Америкалык белгилүү актёр, сценарист, режиссёр жана продюсер Эдвард Нортон («Кызыл ажыдаар», Уилл Грэхем ) 43 жашында бала жытын искеп отурат. «Көрсө, алган сыйлыктарыңдан да өз каныңдан жаралган баланы көрүү бир башкача сезим экен. Мен мындан ары башка нерсени максат кылбайм» деп кубанычын достору менен бөлүшкөн. Эске салсак, Эдвард жубайы, канадалык продюсер Шона Робертсон экөө 2011-жылы баш кошушкан.