«СОЙКУЛУК МЕНЕН КАРМАЛГАН КЫЗДАР ЫЙЛАП ЭМЕС, ЫРДАП КЕЛИШЕТ»

Ош ШИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы сауналарга ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлдү. Рейд учурунда көчө кыздарына көмүскө сойкулук уюштуруп берген 10го жакын сауналар жабылып, администраторлоруна кылмыш иши козголду. Иликтөө учурунда 20дан ашык сойку кыздар «иш үстүндө» кармалган. Кармалган кыздардын арасынан бири да уялып же кылган ишине өкүнгөнү кездешпегени бизди таң калтырды. Беттерин жашырганы менен, баары эле күлүп, айрымдары кубангандай...

«БУЛ ЖОЛДОН ЧЫГЫП КЕТҮҮ ООР БОЛУП ЖАТАТ»
Сойкулук менен алектенип кармалган кыздардын айрымдары суроолорго төмөнкүчө жооп узатышты.

– Атың ким, кайдан келгенсиң?
– Динар, 1986-жылы туулгам. Ала-Бука районунан келгем.

– Качантан бери иштейсиң? 
– Бир аптадан бери иштеп жатам. Акча керек болуп калып, бир кызга жолуктум. Ал ушул жерге алып келди.

– Канча сомдон таап жатасың?
– Бир кардардан 250 сомдон алабыз. Бардыгы өзүбүздө калбайт, администратор Жылдыз эжеге беребиз, анан ал бизге канча бир пайызын берет.

Ал эми Нурзат аттуу 26 жаштагы келин бул жолго жолдошуна өчөшүп түшүп, кайра чыга албай калганын айтат.

– Бул ишке оңой менен эч ким барбайт. Эч ким бизди ушул жолго бар деп да мажбурлаган эмес. Турмушка чыккам, бир балабыз бар. Бирок жолдошум экөөбүз ынтымактуу жашап кете албадык. Ата-энемдин өздөрүнчө тиричилиги бар, аларга барсам, «турмушка чыккансың, жолдошуң менен жараш» деп айта беришкендиктен, алар менен сүйлөшпөйм. Курбум, эжем болуп бирге жашайбыз.

– Денеңди сатып иштөөнү дагы канчага чейин улантасың?
– Ким эле үй-бүлөсү менен бактылуу жашашты каалабасын? Жашмын, жакшы жумушта иштеп, жакшы жолго түшөм, балам менен бирге болом деп ниет кылам. Ал күндөр качан келет, азырынча мага караңгы, бирок мага да күн чыгарына ишенем (көзүнө жаш алып). Кыйналып кеттим...

–  «Мындан ары жакшы үй-бүлө куруп, жашап кетем» деп өзүңө ишенесиңби?
– Ишенем, аялга андан артык бакыт жок да. Бул жолго адашып түшүп калганыма өкүнөм. Чыгып кетүү кыйын болуп жатпайбы.

«БАЗАРДЫН ОРТОСУНА САУНА АЧЫП АЛЫШЫПТЫР»
Ош шаардык жана облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору ЗАМИР СЫДЫКОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул жолдо жүргөн кыздардын 98 пайызынын ата-энеси кыздары эмне менен алектенип жүргөнүн билишпейт. «Окуп жүрөм» же «иштеп жатам» деп алдап коюп, башка жолдо жүргөндөрү көп. Булар коркпой да калышкан, кармап алып келе жатсаң ыйлаганы жок, тескерисинче, кыйкырып ырдап келишет. Жашыруун сойкуларды иштеткен сауналарга массалык чоң тинтүү жасоо республикада биринчи жолу болуп жатат. Ош шаардык ИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери бир айга жетпей 10 саунаны жабышты. Мончо деп коюп, денесин саткан кыздарды иштеткен сауналар бар экен. Алардын администраторлору саунага келген кардарына шаардагы денесин саткан кыздарды чакырып беришет экен. Рейд учурунда базардын ортосуна сауна ачып алгандар да кездешти. Жылаңач балдар-кыздар кирип-чыгып жүрүшөт, бул адамдардын аң-сезимине кандай таасир берип жатканы айтпасак деле белгилүү да. Администраторлордун көпчүлүгү татар, орус улутундагы аялдар. Кылмыш жана жаза кодексинде сойкулук кылгандар үчүн атайын берене жок болгондуктан, биз сауналардын администраторлорунун үстүнөн 261-берененин (сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү) негизинде кылмыш ишин козгодук. Акыркы убактарда ушундай иштер көп жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөн жылдарга салыштырмалуу сойкулук менен алектенген кыздардын саны азайды.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
ayzatushka
2013-04-01 15:22:31
Osht ele emes,Kyrgyzstanda kop bolup ketti go
+1
timan86
2013-04-01 17:11:24
Бажалар деген Саунаны кармабапсынарда ошердеда толтура кыздар бар болчу
+2
aiza11.3
2013-04-01 19:30:41
Кудай сактасын!
+2
mahabat.
2013-04-02 01:47:06
ошто гана эмес бардык жерлерде толтура.кыргызда сойкулук болгону ото окунучтуу.арабызда кыргыз сойкулар,кыргыз бомждар,карыялар уйундо кыргыздар ото кобойду.Кыргыз элим эстуу бололучу суранам!
0
altinim
2013-04-02 13:05:42
ошто коп туура бирок анын 60% озбекистан тараптан келген озбек улутундагы кыз келиндер копчулугу озбектер,туркмен студенткалары кыргыз кыздары аз
0
rozka
2013-04-03 13:01:00
Эсинер барда этегинерди жапкыла башка иштер толтура кыйналсанар дагы ушул ишинерди таштагыла эне болуп уйдо отурганга эч нерсе жетпейт бактылуу болуш озунордун колунарда
0
Barika
2013-04-03 16:08:59
Кайсыл жерден болбосун айырмасы жок, баарына жартканым озу ынсап берсин!
+3
tea23
2013-04-03 19:43:32
Бироонун ПМСи башиалган го :) тамаша
0
Shekerbek
2013-04-04 16:01:48
автовокзалдын жанында да бар го
0
Zverchik
2013-04-05 09:23:02
ал жерде оштук кыздар деп эч ким айткан жокко карындаш байкап суйлосон
+1
zamir218
2013-04-05 12:38:05
бул жанылык деле эмес го. Анча эмне тан каласынар!
+1
tilek88.88kg
2013-04-05 13:47:49
акылы кыска, ойу кыска ыйманы жок акчага муктаж кыздар ошол жолго барат
+1
erikkgz
2013-04-05 18:57:53
bul ooru syiaktuu bolso kerek... aga kyzdar berilip kalgan... jan jeri kaalap tursa aila jok bul iwti tawtai albaitda
0
milons
2013-06-10 16:16:55
erikkgz, жан жери каалап турса айла жок деген соз отто уят соз, мусулман адам эки тишинин ортсун (тилин) жана эки бутунун ортосун кысып журушу керек делген. анан эле жан жери каалап турса деп, адам баласынын баарында андай каалоо сезими бар, бирок баары эле кочого чыгып алган жокда. болгону чыдаш керек сабыр кылыш керек. аркы дуйнодо никесиз кошулган аялды жана эркектердин бааырн бир казанга салып алып, туболукко кайнатат экен.
0
NSS88
2013-04-06 20:49:52
Уят кыргыздар бири бирнерди чукубай эле жашагылачы мусулман экендинерди унутпагылачы ынсап берсин аял затына эле эме буткул пенделрг.....
0
balshirin
2013-04-07 22:43:55
ар киминер озунорду билип, башкаларды сындагандан алыс болгулачы. мен да бир топ жыл мурун "тунку кополокторду" жек коруу менен карачуумун, бирок кийин тушундум ар кимдин оз жашоосу бар экен. алар деле жыргаганынан ушул жолго тушпогондур. Эльчин Сафарли деген жазуучунун "Туда без Обратно" деген чыгармасын окусанар, башкаларды сындоодон, башкалардын жашоосуна кийгилуушудон алыс болосунар
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан