталган.
1. Кадырбек Сайдиев, 1987-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Мурун «опузалап алып коюу» жана «бейбаштык» беренелери менен соттолгон. «Женго» каймана аттуу кримавторитет К.Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү жана өкүл баласы. Буга чейин да башка кылмышка шектелип издөөдө жүргөн. Учурда дале издөөдө.
2. Тилек Жапарбаев, 1985-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, жогорку билимдүү, эч жерде иштебейт, мурун соттолгон эмес.
3. Айтбай уулу Сагын, 1986-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, жогорку билимдүү, эч жерде иштебейт, мурун соттолгон эмес.
4. Улан Молдошев, 1988-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, орто билимдүү, эч жерде иштебейт, мурун соттолгон эмес.
5. Эрнис Эсенов, 1987-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, жогорку билимдүү, эч жерде иштебейт, мурун соттолгон эмес.
6. Ниязбек Тажибаев, 1987-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, орто билимдүү, троллейбустун айдоочусу.
7. Аскарбек уулу Арыпбек, каймана аты «Малой», 1990-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну, «Кара-Суу» базарында жүк ташыгыч болуп иштейт. Мурун соттолгон эмес.
Жогоруда аталгандардын топтун башчысы Кадырбек Сайдиевден башкалары бүт колго түшүрүлүп, кылмыштарын мойнуна алышкан. Арыпбектен башкасынын баары бала кезден эле тааныш, ал тургай көпчүлүгү классташ болушкан.

БИР НЕЧЕ КҮН АРТЫНАН АҢДУУ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН
Мурда Толкунбек Шоноев жетектеген бөлүмдүн кызматкерлери Ош шаарындагы курулуш материалдарын сатуучу «Ак-Тайлак» базарында жайгашкан Д.Кудайкуловага тийиштүү устачылык цехти өрттөп кеткен кылмыштын бетин ачышкан экен. Бул кылмышка Кадырбек Сайдиев шектелип, ага издөө жарыяланган. Кадырбек Сайдиев издөөдө жүргөнүн билип, башкармалыктын башчыларынын бирин өлтүргүсү келип, тааныштарынан турган кылмыш тобун түзгөн. Топтун «общак» үчүн деп жеке ишкерди коркутуп, 46 миң сом акча алышкандыгы да аныкталган.
Сайдиев кандайдыр бир жол аркылуу Апрель окуясындагы баш аламандыкта жоголгон Мамлекеттик коргоо кызматына тиешелүү Макаров үлгүсүндөгү тапанчага ээ болуп, «ушул тапанча менен Шоноевди өлтүрөм» деп мактанганын жан-жөкөрлөрү айтып беришкен.
Кылмышка бараарга бир нече күн мурун ал Арыпбек жана Сагын менен бирге Төлөйкөн айылына жакын жердеги тоого барып желим бөтөлкөлөрдү бута кылып атып машыгышкан (тергөө учурунда алар айткан жерден ок жана гильзалар табылып, экспертиза Шоноевди аткан тапанчадан атылгандыгын аныктаган). Шоноевдин артынан аңдуу жүргүзүп, анын жумушка барып келүү убактысын жана маршрутун билишкен.

КАРГАШАЛУУ КҮН
11-январда Арыпбек базарга барып, Кадырбек берген акчага эски 2 телефон сатып алган. Ошол эле күнү кечки саат алтыларда Кадырбек, Арыпбек, Тилек жана Улан болуп эки сим-карта сатып алышып, Шоноев иштеген имаратка барышкан. Ошол жерден телефондорду иштетип, Кадырбек Улан менен Тилекке Шоноевди көзөмөлдөп, ал тууралуу маалыматтарды так ушул телефон аркылуу гана айтып туруусун табыштаган. Андан соң Арыпбек экөө Шоноев жашаган дарекке келип, күтүп отурушкан. Ал эми Тилек менен Улан полковник жумуштан чыгып, автоунаасына отуруп үйүнө баргыча артынан аңдып жүрүшкөн жана мунун баарын Кадырбекке кабарлап турушкан. Шоноевдин үйүнүн алдында турушкан Кадырбек менен Арыпбек анын машинасынын үйүнүн алдына келип токтоп жатканын көрүп, экөө эки жагынан басып келишкен. Арыпбек айдоочу отурган эшик жактан келип, Шоноевди тамеки сурамыш болуп алаксытканда, Кадырбек экинчи эшикти ачып Шоноевге бир нече ок чыгарган. Шоноевди өлтүргөн соң экөө чуркап качып баратып, тапанчаны жана телефондорду чачып жиберишкен (алар айткан жерлерди кароо учурунда чачылган абалында Макаров тапанчасы жана Кадырбек менен Арыпбекке тиешелүү 4 уюлдук телефон табылган). Экөө талаа аркылуу качып, Черемушка кичи районуна барып таксиге отуруп, жолдон кайра башка таксини жалдап кетишкен.
Жан-жөкөрлөрү кармалгандан кийин кылмышты уюштурган Кадырбек Сайдиев белгисиз тарапка изин суутуп кетип, алигиче кармала элек.
Учурда тергөө иши аяктап, Кара-Суу райондук сотуна кароого жиберилди. Ал эми Кадырбек Сайдиевге карата кылмыш иши ал кармалгыча өзүнчө өндүрүшкө бекитилген.

Маалымат жана сүрөттөр Ош ОИИББинин маалымат кызматынын инспектору Жеңиш Ашырбаевден алынды.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Rostov-on-Don
2013-04-06 23:13:10
Шумшукторго булар мен Шоноевди тааныйм,аябай жакшы адам болчу жаткан жери жайлуу болсун!
+1
jyldyzay
2013-06-09 19:34:32
эл учун иштеген азамат жигиттерди озубуз ушинтип жок кылып алабызда
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан