СОТ КАНДАЙ ӨКҮМ ЧЫГАРАТ?

Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында «бийликти кулатууга аракет кылды» деп айыпталып камакта жаткан депутаттардын иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү чыгат. Аны утурлай биз сот процессинин жүрүшүндөгү урунттуу учурларын эске салабыз.

«МЕНИ МЕНЕН БАСКЫЛА, АЗЫР БАРЫП ТУРУП БИЙЛИКТИ АЛАБЫЗ!..»
2012-жылдын 3-октябрында Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы коюлган митинг өттү. Уюштуруучулар «Кумтөрдүн» экологияга тийгизген терс таасирин, келишимдин адилетсиздигин белгилеп жатышты. Жыйын аяктап калганда келип сүйлөгөн «Ата Журт» партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин чакырыгы кырдаалды чукул өзгөртүп жиберди. Ал: «Кумтөрдүн» адвокаты болуп, «Кумтөр» элдики эмес, «Кумтөр» ошол кожоюндардыкы, биз ага тие албайбыз» деп айтып чыгышты. Мен ойлоймун, бул туура эмес. «Кумтөр» элдики, туугандар! «Кумтөрдү» элден башка эч ким башкарбаш керек. Ошондуктан мен айтар элем, көп сөздү айтып, бири-бирибиздин башыбызды оорута бербестен, бүгүнкү күндө саясатты, мамлекеттик түзүлүштү, бийлик орундарды өзгөртүшүбүз керек. Мына ошондо гана өзгөрүү болот.
Садыр Жапаров 10-октябрда деп айтып жатат. Керек болсо Чыңгызхан өзүнүн 17 баласы менен бийликти алып койгон. Эмне үчүн биз бул жерге 10 миң адамды топтойбуз деп күтүшүбүз керек экен? Эмне үчүн биз бул жерге 20 миң адамды топтойбуз, анан бийлик алабыз деп күтүшүбүз керек экен? Андай эмес. Керек болсо, кана, жыйырма адам чыгабы, мени менен баскыла. Азыр барып туруп, бийликти алабыз. Алыш керек, алыш керек!.. Жарымыбыз барып өкмөттүн үйүн алышыбыз керек. Өкмөттүн кабинет-кабинетине жатышыбыз керек. Элге кызмат кыла турган, элдин кулу болуп иштей турган бийликти курабыз!»- деп айтып, кыйкырык-сүрөөн менен Ак үйгө жөнөдү. Бул топ тосмодон ашып өтүп, ичкери кирүүгө аракет кылды. Ташиев менен бирге анын жан сакчылары, тарапташтары, ошондой эле мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев, депутат Талант Мамытов бар эле. Митингди уюштуруучу Садыр Жапаров элдин алдына чыгып сүйлөгөн соң парламентте өтүп жаткан жыйынга кирип кеткен.
Ак үйгө бастырып кирүүгө жулунган митингчилерди таратуу үчүн мамлекеттик объектини кайтаруучулар көздөн жаш агызуучу газ колдонушту. Ак үйдүн короосунда күзөт кызматынын кызматкерлери менен Ташиев кубалашып, Мамытов мушташып, айтор, бул күндөгү митинг тополоң-тоз менен аяктады. Тополоңдо жалпысынан 12 адам жабыркады, алардын 9у милиция кызматкери эле.
Ушул эле күнү кечинде митингдин уюштуруучулары: депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов, эртеси мурдагы аскер прокурору, юстициянын генерал-майору, митингде алып баруучулук кылган Кубатбек Кожоналиев УКМК тарабынан камакка алынды.

ТОСМОДОН АШЫП ТҮШҮҮ КЫЛМЫШ... КЫЛМЫШ ЭМЕС...
Ак үйдү камалоону митингдин уюштуруучулары капыстан болгон окуя катары түшүндүрүүгө аракет жасашса, күч түзүмдөрү мамлекеттик бийликти басып алууга аракет катары баа берди. Жоон санына Ак үйдүн тосмосунун шиши сайылган Камчыбек Ташиевдин айланасында талкуу бул күндөрү абдан катуу жүрдү. Алгач «Ташиев октон жаракат алды» деген маалымат желдей тарады. Шиш сайылганы ачыкталган соң «Ак үйдү басып алууга эмес, иш ордума гана кирейин дегем» деп чыкты. Чын эле иш ордуна кирмекчи болду беле же чын эле мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасалдыбы, аны учурда сот териштирип жаткан маалы.
Бул окуя боюнча К.Ташиев менен С.Жапаровго «Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган», «Бийликти басып алууга чакырык жасаган» деп КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 295-297-беренелери боюнча, ал эми Т.Мамытовго «Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган» деген айып тагылып, иштин сотко жөнөтүлгөнүнө 3 ай убакыт болду. 29-март күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов аталган кылмыш иши боюнча өкүм чыгарат.
Сотто вице-спикер Талант Мамытов «эгер митинг учурунда УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси Замир Сабаевди көзгө урган болсом, энемдин ак сүтү уруп кетсин» деп карганды. Кубатбек Кожоналиев Ташиев «Кумтөр» жөнүндө сүйлөйт болуш керек деп күткөндүгүн кабарлады. «Бирок тасмаларда жазылып калгандай, ал күтүүсүз жорукка барды» деп билдирди экс-прокурор. Ошол күнү кечке Ташиевдин жанында жүрүп, бирок анын элге кандай чакырык жасаганын Т.Мамытов укпай калган экен.
«Митингде Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров шыбырашып жаткан. Садыр Жапаровдун «бийликти басып алабыз» деген сөзүн уктум»,- деди «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөсү Нуржамал Осмонкулова.
Партиялаштарын депутат Жылдыз Жолдошова «Ак үйдүн тосмосун ашып түшүү кылмыш эмес» деп коргоду.
Камчыбек Ташиевдин адвокаты Азимбек Бекназаров болсо айыпталуучуларга «бейбаштык» үчүн айып койсо гана болот деген ойдо.

ЖАЗА БАСТЫРГАН КЫЗУУ КАНДУУЛУК
Ташиевдин «Чыңгызхандык» аракетине депутаттар ээн баштык катары карашууда. Бул абалды сотто коомдук жактоочу катары келген ЖКнын депутаты Курмантай Абдиев «Камчынын тосмодон ашып өткөнү мага жага берген жок. Ал бир аз эмоцияга алдырып койду окшойт» деп сыпаттады. Аны жактоочу Азимбек Бекназаров да кубаттап, «Камчынын эмоционалдуулугун Оштогу Июнь окуясында байкагам» деди. Ал тургай күбө катары суралган митингдин катышуучусу, өзүн Бактыгүл Жумабаева деп тааныштырган аял да Ташиевдин жасаганын «ошол күнү эмоцияга алдырды» деп мүнөздөдү.

ТАШИЕВ «10 ЖЫЛ АЗ» ДЕДИ
Бул митингдеги ойлонулбаган кадамы менен Камчыбек Ташиев саясий беделине оор сокку уруп алды. Тергөө абагында жатып ачкачылык жарыялап, 13 килограммга салмагын азайтууга да үлгүрдү. Ачкачылыктан улам ден соолугуна коркунуч жаралганда акыйкатчы Турсунбек Акун абакка кирип, сүйлөшүү жүргүзүп, натыйжада бул нааразычылык акциясынан баш тартты.
кылмыш иши боюнча соттун биринчи отуруму 10-январда башталды. Алгачкы күнү эле К.Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов судья Абдыразак Боромбаевге ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдирип, сотту Адылбек Субанкулов жетектеп келатат. Көпкө созулган соттук процессте Ташиев «жанымдагы эки депутатты коё бергиле, аларга мен кепил болуп абакта отура турайын» деген өтүнүч киргизди.
Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов президент Алмазбек Атамбаевди, баш прокурор А.Салянованы, УКМКнын экс-министри Шамиль Атахановду сотко чакырууну өтүндү.
2012-жылдын 3-октябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев Түркияда, баш прокурор Аида Салянова Киевде, УКМКнын төрагасы Шамиль Атаханов Малайзияда иш сапарында болчу. Ал эми өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ысык-Көлдө иш сапарында жүргөн эле.
Мындан сырткары «митингди уюштурууда К.Ташиев качып кеткен президент Бакиев жана Лондондогу «экс-ханзаада» Максим Бакиев менен байланышкан» деген маалыматты бергендиги үчүн КТРКнын жетекчиси К.Оторбаевди сотто көрсөтмө берип, тастыктоону өтүндү. КТРКнын директору сотто «маалыматтын жалган экендиги тастыкталса, мен коомчулуктан кечирим сурайм» деген позициясын билдирди.
«Ата журтчу» үч депутат камакка алынгандан тарта жер-жерлерде эл өкүлдөрүн колдоп бир нече жолу пикет-митингдер болду. Алар ачкачылык жарыялоо, облустук өкүлчүлүктүн имаратында түнөп калуу сыяктуу окуялар менен коштолду.
Сотто Камчыбек Ташиев эл кызыкчылыгы үчүн Ак үйдүн тосмосун ашып өткөнүн, бул жоругун кылмыш деп эсептебей тургандыгын билдирди. Эл өкүлдөрү Садыр Жапаров, Талант Мамытовдор да коюлган айыптар боюнча күнөөнү моюнга албай тургандыктарын, кылмыш жасабагандыгын айтышты.
Жалал-Абаддан аксакалдар келип, аларды өлкө башчы кабыл алды. Алардын «Ташиевди актап бер» деген өңүттөгү суранычына
А.Атамбаев «аны сот чечет, мен кийлигише албайм» деп узатып койду.
Сот кандай өкүм чыгарарын айтуу кыйын, бирок мамлекеттик айыптоочу К.Ташиевди, С.Жапаровду 10 жылга, Т.Мамытовду 9 жылга, К.Кожоналиевди 8 жылга эркинен ажыратып жаза берүүнү сурады. Камчыбек Ташиев өзүнө коюлган 295-берене боюнча кылмыш ишинде 12 жылдан 20 жылга чейин эркиндиктен ажыратуу жазасы каралгандыгын эске салып, мамлекеттик айыптоочулардын өзүнө 10 жылдык жаза сураганын түшүнбөй жатканын акыйкатчыга айтыптыр. Ал эми С.Жапаров акыйкатчы аркылуу коомчулукка «соттолуп кетсем, БУУга, ЕККУга, АКШ менен Канадага арызданам» деген салам-дубайын жолдоду.
29-мартта соттолуучулар акыркы сөзүн айтат. Андан кийин судья өкүм чыгарат. Өкүм ушул эле күнү угузулушу мүмкүн. Даяр болбосо, кийинки жумага калат.

КАНАДАЛЫК «ЦЕНТЕРРАНЫН» ПРЕЗИДЕНТИ КЕЛДИ
Аталган митингдин өтүшүнө себепкер болгон «Кумтөр» маселесин депутаттык комиссиядан соң өкмөттүк комиссия да кылдат иликтеп чыкты. Аны Экономика министри Т.Сариев жетектеп, жыйынтыгын 20-февралда Жогорку Кеңешке уктуруп, парламент «Центерра» менен сүйлөшүү үчүн өкмөткө үч ай мөөнөт берген. Ал мезгилдин ичинде Кыргызстанды канааттандырган жыйынтыкка жетишпесе, анда өкмөт 2009-жылкы келишимди бузууга тийиш.
«Центерра» болсо бул келишимди мыйзамдуу деп атап, ал бузулса, маселе эл аралык арбитражда караларын эскертип келатат.
Өткөн жумада Канададан «Центерранын» президенти Ян Аткинсон Бишкекке келген, аны менен өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр башталды.

 

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
LEP888
2013-04-01 15:21:04
Сотту кутуп олтуруп сот да бутту, бул адам чыгарган окумго каршылык корсотуп туура эмес деп жатат, бул адам акталып чыккысы бар, бирок ар бир жаран Чынгызханга окшоп басып алам деп,анан сот актап койсо баары эле бийликке асыла бербейби. Колу бутун менен кылган ишке, башын менен жооп берууго даяр бол эркек болсон Ташиев.
+1
Xamer
2013-04-01 15:29:54
Кызуу кандуулук эмес, аны жажда власти деп коет, бийликке малынгандан кийин, жанагыл Золотая антилопа мультфильминдеги Ханга окшоп, еще, еще деп калат, эн окунучтуусу Чынгызхан болуп эркекче чыккандан кийин, жооп берерде энелерди колдонуп алдыга салганы. Эч качан элин ойлогон адам энени колдонбойт, оз башы менен жооп берет.
+1
KR-777
2013-04-01 17:06:59
Буларды чыгарбай сотто керек!
-1
muxammet
2013-04-02 00:30:11
ташиевтин эркектиги ош окуясында оз козум мн коргом. азыркы ажобуз же окмот башчыбыз ал кезде чет элге карай качкан!
+1
Aidai2010
2013-04-02 18:28:58
muxammet, Ташиев качкан чет элге 7 апрельде, жалган маалымат таратпай эле кой, Ташиев озу курал кармап кошо чыккан эмес, куралды таратып уйундо бекинип жаткан, Ошту сактаганда бир гана ташиевдин заслугасы бар эес ОПГлар да абдан жардам берген. Ташиевдин кантип баатыр болгонун тарых озу чечмелеп берет
0
Nurbol
2013-04-02 09:46:10
атамбаев алдын ала эле турцияга качып кетип калса керек на всякий пожар деп. дагы уялбай эгер сот туура эмес чечим чыгарса соттун озун жазалайм дейт. видно что улуу-урматтуу "президенттин" буйругу менен 3 айга соттолгон депутаттар 6 айдан бери камакта отурушат.
0
Lion-x
2013-04-02 18:30:18
Nurbol, Бакиев атанардай коруп атасынарбы, Ташиев ким экен андан коркуп качып кеткендей, кулкуну келтирбегилечи, денгээлинерди которгулочу!!!
0
Pearl.06
2013-04-03 16:08:23
Ташиевке соз жок.Ушуга окшогондордун оозун карап олтурганыбыз окундурот.
0
meder_9003
2013-04-04 15:41:50
азыркы бийлик дагы Бакиевтин бийлигин басып алгын ак уйго бастырып барган. алар неге соттолбойт?
+1
admin_superstan
2013-04-04 17:42:15
kypchak80, эскертүү!
Бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга тыюу салынат.
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан