КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев: «ЖАШТЫГЫМДА ТАСМАДА ЖАКШЫ РОЛЬ ЖАРАТПАГАНЫМА ИЧИМ ТЫЗЫЛДАЙТ»

Бүт өмүрүн чыгармачылыкка арнап, кыргыз театрына да, кыргыз киносуна да салымын кошуп, бир канча образдарды жараткан инсандар арбын. Алардын бири –
КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев.

Туулган жылы – 1956-жыл, 12-январь
Тартылган тасмалары – «Бишкек, мен сени сүйөм», «Баатыр», «Шайтан араба», «Көк салкын», «Чиркин өмүр», «Нонсенс» жана башка
Театрдагы ролдору – «Ак боз ат» (Жанкозу), «Абийир кечирбейт» (Масадык), «Манастын уулу Семетей» (Семетей) жана башкалар
Учурда – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын башкы режиссёру

«КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОКИОСУНДА ӨТКӨН КҮН»
-Балалык дегенде, албетте, алгач көз алдыңда туулуп-өскөн мекениңдин элеси тартылат. Бир кезде Нарын шаарын «Кыргызстандын Токиосу» деп атап коюшчу. Түнкүсүн жарыктар жаркырап күйүп, азыркыдай свет өчөт деген жок эле.
Балалыгым таенемдин үйүндө өттү. Ал айтылуу манасчы Актан Тыныбековдун карындашы. Мага дайыма жөө жомокторду айтып берип чоңойткон сөзмөр, сөз баккан киши болчу.
Спортко аябай жакын болуп чоңойдум. Тоо боорунда ызгыта лыжа тээп, муз үстүндө коньки тээп, күрөшкө катышып, райондук, облустук, республикалык мелдештерди күтүп эле жүрчүмүн. Аракетимдин арты менен облустун чемпиону болууга да жетишкем. Чынында, үйдөгүлөр мени спортчу болсо керек деп ойлошчу. Бирок андай болбоду. Мектепти аяктаарым менен жан дүйнөм мени башка багытка тартып кетти.

«БОЮМ МАСЕЛЕ ЖАРАТКАН»
-Үйдөгүлөр ой-боюма коймок беле, мектепти аяктаарым менен «сенден мыкты врач чыгат» деп
Мединститутка сүйрөп келишти. Документтеримди тапшырып, экзаменге даярданып жүргөн кезимде Искусство институтунун жанындагы сейил бактан «Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга студенттер кабыл алынат» деген жарыя көзгө урунду. Жатаканага барып же бир уктай алсамчы?! Көзүм илинсе эле түшүмө Москва, Кызыл аянт кирет. Эртеси сынактын шарттары менен толук тааныштым да, Мединституттан документтеримди алып, өзүм самаган окууга тапшырдым. Жыйынтыгында сынактын 3 турунан өтүп, төртүнчүсүнөн кулап калдым. «Сенде талант бар, кийинчерээк кел, боюң кичинекей экен» деп ачыгын эле айтышты.
Чынында, ал кезде боюм 160 сантиметр гана болчу. Катарыбызда узун-узун кыздар турушат. Эмне кылмак элем, үйдөгүлөрдөн коркуп, калп эле күзгө чейин создуктурмак болдум. Оюмда эптеп күзгө жетсем, анан аскерге кетип калам дедим. Ошол маалда Щепкинден кулаган балдардан Кыргыз драма театрынын астындагы эки жылдык студия тууралуу угуп, ага тапшырдым. Бакен Кыдыкеева эже мени көрүп эле «сен өттүң» деп койду. Окуткан агай-эжейлер билет, баягы бою кичинекей Замирбек бир жылда 11 сантиметрге өскөн. Ошентип, бою узун жигиттердин катарында Ташкенттеги жогорку театралдык окуу жайга жөнөп кеттим.

«КУЛ БАЗАРГА ЧЫКЧУБУЗ»
-1-курсту бүтүп, каникулга келгенибизде Кыргызстандагы студенттердин «Каткан нандын калдыктарын талашып» деген ырын угуп алып, «студент болсо эле ошентип калабы?» деп аябай таң калган элек. Ачыгын айтыш керек, Ташкентте окугандар «кыйналдык, акча жок» деген доорду көргөн жокпуз. Ошол кезде Ташкентти «Город хлебный» деп коюшчу. Берекелүү шаар болчу.
Азыр Жаш Гвардия гүлбагында турган жалданма жумушчуларды көрүп таң калып жатпайбызбы. 70-жылдары эле Ташкентте «Кул базар» деген бар болчу. Сабактан кийин барасың, турасың. Кардарлар келишет, «тоокканамды салып бер, жүгүмдү түшүрүп бер» дешип. Иштеп акча таап, айрымдарыбыз китепче ачып, банкка акча салып чогултчубуз.
Институтту аяктап жатканымда агайлар «бул жакта кал. Октябрда Ленинградга же Москвага аспирантурага жөнөтөбүз» деп сунуштап калышты. Ал учурда үйлөнүп алган кезим эле, кабыргам менен кеңешип, «5 жыл артист болуп иштеп көрөйүн, колумдан келбесе педагогикага кетем» деп мекениме кайтып келе бергем.
Ал кезде өлкөбүздө 3, Нарында, Ошто, анан Бишкекте Кыргыз драма театры бар болчу. Буйрук экен, келерим менен Кыргыз драма театрына бөлүндүм. Ролдорду биринин артынан бирин жаратып отуруп, билинбей эле театрдын босогосун аттаганыма 40 жылга аяк басыптыр. Бул аралыкта театрда актёр, режиссёр-коюучу, көркөм жетекчи болуп иштедим.
Жашыраак кезимде «тасмаларда да роль жаратсам, трюктарды өзүм ойносом» деп кыялданчумун. Мүмкүнчүлүк болбоду. Бир чети, театрда жалаң башкы ролдордо ойногондуктан, бошотчу эмес. Экинчиден, жакшы роль буюрбады. Эки жолу башкы ролго бекитилип, тасма жаңыдан тартыла баштаганда негедир башкага алмаштырып салышты. Ошондон көңүл сууй түшүп, пробаларга барбай калдым. Акыркы жылдары гана окуучуларымдын сунушу менен тасмаларга тартылып келе жатам. Чынында, болуп-толуп турган убагымда жакшы роль жаратпай калганыма ичим тызылдайт. Эми биротоло карылыкка моюн сундум дебейм. Азыр да мен жаратчу ролдор толтура деп ойлойм.

«ТАГДЫРДЫН ТАМАШАСЫ»
-9-класста ыр дептер, альбом жасачу элек. Өткөндө айылга барганымда ошону ала келген элем. Ичин ачсам, биринчи бетине Муратбек Рыскуловдун сүрөтүн чаптап, аябай кооздоптурмун. Акыркы бетине болсо Бакен Кыдыкееванын сүрөтүн чаптаптырмын. Чынында, ал кезде артист болуу деген кыялымда да жок болчу. Азыр ойлосом, ички сезимим мени бул тармакка жетелеген экен. Тагдырдын тамашасын карабайсыңарбы, мен Муратбек Рыскулов, келинчегим Калича Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыкты алып жатпайбызбы?!

«УУЛУМ АЙБЕК ЭРТЕРЭЭК БИЗДИ КЕЛИНДҮҮ КЫЛСА»
-Келинчегим Калича Сейдалиева КРнын Эмгек сиңирген артисти, мыкты педагог. Учурда училищеде, институтта, мындан сырткары дикторлорго сүйлөө маданияты боюнча да сабак берет. Экөөбүз студияда да, Ташкентте да чогуу окудук. Анан бир күнү айттым, «экөөбүз бирге эле болуп келе жатабыз, бирге эле болуп келе жатабыз. Кел, түбөлүккө бирге бололу» деп колун сурагам. Түтүн булатканыбызга 35 жыл болду. Бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрдүк. Кызым учурда Түркияда орус тилден сабак берет. Неберебиз биздин колубузда. Уулум Айбек болсо музыка дүйнөсүнө аралашып, «Жаңы толкун» сынагына катышып, аздыр-көптүр элге таанылып калды. Айбек бала кезинен өз алдынча болуп өстү. Орус мүнөз, сөзгө жарды, сырга өтө бекем. Гезиттерге берген интервьюлары аркылуу уулума анализ жасап келебиз. Жакында бир тасмага тартылыптыр. Угуп, өзүнөн сурасам, «ии» дейт. «Качан барабыз анан?» десем, «кинотеатрларда жүрүп жатпайбы, бара бергиле» деп койду. Албетте, Айбектин жетишкендиктери бизди кубантат. Ошентсе да, жашы 27ге келип калды, келиндүү кылып сүйүнтсө экен деп чыдамсыздык менен күтүп жүрөбүз.

Дамира Арстанова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
40 жылдык өмүрүн театрга арнаган Замирбек Сооронбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
laliya26
2013-04-01 20:17:15
Менин апамдын группалашы, кесиптеши. Аябай жакшы адамдар деп айткан. Ал эми Айбек баласы экенин билип атам эми
0
Датка кыз
2013-04-02 09:18:14
Уулум эртерээк келиндүү кылса дейт. Угуп калгам, уулу Айбек Назгүл Токтакунова менен суйлошорун. Назира, Айбек, эми ата-эненин тилегин орундаткыла да журо бербей
0
Jonaruk
2013-04-02 14:26:45
Бир бирине топ келишкен уй було экен. Козтийбесин силерге.
0
magic1721
2013-04-02 21:50:28
жараткан ролдору эн сонун! бакубат таалай сизге
0
magic1721
2013-04-02 21:53:42
уулу Айбек "до+фа"да башкы ролду ойнойт
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан