Ооба, өрт өчүрүүчүлөрдүн бир күндүк эмгегин талап кылган бул кырсык өчүрүлбөгөн шамдын кесепетинен чыккан. Күбө болгондордун айтымында, квартиранын ичи толугу менен күйүп кеткен. Бактыга жараша, ошол маалда жигити менен уктап жаткан Эшли («Күүгүм», кан ичкич Элис Каллен) жана актрисанын иниси ойгонуп, качып чыгууга үлгүрүшкөн. Өрттүн кесепетинен үч адам жеңил жаракат менен ооруканага кайрылышкан. Баарынан да Эшли эки үй жаныбарынын бирин жоготконуна ичи ачышканын айтат.