Ар бир эне баласын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багып, мээримин төгөт деп ойлойсуң. Бирок арабызда тагдырдын тайгак кечүүсүнөн өтө албай, «эне» деген эң ыйык атты булгагандар да бар экени өкүнүчтүү.
«БАККЫМ КЕЛГЕН ЖОК»
Үстүбүздөгү жылдын 20-март күнү болжол менен түнкү саат бирлер чамасында Чүй облустук ИИБинин ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан жаңы төрөлгөн уулун саткан деп шектелип бир айым кармалды. Ал 1994-жылы туулган Айчолпон Шермамбетова аттуу Панфилов районуна караштуу Чалдыбар айылынын тургуну болуп чыкты. Тергөө учурунда кылмышка шектүү 2012-жылдын 14-декабрь күнү Москва райондук оорукананын төрөт бөлүмүнөн уул төрөп, арадан алты күн өткөн соң уулун сатып жибергенин мойнуна алган. Окуяны АЙЧОЛПОН мындай баяндайт:
– Мен туугандарыма таарынып үйдөн чыгып кетип, сойкулук менен алектене баштадым. Арадан бир нече күн өткөн соң боюмда бар экенин билдим. Бирок эч чара көрбөй саунада иштеп жүрө бердим. Декабрь айында курсагым чоңоюп, билине баштаганда Роза аттуу тааныш эженикине келип жашап жүрдүм. Роза эже ошол маалда менден «балаңды төрөсөң эмне кыласың?» деп кызыгып сурады. Мен баламды бага албасымды билгем. Ошондуктан ага айтып, «эмне кылсам?» деп кеңеш сурагам. Ал болсо бир таанышы багып алганга бала издеп жүргөнүн айткан. Толгоом башталганда ал мени Беловодск айылына алып барды. Ал жактан уул төрөдүм. Анан уулумду Роза эжеге бердим. Ал баламды сүйлөшкөн адамдарга алпарып, мага 30 миң сом берди.
«ЭНЕСИН КӨРГӨН ЭМЕСМИН»
Ал эми баланы сатып алган Н.Б. аттуу айым бул окуя боюнча төмөнкүлөрдү айтты:
– Роза аттуу тааныш келин «менин бир тааныш кызым жакында төрөйт» деп жүрчү. Анан мен «бага алат бекен?» деп сурадым. Ал «жок, эже, бага албайт, бирөөгө берет окшойт» деди. Жолдошум экөөбүздүн 2 кызыбыз бар, уулубуз жок эле. Мен «багып алсам кантет, артыбызда туяк болот» деген ойго жетелендим. «Төрөсө мага береби?» десем, Роза «сизге жөн эле берет. Аны эмне кылмак эле?» деди. Анан 2-3 күндөн кийин кайра келип «эже, тиги кыз баласын
30 миң сомго сатам деп жатат» деп айтты. Мен үйгө келип күйөөм менен акылдашып, баланы алмакчы болдук. Ошентип, 2012-жылдын 14-декабрында ал кыз уул төрөдү. Ал ортодо төрөтканада жатканда мен ага дары-дармегине деп акча берип турдум. Баш-аягы 5 миң сомдой кетти. Анан төрөтканадан чыкканда 25 миң сом берип, баланы алдык. Ал кызды көргөн жокмун, Роза аркылуу сүйлөштүк. Таанышып, өзү менен деле сүйлөшсөм болмок, бирок ал кыз балам чоңойгондо келип талашпасын деп ойлоп, жолуккан эмесмин.
«КҮНӨӨСҮН МОЙНУНА АЛДЫ»
Бул факт боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага инспектору НУРБЕК ТОКТОСУНОВ буларды билдирди:
– Кылмышка күнөөлүү Айчолпон Шермамбетова күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Бүгүнкү күндө Чүй облусунун Москва РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 124-беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалды. Мындан тышкары бул кылмышка катышы барлар да суракка алынып жатат.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg