Америкалык белгилүү ырчы Тина Тёрнер жакында гана Швейцариянын жарандыгын алган эле. Анын мындай кадамга барышы жөн жерден эмес экен. Көрсө, ырчы 27 жылдан бери арзышып жүргөн сүйгөнү 53 жаштагы Эрвин Бахка башын байлаганы жатыптыр.
Маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, сүйүшкөндөрдүн үлпөт тою Швейцариянын Кюснахт шаарында өтөт. Мындан сырткары тойго чакыруу кагаздары таркатылып, келген коноктордун баары аппак кийинип келиши шарт экендиги белгилүү болду.