Орусиянын белгилүү ырчысы Татьяна Буланова менен жолдошу, спортчу Владислав Радимов ажырашууда. Интервьюларынын биринде ырчы бул тууралуу «Влад күйүмдүү ата, камкор кожоюн эле. Балээнин баары менден кетти көрүнөт. Үйдө көп болбосом, тамак жасабасам...» деген. Айрым маалымат булактарында Владдын зергер Андрей Анановдун кызы Анна менен мамиле куруп кеткендиги ажырашууга себеп болгондугу айтылууда. Учурда түгөйлөр мүлк бөлүштүрүү менен убара.