«КЫЗДАРДЫН ЮБКАСЫ СТУДЕНТТИН КОНТРАГЫНДАЙ УЛАМ КӨТӨРҮЛҮП БАРАТАТ»

Салтка айланган «Тамашоу» долбоору 22-23-март күндөрү Спорт Ордосунда жарым финал оюнун өткөрдү. Командалар арасында айыгышкан күрөштөн соң мыктылар финалга жолдомо алышты.

ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫН ТАРТКАНДАР ЖАНА ЖЕҢГЕНДЕР
Оюндун алгачкы күнү «No name» командасынын нааразылык «акциясы» менен башталды. Оштон келген команда «биз ата-энебизге уят болуп бүттүк. Дайым сыналгыдан карасак, бизди кыркып салып, сизди эле берет» деп команданын капитаны Муратка ыйлакташса, ал да «мен деле жүрбөйт белем силердин оюнуңарды сыналгыдан карап, өзүм курама командада ойноп» деп негизги курамга кошулуп Москвага барбай калганын арыздана кетти.
Ал эми экинчи күнкү оюнда режиссёрлукка ооп, «KG 77ден» кеткен Зияш Линин кайтып келгени көрөрмандар үчүн күтүлбөгөн жаңылык болуп, катуу кол чабууга татыды. Жалпысынан «тамашоучулар» «Саламдашуу», «Ким тапан?», «Видеосынак» жана «Музыкалык үй тапшырма» деген 4 баскыч боюнча ат салышты. Оюн жыйынтыгында эки күн тең бийик упай топтогон төрт команда финалга жолдомо алып, калган алтоо ыргыды.
22-март күнкү оюнда «No name», «Ак-Өргө city», «Ак кеме», «NutsTан» жана «Бишкек» командаларынан «No name», «Ак кеме» финалга чыкса, экинчи күнү «Моника Беллуччи» менен «Тамадалар» «KG 77», «УКГ №5» жана «Позитиффтин» балдарын артта калтырды.
Келечекте 5-сезондун триумфатору наамын алчулардын көпчүлүгү курама команда болгондуктан, алар тууралуу да кыскача маалымат берип өтсөк. Бир кездеги «Жигиттер», «Юристтер», «Достук» командалары учурдагы «Тамадаларды» түздү. «Моника Беллуччинин» курамында «ЧЕЗ», «IUK», «Юрский периоддун» «каймактары» бириккен болсо, «Ак кеменин» жигиттери «бизге «красавчик» жетишпей жатат» деп «ЧЕЗдеги» Эркинди алышкан. Ал эми «No name» командасы башынан эле курамын алмаштырбай келет.
Эки күнгө созулган жарым финалдык оюнда мэр, чиновниктердин короосуна таш ыргытуу менен шоу-бизнес чөйрөсүн да тамашаларга кыпчый кетишти. Анан да Эрмек Нурбаевдин ар оюнда балдар үйүнө колдоо көрсөтүп, белек таратып жатканына «баракелде» дебесек болбос.

ЖАРЫМ ФИНАЛДА ЖАРАЛГАН ТАМАШАЛАР

Таң атып тереземди кенен ачтым,
Кеч кирип тереземди кайра жаптым,
Ошентип, бир күн бою ачык туруп,
Чиркей талап ойгоо жаттым, ойгоо жаттым.

(Гүлнур Сатылганова, «Сени эстеп»)

Бишкектин жолдору жыртык байпактай,
Бишкектин жолдору «угри» баскандай.
Бишкектин жолдору танка жүргөндөй
Жана анын артынан бомба түшкөндөй.

Чыныгы кыргыз мэри жашоосунда үч нерсени кылыш керек: Жолду оңдош керек, жолду оңдош керек, жолду оңдош керек!

(«Тамадалар»)

Кыргыздын кыздары, сиздердин юбкаңыздар жылдан жылга студенттин контрагы сыяктуу көтөрүлүп баратат. Ошону түшүргөнгө аракет кылыңыздарчы!!!

(«No name»)

Таш менен урса, аш менен урба, оштук деп ойлоп калат.

Бирөөнүн жеринде хан болгуча, өзүңдүн жериңде митингге чыгып жүрө бер.

Атың чыкпаса, эшегиңди чыгар.

(«KG 77»)

Баткен шаарындагы кастинг:

– Салам алейкум!
– Саламатсызбы, отуруңуз.
– Рахмат, жаңы эле отуруп чыктым.
– Канча?
– 192, 2-пункт.
– Жо-ок, статья эмес, бой!
– Боюмда жок.
(Жини келип) Ва-а, вес?!
– Вес райондо нормально эле.
– Атыңыз?
– Кимди атайын?
– Сизде шоу-бизнес жөнүндө «понятие» барбы? Кимди тааныйсыз?
– Сакал, боорсок, скелетти тааныйм.
– Шоу-бизнестен деп жатам.
– Ооба, ошо айтып жатпаймынбы. Усенов, Омар, Атабековду тааныйм...

(«Ак кеме»)

Кичине коёнек үшүбөйт кышта,
Анткени коёнек – «норковый шуба».

Жазгы жамгыр, үйүм чатыр,
Кырк тешиктен суу кирип атыр.

(Урмат Усенов, «Жазгы жамгыр»), («Позитифф»)

«КИМ ТАПАН?» СЫНАГЫНДАГЫ ТАМАШАЛАР:

– Бишкекте оштуктар көппү же ырчылар көппү? («Ак-Өргө city»)

– Оштук ырчылар көп. («Бишкек»)
– Ошолордун арасында жашап жатканыңа ыраазы болсоң. («No name»)

– Чыныгы эркек жашоосунда эмне кылыш керек? (Улан Барпиев)
– Эртең менен туруп, жыйынып, бети-колун жууп, «технично» өзүнүн үйүнө кетиш керек. («No name»)

   

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Адам
2013-04-02 13:16:24
Баары эң мыкты, татыктуулар финалга жолдомо алды деп эсептейм. No name же Тамадалар, экөөнүн бири жеңүүчү болот.
0
Spartak0001
2013-04-02 13:32:13
Мониканын да дымагы күчтүү, Ак-Кеме болсо финалга жакын жанданышат. Кыскасы баары күчтүү! Жеке мен Тамадаларга жан тартат элем.
-2
timan86
2013-04-02 19:10:34
No name алат ишенем алга балдар
+1
MrAdylio
2013-04-02 21:49:51
Оштуктар деп болбой no name деп болойунчу. Азаматсынар силер быйыл чемпион болушунар керек Ошого татыктуусунар кобуроок даярдангыла.
+4
kuba.kg
2013-04-03 00:46:08
no name командасы жакшы тамаша жаратып жатат биринчи местага татыктуусунар бирок тамадалар менен моника белучи командасыда жаман эмес аларда татыктуу деп эсептейм
0
N.Bakazova
2013-04-03 10:33:28
Ха ха, тамашалар жакты.
0
nazira1989
2013-04-03 13:29:04
Баардык командалар татыктуусунар,талантынар ташкындай берсин,элге кулку тартуулап,омурун узартып,ак батасын алып журо бергиле.Азаматсынар!!!
0
ray.21
2013-04-03 16:58:07
видеосу качан чыгааааат
0
_xXx_
2013-04-03 20:14:31
азия микс
0
Elmara
2013-04-04 13:40:51
Азаматтар баарынарга чыгармачылык ийгилик!!!Видеосун кутобуз!
+1
askar92
2013-04-04 15:23:07
баарынарга ийгилик
0
dr_atabek
2013-04-06 23:09:35
Баарынар азаматсынар!! Бул сезондо "No name" командасынын чемпион болушуна мен да тилектешмин.
0
muxammet
2013-04-06 23:51:01
балдар, балдар ОШ!
0
lara
2013-04-07 20:49:44
KG77 nin tappagan makaly jok, atyn 4ykpasa ewegindi 4ygarga aiabai kulduk:-) Tamashow jawysyn! Alga!!!
Ka4an video juktolot?
+1
admin_superstan
2013-04-08 11:25:50
lara, мүмкүнчүлүк болоору менен Медиа-портал бөлүмүнө жүктөлөт.
0
balshirin
2013-04-07 22:34:11
Но Нейм алга
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан